Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:34

Орусияда жетимиштей "дааватчы" кармалды


Москвадагы айт намазы.5-июль, 2016-жыл
Москвадагы айт намазы.5-июль, 2016-жыл

Орусияда "Таблиги жамаат" диний уюмунун 69 мүчөсү кармалды. Федералдык коопсуздук кызматы "Борбор Азиядан чыккандар жетектеген өтө жашыруун түзүмдү" колго түшүргөнүн билдирди. "Таблиги жамаат" диний уюмунун мүчөлөрү эл арасында "дааватчылар" деген ат менен белгилүү.

Кармалгандар кимдер?

Москва облусунда "Таблиги жамаат" уюмунун мүчөсү катары эсептелип, Орусиянын коопсуздук кызматтары камакка алган 69 адамдын жашаган жерлеринен экстремисттик маанайдагы адабияттар табылганы маалымдалууда. Кармалгандардын тек-жайы жана аларга тагылган айыптар боюнча толук маалымат бериле элек.

Тергөө комитетинин башкы башкармалыгы бешөөнүн аты-жөнүн ачыкка чыгарды. Москванын Кунцево сотунун чечими менен Али Ажиев, Жылдызбек Исмаилов, Кунан Турдиматов, Максат Бердикулов жана Али Зулушев эки айга камакка алынган. Тергөө жарандыгы расмий айтыла элек бул адамдар белгисиз тараптар уюштурган "Таблиги жамаат" уюмунун идеологиясы тууралуу сабактарга катышкандыгын аныктаган.

Москвадагы кыргыз элчилиги болсо кармалгандардын арасында кыргызстандык жарандардын бар-жогун тактоо максатында тийиштүү органдарга расмий кайрылуу жөнөтүлгөнүн билдирди.

Ал эми укук коргоочу Бахром Хамроев Москва облусунда кармалгандардын көбү өзбекстандыктар жана кыргызстандыктар экенин белгилөөдө. Укук коргоочунун айтымында, айрымдарынын жакындары юридикалык жардам алуу үчүн кайрылышкан:

- Камакка алынгандардын жакындары кечээ түндөн баштап байланыша башташты. Кармалгандар – өзбектер, тажиктер жана кыргыздар. Так сандары азырынча белгисиз. Буларды "экстремисттер", "террористтер" деп коюп, жалпы коомчулуктан толук маалыматты адаттагыдай жашырып, ачыкка чыгарышпайт. Мындай схема мурунтан эле иштеп жатпайбы. Ар бир аймактан бирден-экиден кармап, аларга айып тагып, кысым көрсөтүп, башкаларга каршы көрсөтмө алышат. Анан жыл аягында отчет бериш үчүн борбор азиялыктарды топ-тобу менен кармашат. Азыр жакындары айтып жатышат, "кармалгандарга адвокат киргизбей жатат" деп. Орусиядагы тергөө Өзбекстандагыдай эле абалга окшоп баратат.

«Таблиги жамаат» кыймылы 1926-жылы Индияда пайда болгон. Орусияда 2009-жылы экстремисттик уюм катары таанылып, анын өлкөдөгү ишмердигине тыюу салынган. Буга чейин аларга Тажикстан менен Өзбекстанда, 2013-жылы Казакстанда дагы чектөө киргизилген.

«Таблиги жамаат» уюму Кыргызстанда өлкө эгемендик алган жылдардан кийин пайда болгон. Бирок эч бир жерде расмий каттоодон өткөн эмес. Уюмдун борбордошкон түзүмдөрү жок, алар көбүнчө дааватчылар - үймө-үй кыдырып исламды жайылткан топтордон турушат. Былтыр декабрда Москвада «Таблиги жамааттын» жети мүчөсү кармалып, алардын алтоо кыргызстандык болуп чыккан.

Күмөндүү агымдардан алыс болуу чакырыгы

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бакыт Тополоңов кыргызстандык мигранттарга Орусияда тыюу салынган диний агымдар, адабияттар жөнүндө маалымат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын айтат:

- Орусияда уруксат жок экенин баары эле билишет. Интернетте таркаган видеодогу китептердин баары тыюу салынганын билишет. Бирок ушул «бизге тиешеси жок» дегендей кайдыгер болушат. Ушул нерселерди айтып жеткире албай жатабыз. Ошондуктан ушундай окуяларга дуушар болуп жатабыз. Москва мегаполис, бул жерде мечиттердеги жолугушуулар менен бир гана муфтият эч нерсеге жетишпейт. Ошого карабай, жылына он чакты дин аалымдары менен жолугушууларды уюштуруп, өкүлчүлүктө сабактарды өткөрүп келебиз. Өз алдынча намазканаларга барып, ошол жерде өз алдынча жолугушкандар чыгат. Белгисиз, кооптуу бир секталарга кабылып, туура эмес маалымат алып жаткандар чыгып жатат ошондойлордон. Адамдардын жан дүйнөсүнө таркаган вирустар болуп жатат.

Бакыт Тополонов
Бакыт Тополонов

​Дин өкүлү Орусияда жүргөн мигранттарды социалдык тармактарда жана байланыш каражаттары аркылуу чоочун адамдар менен байланышуудан, кооптуу фото-видео жана кабарларды бөлүшүүдөн этият болууга үндөйт.

- Орусияда мыйзам кабыл алынды. Азыр социалдык тармактан же "Вотсаптан" бирөөдөн келген кабарды, фото-видеону башкага жөнөтүп койсоң, ал материал «экстремисттик маанайда» деп аныкталып калса, ошон үчүн дагы жазага тартыласың. Ошондуктан мекендештер бирөөлөр менен сүйлөшкөндө, байланышып жатканда абайлаш керек. Муну деле айтып жатабыз. Этият болуш керек.

Мирбек Токтошев
Мирбек Токтошев

Адвокат Мирбек Токтошев Орусияда экстремисттик уюмдарды негиздөө жана мындай диний агымдарга мүчөлүк үчүн мыйзам чегинде каралган жазаларга токтолду:

- Административдик укук бузуудан баштап кылмыш ишине чейин козголушу мүмкүн. Экстремисттик диний уюмдарга катышкандарды эки жылдан алты жылга чейин соттоо же 300-600 миң рубл айыппул төлөө жазасы каралган, ал эми мындай уюмдарды түзгөндөр алты жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат. Кандай болсо дагы Орусияда бул кылмыш. Ошон үчүн кыргызстандыктар Орусияда жүргөндө мындай жамааттардан алыс болушу керек. Ошондой эле батирлерде, мечиттен же диний мекемелерден тышкаркы жайларда чогулуп алып намаз окуп, диний чогулуштарды уюштуруп, даават айтуудан алыс болуу зарыл.

Орусияда жалпысынан 250дөн ашуун эл аралык жана жергиликтүү уюм "экстремисттик" деген тизмеге киргизилип, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Орусиянын Жогорку Соту жыл башында «Жахаба күбөлөрү» диний агымын дагы «адам укуктарына коркунуч келтирип, коомдук тартипти, коопсуздукту бузууда жана алардын ишмердүүлүгүндө экстремисттик белгилер бар” деп аныктаган. Ошондой эле Түркиядан чыккан «Нуржулар» диний агымына дагы бөгөт коюлган. Кыргызстанда мындай тизмеде жыйырмадай диний агым жана уюмдар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG