Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

"Саат тынбай чыкылдайт. Жашоо үчүн күрөштө жеңилип баратабыз"


Өрттөнүп жаткан токой. Иллюстрациялык сүрөт.
Өрттөнүп жаткан токой. Иллюстрациялык сүрөт.

6-ноябрда Египеттин Шарм-эл-Шейх шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун климаттык саммити башталды. Ал 18-ноябрга чейин уланат.

Быйыл Африка континентине чогулган дүйнө лидерлери, эксперттер жана адистер табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу үчүн өнүгүп келаткан өлкөлөргө триллиондогон доллар зарыл экенин талкууламакчы.

"Климаттык тозокко өзүбүз эле чуркап баратабыз"

7-ноябрда БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш саммиттин ачылышындагы сөзүндө, жакын арада планетанын калкы сегиз миллиардга жетерин билдирип, климатка кам көрүүдө тынчыбай жаткан согуштар олуттуу тоскоол болуп жатканын баса белгиледи.

“Саат тынбай чыкылдап жатат. Биз жашоо үчүн күрөштө жеңилип баратабыз. Булганыч газдардын эмиссиясы көбөйүүдө. Абанын температурасы улам жогорулап, биздин планета өтө тездик менен алдын алууга мүмкүн болбогон климаттык хаоско жөнөдү. Биз климаттык тозокко карай өтө тездик менен өзүбүз эле чуркап баратабыз. Украинадагы согуш, дагы башка кандуу кагылышуулар дүйнөнүн чар тарабына олуттуу таасир этти. Бирок климаттын өзгөрүүсү өзгөчө күн тартибинде, өзгөчө орунда туруп, биздин доордун келечегин аныктайт. Биз жашап жаткан кылымдын эң негизги көйгөйү. Бул маселеге көз жуумп коюуга мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндөгү көптөгөн согуштар дал ушул климаттык хаостун айынан тутанууда. Украинадагы согуш мунайзатка болгон көз карандылыкты айгинелеп койду. Азыркы көйгөй менен экологиялык маселелердин жүзүн жаап коюу туура эмес", - деди Гутерриш.

Шарм-эл-Шейхтеги жыйын Париж келишимин ишке ашыруу шарттарын талкуулоо менен башталды. Дүйнө лидерлери соңку учурдагы энергетикалык көйгөй, Пакистандагы суу ташкыны, тамак-аш тартыштыгы, геосаясий тирештер жана чыңалуулардын климаттагы ордун талкуулап жатышат. Жыйынга катышкандар зыяндуу газдардын эмиссиясын ооздуктоо боюнча чаралар жетишсиз болуп жатканын белгиледи.


БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык тобу маалымдагандай, ушул кылымдын соңуна чейин абанын табын 1,5 градус Цельсийге чейин чектөө үчүн алдыдагы 10 жылда көмүр кычкыл газын 2010-жылга салыштырмалуу 45% кыскартуу зарыл.

Бул климаттын өзгөрүшүнүн эң кооптуу кесепети болгон кургакчылыктын, аптаптын, катуу селдин алдын алуу үчүн маанилүү.

Согуш, акча жана азык-түлүк

Азык-түлүк, атмосферага чыккан ири өлчөмдөгү уулуу заттар темасын лидерлердин дээрлик бардыгы өз кайрылуусунда айтып өттү.

Монголиянын президенти Хурелсух Ухна дүйнөдөгү эң чоң көйгөй - тамак-аштын баасын көзөмөлдөө экенин белгиледи.

"Адамдар, тамак-аш жана жер кыртышы климаттын өзгөрүүсүнө карай жолдо бири-биринен такыр ажырабаган түшүнүктөр", - деген монгол лидери өз өлкөсүнүн ири шаарларын муунтуп жаткан булганыч аба тууралуу үн каткан жок.

Ошентсе да Монголия көмүр казууну азайтуу менен Глазгодогу саммитте белгиленген көмүр кычкыл газын кыскартуу саясатын улантып жатканын айтты.

Армениянын президенти Ваагн Хачатурян сентябрь айындагы Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кандуу кагылыш, анын Армениянын чек ара аймактарындагы экологиясына тийгизген таасири жөнүндө сөз кылды. Ал Армения да климаттын өзгөрүүсүнөн жабыр тарткан эң аярлуу өлкөлөр тобуна кирерин айтты.

Шарм-эл-Шейхтеги саммитте Украина климаттык сүйлөшүүлөрдө согуштун таасирине көңүл бурдуруунун аракетинде. Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азиядагы Climate Action Network уюмунун координатору Ольга Бойко Украинага урулган соккулар абаны ууландырып жатканын эскертти.

"Биздин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азияга кирген өлкөлөр арасында абага өтө аз өлчөмдө көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарган, бирок ошол эле маалда климаттын өзгөрүүсүнөн катуу жабыр тартып жаткан өлкөлөр басымдуу. Муну менен катар климаттын өзгөрүүсүнө олуттуу таасир этип жаткан өндүрүшү өнүккөн, уулуу заттарды азайтуу милдети чоң өлкөлөрүбүз да бар. Быйылкы жыл СОР өтүп жаткан мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзгөчө. Себеби биз Орусия Украинага ачкан чоң согуштун ичинде жашап жатабыз. Бул согуш саммиттеги сүйлөшүүлөргө ар тараптуу таасир этери бышык. Энергетикалык көйгөй, мунайзаттан баш тартуу маселелери сүйлөшүүлөрдүн өзөктүү бөлүгү болмокчу. Анын үстүнө согуш абага миллиондогон тонна уулуу заттарды бөлүп чыгарып, айлана-чөйрөгө эбегейсиз оор таасир этип жатканын да унутпашыбыз керек."

Борбор Азия: мөңгү, суу, жашыл энергетика

2021-жылы Британиянын Глазго шаарында өткөн климат саммитине Борбор Азиянын беш өлкөсү бирдей позиция жана талаптар менен чыккан. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жыйында тоолуу мамлекеттердин көйгөйлөрүн көтөргөн эле.


Быйыл Борбор Азиядан Тажикстан өзүнүн павильону менен жыйынга катышууда. Тажик президенти Эмомали Рахмон мөңгүлөр, суу запастары маселесин козгоду. Ал өлкөсү 93% тоолордон турарын, ошондуктан климаттын өзгөрүшүнө өтө алсыз экенин эскертти.

"Тажикстанда энергиянын 98% ашыгы гидроэнергетикадан өндүрүлөт. Тажикстандын мөңгүлөрү, анын ичинде тез эрип жаткан мөңгүлөр өлкөнүн суу ресурстарынын туруктуулугунда негизги ролду ойнойт", - деген Рахмон 2025-жылды мөңгүлөрдү коргоонун эл аралык жылы деп жарыялоону сунуштады.

Тажикстандагы экологиялык Little Earth бейөкмөт уюмунун жетекчиси Наталья Идирисова калктын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуусуна шарт түзүү зарыл экенин белгилейт.

"Тажикистан абага бөлүнүп чыккан уулуу заттарды азайтууга мындан да чоң салым кошо алат. Бул үчүн бийлик энергияны үнөмдөө жана аны туура колдонуу, альтернативдүү энергия булактарын, өзгөчө күндөн алынган энергияны көбөйтүү жаатында көбүрөк аракеттениши керек. Тобокелчиликтер улам артып бара жатканын эске алуу менен Тажикстан экономиканын маанилүү тармактарын жана жергиликтүү калктын климаттын өзгөрүүсүнө карата ыңгайлашуусун шарттоону күчтөндүрүшү керек".

Ал эми Казакстандын премьер-министри Аликхан Смаилов 2060-жылга чейин абаган чыккан көмүр кычкыл газын таптакыр жоюу милдеттемеси тууралуу эскертип, бул үчүн коңшу өлкө ушул жылдын аягына чейин жашыл энергетиканы өнүктүрүү стратегиясын кабыл алуу планын айтты. "Учурда жашыл энергетика өлкө энергетикасынын 3% гана түзөт. 2030-жылга карата пландаштырылган максат - жашыл энергетиканы 15% жеткирүү", - деди Смаилов.

Кыргызстан Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Аярлуу климаттын дүйнөлүк форумуна (Climate Vulnerable Forum) кирди.

4-октябрда чыккан бул чечим тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Бексултан Ибраимовдун аталган форумдун жыйынына жолдогон видео кайрылуусунда кабарлаган. Шарм-эл-Шейхте өтүп жаткан жыйынга Кыргызстандан барчу делегация дал ушул Аярлуу климаттын дүйнөлүк формунун отурумдарындагы өлкөгө керектүү каражаттарды талап кылуу процесстерине катышмакчы.

"Аярлуу климаттын дүйнөлүк форумуна мүчө болуу биздин өлкө үчүн өтө маанилүү кадам болду. Шарм-эл-Шейхте өтүп жаткан тараптардын конференциясында биз дал ушул форумдун алкагында климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга байланыштуу сүйлөшүүлөргө барып, каржылоо булактарына талап коймокчубуз. Айрыкча, быйылкы 27-жыйындын негизги темасы жоготуулар жана чыгымдар, аны каржылоо болгондуктан, бул уюм аркылуу Кыргызстанга адаптациялык каражат алып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат. Аярлуу фонддогу өлкөлөр менен чогуу климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу бир топ талаптар пландалууда".

БУУнун климатка байланыштуу конвенциясынын алкагында 1992-жылы алгач Рио-де Жанейродо "Жер саммити" өткөн. Окумуштуулар планета барган сайын ысып, өндүрүштүн айынан аба булганып жатканын, абанын табы көтөрүлгөн сайын адамзатка коркунуч жаралганын айтып чыгышкан. Бул көрүнүш айрым шаарларды жок кылып, көптөгөн аймактар жашоого мүмкүн эмес болору белгиленген.

Саммиттин соңунда БУУнун климаттык конвенциясы кабыл алынган, 1994-жылы ал ратификацияланган. Азыркы учурга чейин ага 197 өлкө кол койгон. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Конвенциянын максаты өндүрүштөн чыккан уулуу газдардын чыгуусун азайтуу болуп саналат. 1994-жылдан бери эл аралык жыйын ар кайсы өлкөдө өткөрүлүп келет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG