Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Санкт-Петербургдагы калайман мушташ: эки кыргыз жараны камалды


Санкт-Петербургдагы мушташ тартылган видеодон алынган скриншоттор.
Санкт-Петербургдагы мушташ тартылган видеодон алынган скриншоттор.

Орусияда кыргыз-тажик жарандары катышкан калайман мушташка байланыштуу полиция кылмыш ишин козгоду. Расмий кабарга ылайык, эки кыргызстандык камакка алынган. Ондогон тажик жарандары да камалганы да айтылууда, бирок расмий бышыктала элек.

Кезек талаштан чыккан мушташ

Мушташ тууралуу а дегенде ВЧК-ОГПУ Телеграм каналы маалымат таратып, 3-июнда "Лахта борбор" деп аталган коомдук-ишкерлик комплексинде башталган жаңжал көчөдө уланганын жазган. “Озоди” радиосу жаңжалга катышкан 380 адам полицияга жеткирилгенин маалымдаган.

Күбөлөр жөнөткөн видеолорго караганда, мушташта арматура, таш жана курулуш беткаптары да колдонулган.

“Натыйжада Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Полиция жана Улуттук гвардия мушташкандарды кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүздү жана мушташтын болжолдуу төрт уюштуруучусу аныкталды” деп жазды ВЧК-ОГПУ Телеграм каналы.

Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлү, окуядан кабардар Аман Токтобековдин айтымында, камакка алынган эки кыргыз жаранынын бири Ош, экинчиси Жалал-Абад облусунун тургуну.

“Экөөнү эки айга камакка алыптыр. Мушташ кезек талашуудан чыккан. Тажикстандыктар көбөйүп кеткен. Ошол жердеги курулушта иштегендерден башка да тажиктер келип, жаңжал күчөп кеткен. Кыргызстандыктар аз эле болгон”, - деген Токтобеков камакка алынгандардын көбү тажикстандыктар экенин кошумчалады.

Кыргызстандыктарга адвокат жалдаш үчүн диаспоранын өкүлдөрү каражат чогултууда.

Элчилик окуядан кабардар

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттардын калайман мушташына байланыштуу 7-июнда маалымат берди.

Анда полицияга жеткирилгендердин арасында беш кыргыз жараны болгону, алардын үчөө тергөө аяктаганча эч кайда чыкпоо шарты менен кое берилгени, калган экөө камалганы жазылган. Полиция бул фактыга байланыштуу "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.


"Элчиликтин өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын активисттери менен бирге "Лахта борборго" барып жумушчулары бул мушташка катышкан "Прайдекс" ишканасынын өкүлдөрү менен жолукту. Тараптар мындан ары ушундай окуяларга жол берилбеши керектигин, алдын алууну талкуулашты. Мыйзамсыз иш-аракеттердин болтурбоо максатында элчилик, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен "Прайдекстин" жумушчуларынын жатаканасына барып, ал жактагы кыргыз жарандары менен жолукту. Анда укук бузбоо тууралуу баарлашуу болду",- деп жазылган маалыматта.


Орусияда буга чейин дагы Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар мушташкан, кыргыз жарандары камалган учурлар катталган.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда бир миллиондон ашык кыргызстандык жаран иштеп, жашап жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG