Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:30

Казак кызы Омаровага АКШ сенатындагы сый жана сын


Сауле Омарова.
Сауле Омарова.

Казакстанда туулуп-өскөн, АКШ жараны Сауле Омарова 18-ноябрда Сенатта өзүнүн квалификациясын коргоду. Жыйын учурунда айрым конгрессмендер, айрыкча республикачылар партиясынын өкүлдөрү анын “советтик өтмүшүн” бир нече жолу эске салышты.

Омарова vs республикачылар

Ак үй Омарованын талапкерлигин расмий Финансы министрлигинин алдындагы Валюталык көзөмөл башкармалыгынын жетекчилигине ноябрдын башында сунуштаган. Бул орган АКШнын банк системасын көзөмөлдөйт.

Казакстандык 55 жаштагы Сауле Омарова АКШга 1991-жылы келген. Билими боюнча юрист, республикачыл президент Жорж Буштун тушунда кайсы бир убакка чейин Финансы министрлигинде иштеп, каржы маселесине байланыштуу Конгрессте бир нече жолу сүйлөгөн.

Анын талапкерлигине каршылар Омарованын социалдык медиада мурда жазган “радикалдуу” жана “социалисттик” билдирүүлөрүн эске салып келишет.

18-ноябрда сенаттагы угууда республикачыл мыйзам чыгаруучулар Омарованын балалыгы, жаштыгы анын ичинде советтик улан-кыздар академиялык жана карьералык келечегин жакшыртуу үчүн кирген комсомол уюмуна мүчөлүгү тууралуу да сурашты.

Омарованы катуу сындап келген республикачыл-сенатор Пэт Туми андан Советтер Союзу кыйраганга чейин МГУда (Москва мамлекеттик университети) кандайча окуп калганын, Карл Маркс тууралуу илимий макала жазганы тууралуу сурады.

Башка республикачыл сенатор Жон Кеннеди Омаровага “Мен сизди профессор деп айтарымды же жолдош деп айтарымды билбейм турам” деген фраза менен кайрылды.

"Профессор же жолдош?". АКШ сенаты казак кызы Сауле Омаровага суроо берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

Сенаттагы демократтар тескерисинче Омаровага болушуп, аны сынга алгандардын сөзүндө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШны каптаган “кызыл тоз-тополоңдун” белгилери бар экенин айтышты.

Демократ сенаторлор Омарова бул кызматка ылайыктуу экенин белгилешти, анын беделине атайлап көлөкө түшүрүүнү көздөгөн айрым республикачыл кесиптештерин айыпташты.

Мыйзам чыгаруучулардын комментарийлерине жооп берген Омарова коммунист эмес экенин, бул идеологияны “колдобой турганын” жана адам “туулган жерди тандай албасын” белгиледи.

Буга чейин Financial Times басылмасы Сауле Омарова өзүнө карата ашыкча сынды расизмден көрө турганын жазган.

"Мен жеңил бутамын. Иммигрантмын, аялмын, этникалык азчылыктын өкүлүмүн. Кадыресе акчаны көзөмөлдөөчүгө караганда менин тарыхым башка. Мени желмогузга айлантып, мазактоо жеңил”, - деген Омарова басылмага.

Сауле Омарова өзүнө асылгандарга өзүнүн советтик дипломун көргөзөрүн же көргөзбөй турганын айткан эмес. Бирок ал СССРде эркиндик болбогонун, дипломдук ишинин темасын өзү тандабаганын белгилеген.

"Мен Советтер Союзунда жашачумун. Ал жакта академиялык эркиндик болгон эмес, теманы мажбурлоо менен тандатышчу. Анда жазгандарымдын ошол кездеги дагы, азыркы дагы көз караштарыма эч тиешеси жок”, - деген ал британиялык басылмага.

Өзүн "жашыруун коммунист" деп айыптап, күмөн санагандарга Омарова сталиндик репрессиянын запкысын анын үй-бүлөсү да тартканын айтып жооп берген.

Сауле Омарова Конгрессте.
Сауле Омарова Конгрессте.

“Чоң энем Сталиндин айынан жетим калган. Анын жакындарын Сибирге айдашып, алар үйүнө кайтпай калышкан. Анын үй-бүлөсү билимдүү казактардан болгон. Партияга кирүүдөн баш тарткандары үчүн өлүмгө дуушар болушкан”, - деп жооп берген.

Ушул эле маекте Омарова совет доорунда эле коммунизм идеясына каршы болгонун белгилеген.

“МГУга жолум болуп өтүп кеттим. 18 жашта элем. Жыл ичинде башка курсташтарымдай эле антикоммунист болуп калдым. Жашыруун адабияттарды окучубуз. Pink Floyd тобунун ырларын укчубуз. Анда бул аракет мыйзамсыз болчу. Биз Солженицин (диссидент жазуучу-ред.) тууралуу сүйлөшчүбүз”, - деген ал.

Сауле Омаровага добуш берүү АКШ сенатында жакынкы жумаларда өтөт.

Бешке окуган кыз, МГУ жана Стэнфорд

Чыгыш-Казакстан облусунун Орол шаарындагы Омарованын классташтары “Азаттыктын” казак кызматы менен маегинде аны тырышчаак жана акылдуу кыз болчу деп эстешкен.

Омарованын мектепти алтын медал менен аяктаганын, советтик окуучулардын баары эле бул ийгиликти багындыра албаганын белгилешкен.

“Ал абдан өжөр болчу. Мисалы, бир учурда дене тарбия мугалими ага начар баа кое баштаган. Сауле тырышып, көп өтпөй эле журналга жалаң беш коюла баштады. Бизден акылы менен өзгөчөлөнүп турчу. Ошол эле маалда жупуну жана адамгерчиликтүү эле”, - деп эскерет Сауленин бала кездеги курбусу Власта Коптелова.

Сауле Омарованын классташтары. Арткы планда солдон экинчи.
Сауле Омарованын классташтары. Арткы планда солдон экинчи.

Каптелова Сауле Омарова апасы жана чоң энеси менен жупуну турмушта жашаганын да айткан.

"Саулеге бир ирет апасы эски буюмдардан көйнөк тигип берген. Алардын жаңы кийим алганга мүмкүнчүлүгү жок эле. Бул окуя онунчу класста болгон. Анда биз модага ыктап калган куракта элек. Кийинчерээк Сауле кийим тиккенди үйрөнүп алды”.

Сауле Омарова мектепти бүткөндөн кийин Москва мамлекеттик университетинин философия факультетине тапшырган. Ал жерде эң мыкты студент катары Лениндик стипендияга илинген. 1989-жылы Сауле окууну аяктагандан кийин МГУда окутуучунун ассистенти болуп иштеген.

1991-жылы Советтер Союзу кыйрардын астында Сауле Омарова студенттерди алмашуу программасынын негизинде АКШнын Мэдисондогу Висконсин университетине бир семестрлик окууга барган.

“1991-жылы Советтер Союзу кыйрады. Ошондо кайда барарын билбеген студенттер көбөйгөн. Мен мамлекеттин келечегине абдан кайгыргам. Ошол эле маалда саясат таануудан Ph.D даражасын алуу үчүн окуумду улантып жаттым. Чынын айтсам, тагдыр чечүүчү убакта өлкөдөн кетип калганым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезем”, - деген ал NBC News каналына 29 жылдан кийин берген интервьюсунда.

1999-жылы 12-апрелде Сауле Омарова Мэдисон университетинде “Постсоветтик Казакстандагы мунайды саясий үнөмдөө” деген темада диссертациясын жактаган.

Анда Казакстандын 1992-жылдан 1998-жылга чейинки мунай саясатын изилдеген Омарова Советтер Союзунун мурдагы мунайга бай мамлекеттери: Орусия, Азербайжан, Түркмөнстан менен салыштыруу жүргүзгөн. Автор Орусиянын советтик мезгилде өнүккөн мунай өндүрүшү активдүү менчиктештирүүгө кетсе, Азербайжан менен Түркмөнстанда бул тармак улутташтырылганын белгилеген. Казакстан улуттук «КазМунайГаз» компаниясын түптөп, бирок жеке секторго артыкчылык берген.

“Казакстандын авторитардык өкмөтү инвесторлорго жагымдуу мыйзамдарды кабыл алган. Орусияда мындай демилгелер солчулдар үстөмдүк кылган Думанын каршылыгына кабылып турган”, - деп жазган ал диссертацияда.

АКШда Сауле Омарова Мэдисон университетинен Макартур фондунун стипендиясын утуп алып, Стэнфорд университетинде бир жылдык стажировкадан өткөн.

Ph.D даражасын алгандан кийин Сауле “рыноктук шык-жөндөмгө муктаж" экенин айтып, юрист кесибине оогон. 2001-жылы Чикагонун Түндүк-Батыш университетинин доктордук даражасын алып, ал жерде дагы бир жолу мыкты студент катары таанылган. (cum laude, эң мыкты студенттердин 20 процентине бериле турган наам)

Сауле Омарова күйөөсү Тимур, уулу Айдын, апасы Саида менен. Бала кучактап турган адам Корнел университетинин бүтүрүүчүсү Аргын Искакбеков.
Сауле Омарова күйөөсү Тимур, уулу Айдын, апасы Саида менен. Бала кучактап турган адам Корнел университетинин бүтүрүүчүсү Аргын Искакбеков.

“Андан кийин мен Нью-Йоркто укук тармагында иштедим. Кокусунан банк укугу жана каржылык жөнгө салуу чөйрөсү менен таанышып калдым. Бул чөйрө мага абдан жакты. Ошентип юрист болгом”, - деген Омарова 2020-жылы жарыяланган интервьюларынын биринде.

Омарова академиялык чөйрөдөн Нью-Йорктогу финансылык маселелер менен алектенген Davis Polk & Wardwell эл аралык юридикалык фирмасына иштөө үчүн кеткен. Ал жерде беш жылдай эмгектенген.

2008-жылы Сауле айрым университеттерде чакырылган профессор катары укук жана финансы реформасы боюнча лекцияларды окуп турган. 2004-жылы Нью-Йорк штатында жайгашкан Итака шаарындагы Корнел университетинин профессору болгон. Азыркы күнгө чейин ал жерде лекция окуйт.

Омарованын банктарды коркуткан көз карашы

Өзүнүн эмгектеринде жана интервьюларында Сауле Омарова ири банктар финансы институттарынын рамкасынан чыгып, мунай жана металл өңдүү товарларды сата баштарын, бул мамлекет үчүн кооптуу экенин белгилеп келет. Ал финансы секторун жөнгө салууну мындай институттар эмес, мамлекет өзү ишке ашырышы керек деп эсептейт.

Республикачылар партиясынын өкүлдөрү Омарованы солчул көз караштагы адам катары карап атышат. Бирок анын азыркы туруму солчул демократтарга жагууда. 2007–2008-жылдары Сауле Жорж Буштун администрациясында Финансы министрлигинин кенже катчысынын кеңешчиси катары бир жылдай иштеген.

2008–2009-жылдары бүткүл дүйнөлүк финансы кризиси башталганда каатчылыктан куткаруу институттарынын биринде иштеп турган. Азыркы билдирүүлөрүндө Омарова ошол кездеги кризис үчүн гигант банктарды күнөөлөп келет.

Анын айтымында, “АКШнын фискалдык жана валюталык инфраструктурасы жөнөкөй жарандарга караганда финансы институттары жана анын корпоративдик кардарлары үчүн ыңгайлуу”.

“Карапайым адамдарга көрүүчүнүн ролу берилүүдө. Андай эмеспи? Эгер дагы кризис болсо биз тазалоочу болобузбу? Биз келип бардык чаң менен кирди тазалайбызбы? Бирок алар акчаны сарптарга жакын бизге бир столго отурууну эч качан сунушташпайт. Бул азыркы экономика жана финансыдагы башкы суроо”, - деген Сауле Омарова NBC News агенттигине.

2020-жылы “Элдик китеп: акчаны кантип демократиялаштыруу керек жана экономиканы каржылоо” деген макаласында Сауле Омарова АКШнын Федералдык резервдик системасы америкалыктар анда түз депозиттик эсептерди ача ала тургандай болуп реформаланышы керектигин айткан.

Омарованын айтымында, классикалык финансы системасында банктар депозитти насыяга бере турган акчанын суммасына жараша кармоого тийиш, бирок көпчүлүгү бул балансты сактабай федералдык резервге таянып келет. Ал федералдык кызмат көрсөтүү жарандарга түз кызмат кылса, ортомчу банктардын кереги жок экенин айтып келет.

Анын бул сөзү ири банктарды чочулатып, Омарованын кызматка дайындалышына ачык каршы чыгышууда. Банктар бирлиги Омарованын айтканы ишке ашса, азыркы банк системасы жок болорун эскертишет.

"Банктар адатта Ак үй финансылык жөнгө салуу кызматына сунуштаган талапкерлерге скептикалык көз менен карашат. Ири жана майда банктардын кызыкчылыктары бирдей эмес, андыктан бул ишенбестик дайыма эле жалпы талап болуп эсептелбейт. Бирок Байден Омарованын талапкерлигин сунуштагандан кийин Банктар бирлиги жапырт ага каршы чыкты", - деп жазды New York Times.

Америкалык банкирлер ассоциациясынын президенти Роб Николс Омарованын идеялары "америкалык комьюнити банктарды улутташтырууга алып келет" деген тынчсыздануусун билдирген.

"Биз анын банк системасын радикалдуу өзгөртүү идеясынан чочулайбыз. Азыркы банктар иштеп жаткан система ар түрдүүлүгү жана атаандаштыкка туруштук бере алганы менен дүйнөдө алдыда", - дейт ал.

Омарова криптовалютага да каршы чыгып келет. Анын сөзү боюнча бул көмүскө банктардын пайда болушуна жол ачат. Мындан тышкары технологиялык компаниянын иши мамлекет тарабынан жөнгө салынышы керек деп эсептейт.

Дагы бир маанилүү сунуш - Улуттук инвестициялык башкармалык түзүү. Жеке сектор узак мөөнөттүү системалуу айталы, климат же теңсиздик көйгөйүн чечүү ордуна, пайда тапканга гана кызыкдар дейт ал. Омарова башкармалык мына ушул чоң маселени чечет деп түшүндүрөт. Постсоветтик аймакта анын бул сунушун СССРдин мамлекеттик планы менен салыштыргандар да бар.

Резюмесиндеги маалыматка таянсак, Сауле Омарова 2013-жылы Конгресске финансы жана технология боюнча көрсөтмө берүүгө алты ирет чакырылган. 2018-жылы ал конгрессмендерге финтех, 2019-жылы Фейсбук боюнча суроолорго жооп берген.

Талапкерлиги өтсө, Омарова АКШда бул кызматты башкарган биринчи аял болуп калмакчы. Башкармалык миңден ашык ири банктарды көзөмөлдөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG