Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

Грузия: Саакашвили абактан ачкачылык жарыялады


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.

1-октябрь күнү кармалып, камакка алынган Михаил Саакашвили Рустав абагына жеткирилгени кабарланды. Маалыматтарга ылайык, Саакашвили ачкачылык жарыялап, Украин консулу менен жолугушууну талап кылган.

Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин камалганына кабатырлыгын билдирди. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Сергей Никифоров маалымдап, расмий Киев украин жаранына карата мындай мамилеси үчүн Тбилисиден түшүндүрмө сурап кайрыларын айтты.

Михаил Саакашвили 1-октябрда Грузияга келгенин жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин камалды. Бул тууралуу Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили 1-октябрдагы маалымат жыйында билдирди. Ал мурдагы президент кантип жана каяктан кармалганын айткан жок.

Украинада жашап жүргөн Михаил Саакашвили Грузияга кайтып келгенин 1-октябрда "Фейсбук" аркылуу жарыялады. Ал социалдык түйүнгө жүктөгөн видео кайрылуусунда Кара деңиздин боюндагы Батуми шаарында жүргөнүн белгилеп, элди 2-октябрда Грузияда өтө турган жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн партиясын колдоого, шайлоонун эртеси жүрүшкө чыгууга чакырды.

"Көрүп турасыңар, мен бул жакка келиш үчүн өмүрүмдү, эркиндигимди тобокелге салдым. Силерден бир нерсени гана күтөм: шайлоого баргыла жана "Бириккен улуттук кыймылына" добуш бергиле", - деди Саакашвили.

Саакашвилинин "Фейсбукка" жарыялаган видеосунан алынган сүрөт.
Саакашвилинин "Фейсбукка" жарыялаган видеосунан алынган сүрөт.

Мурдагы президент Грузияга кайтып бара турганын үч күн мурдагы видео кайрылуусунда билдирген.

"Грузиянын тагдыры чечилип жатат. Грузиянын келечеги сыноо алдында турат. Ошондуктан мен силер менен бирге болуп, силердин [саясий] эркиңерди коргоо жана Грузияны коргоого аралашуу үчүн 2-октябрга билет алдым", - деп айткан Саакашвили.

Аны улай Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили эгер Саакашвили кайтып келсе, ал дароо камакка алынарын эскерткен.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили.

"Саакашвилинин буту биздин жерге тиери менен ал кармалат жана түрмөгө жөнөтүлөт. Саакашвили сыртынан абакка кесилген жана ал түрмөдө отурууга татыктуу", - деп билдирген Гарибашвили.

Саакашвили президент болуп турганда "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" жана "парламенттеги оппозициячыл депутаттын сабалганын жаап-жашырган" деп айыпталып, 2018-жылдын июнь айында алты жылга сыртынан түрмөгө кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

Грузияда өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон бери бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы менен Саакашвили колдоо көрсөткөн оппозициянын ортосунда чыңалуу өкүм сүрүүдө. Оппозиция былтыркы шайлоо бурмаланганын билдирсе, бийлик мындай айыптоолорду четке каккан.

Быйыл 53 жашка толгон Михаил Саакашвили 2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабынан" кийин бийликке келген. Ал 2013-жылы грузин президенттигинен кетип, "Евромайдан" окуяларынан кийин Украинага келген жана бир нече убакытка чейин Одесса облусунун губернатору болуп иштеген.

Кийин мурдагы украин президенти Петро Порошенконун бийлиги менен келише албай калып, Украинанын жарандыгынан ажыраган. Украинада президент Владимир Зеленский кызматка киришкенден кийин Саакашвилиге украин жарандыгын кайтарып берген.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG