Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Москвада репрессия курмандыктары эскерилди


Репрессия курмандыгы болгон чоң атасын эскерген аял.
Репрессия курмандыгы болгон чоң атасын эскерген аял.

Октябрдын аягы Орусияда сталиндик репрессия курмандыктарын эскерүү күнү. Жекшембиде Москвада жүздөгөн адам 80 жыл мурда атылган, камалган туугандарын эскеришти.

...Петр Карпович, 43 жашта. Чоң атам. Москва облустук сотунун нотариусунун орун басары. 1938-жылы 26-майда атылган.

...Федор Васильев, Новгородка кыштагынын бригадири. 1938-жылдын 16-мартында атылган. Унутпайбыз...

Унутта калган репрессия курмандыктары

Унутта калган репрессия курмандыктары

Кыргызстанда 8-ноябрь – Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган. Бирок бул жылы да ал күн бийликтин көз жаздымында калды.

9-октябрда жүздөгөн адамдар Москвадагы Лубянск аянтында эртеден кечке репрессия курмандыгы болгон өз аталарынын, чоң аталарынын, ага-туугандарынын аттарын бирден атап, эскеришти:

- Менин чоң чоң атам атууга кеткен. Анын айынан чоң энем атасыз өсүптүр. Аны болсо эл душманынын кызы деп жээришчү экен. Мындайга эч качан жол берилбеши керек. Ошондуктан жок дегенде эскерүү аркылуу буга каршы экенибизди билдирип турушубуз зарыл, - дейт аянтка келгендердин бири Александра Дынина.

Иш-чара жарандык активисттер тарабынан он жылдан бери уюштурулууда. Бирок мында эскерилгендер Сталиндик саясий куугунтуктан ажал тапкандардын аз гана тобу.

1937-38-жылдарды кийинки учурда тарыхчылар чоң террор деп атап келе жатышат. Окумуштуулардын ырасташынча, ушул эки жылда СССР боюнча 7 миллиондой адам камакка алынып, анын 1 миллиондон ашууну атып өлтүрүлгөн.

Ал эми кандуу жазалоонун капканына 1920-жылдан Сталин өлгөн 1953-жылга чейин 40 миллиондон ашуун адам кабылган.

Советтик бийлик каяша айткандарды, өзгөчө ой-пикири барларды, өз улутуна жан тарткандарды жазалап, пролетардык бийликти бекем орнотууну көздөгөнүн тарыхчылар баса белгилешет. Бүтүндөй элди бир пикирге, бир багытка мажбурлоо кампаниясынын алкагында бөрк ал десе баш алгандар ыңгайдан пайдаланып, өзүнө жакпагандарды деле мамлекет душманы катары жазалап кете берген учурлар да аз эмес.

Тарыхый маалыматтарга караганда, сталиндик репрессиялар учурунда калкынын саны миллионго жетпеген Кыргызстандын өзүнөн эле 40 миң адам жок кылынган . Алардын арасында карапайым жумушчудан тарта илимпоз-окумуштуулар, республиканы башкарган жетекчилерге чейин болгон.

Сталиндин репрессиянын курмандыктары атылган "Ата-Бейит" көрүстөнү.
Сталиндин репрессиянын курмандыктары атылган "Ата-Бейит" көрүстөнү.

Бул статистикадагы ар бир сандын артында конкреттүү адам турса, анын артында армандуу ондогон үй-бүлө мүчөлөрү калды.

Сөзүбүз куру болбос үчүн “эл душманы” делип, өлүм жазасына тартылган кыргыз совет адабиятынын баштоочуларынын бири Сатыбалды Нааматов тууралуу коомдук ишмер Алмаз Акматалиевдин пикирине орун берсек:

- Сатыбалды атабыздын кызы менен жолуккам. “Бир түндүн ичинде бизди квартирадан чыгарып, сандык, жүгүбүздү эшикке алып чыгып, үйдү кулптап, кагаз илип кетип калышты. Ошондо жамгыр жаап аткан. Эшик суук, баткак болчу деген. Ошентип көчөдө калганда ичим ушунчалык күйдү эле. Ушунчалык ыйлап, ушундай да болобу дедим эле. Ошол сезимди, көчөдө суукта жамгыр алдында калганыбызды мен өмүр бою жүрөгүмдө алып жүрдүм” деп айтты эле.

Кычыраган суукта талаада калуу кыйынчылыктын бир гана ирмеми.

Сатыбалды Нааматов.
Сатыбалды Нааматов.

“Эл душманынын” кызы, уулу, аялы, тууганы делип жээрилгендер жарым өмүрүн куугунтукта өткөрүштү. Кийин гана, 1950-жылдардын аяк ченинен тарта алар акталып, коомдогу ордун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Жогоруда биз айткан Москвадагы эскерүү күнүнөн кийин активисттер интернетте #СталинДалПриказ деген хэштег белги менен акция өткөрүүнү да мерчемдешкен. Ал хэштег аркылуу ошол өлүмгө буйрулган, атасыз өскөн, коомчулуктун тепсендисинде калган адамдар тууралуу баяндоого болот.

Муну уюштуруучулар жыл сайын статистиканы эле эсептеп, куру эскерип койбостон куугунтукка кабылган ар бир тагдырга кенен орун берели дешет.

Бул акцияга албетте кыргызстандыктар да катыша алышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG