Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Орусияда "жахабачы" алты жылга соттолду


Даниянын жараны Деннис Кристенсен сот залына кирип баратат. Орел шаары. 6-февраль, 2019-жыл.
Даниянын жараны Деннис Кристенсен сот залына кирип баратат. Орел шаары. 6-февраль, 2019-жыл.

Орусиянын Орел шаарында Даниянын жараны Деннис Кристенсен "Жахаба күбөлөрү" диний уюмунун жергиликтүү бөлүмүн жетектегени үчүн күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды. Соттун өкүмү 6-февралда чыкты.

Деннис Кристенсен “Жахаба күбөлөрү” Орусияда экстремисттик уюм катары таанылгандан бери ушундай айып менен кесилген биринчи адам.

Сот чечими чыккандан кийин залдагы "Рейтер" агенттигинин журналисти Деннис Кристенсенге "Орусияга келгениңизге өкүнбөйсүзбү?" деген суроо узатты:

- Жок мен эч качан өкүнбөйм. Мындай чечимди кабыл алганыма бактылуумун. Мен Орусияда жашаганыма сыймыктанам. Орусиялык досторумду жана орус элин жакшы көрөм. Буга эч качан өкүнгөн эмесмин. Келгениңер үчүн рахмат, - деп жооп кайтарды Кристенсен.

Орел шаарынын соту анын күнөөсү толук далилденгенин билдирип, аны алты жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.

Кристенсен аймактагы “Жахаба күбөлөрү” диний уюмун жетектегени үчүн "экстремист" деп табылып, эркинен ажыратылды.

Прокурор Иван Фомин Даниянын жараны Орусияда бул уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынганын билсе да таат окуп, жаңы адамдарды тартуу үчүн үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, диний адабиятты таркатып келгенин айтууда.

Кристенсендин адвокаты Антон Богданов кылмыш ишинин саясий мүдөөсү бардыгын айтты:

- Бул иштин саясий мүдөөсү бар. Анткени иш Кристенсен тутунган дин үчүн гана козголду. Сот процессинин жүрүшүндө тергөөчүлөр менен прокурорлорду “Сиз жахабанын күбөсү болосузбу? Сыйынууга бардыңыз беле? Тиешелүү диний темада сүйлөдүңүз беле?", - деген суроолор гана кызыктырды. Маселен, алар "Таат окуп жатканда жек көрүүчүлүктү, агрессияны, зомбулукту козутууга багытталган сөздөр айтылды беле?" деп бир да жолу сурап коюшкан жок. Кристенсендин иши бир гана Орел шаарындагы эмес, жалпы Орусиядагы дин эркиндигинин деңгээлин көрсөтүп турат.

Деннис Кристенсен сот залында. Орел, 6-февраль, 2019-жыл.
Деннис Кристенсен сот залында. Орел, 6-февраль, 2019-жыл.

​Соттун өкүмүн Кристенсен “адилетсиз жана акылга сыйбаган” чечим деп атады. Сотко Даниянын жаранын колдоп элүүдөн ашуун киши чогулду. Аларды көбү европалыктар.

“Жахабанын күбөлөрү” диний уюмунун Европадагы бөлүмү он күн ичинде соттун чечимине каршы доо арыз менен жогорку инстанцияларга кайрыла турганын билдирди.

46 жаштагы Кристенсен Орусияга он жыл мурда барган. Ал 2017-жылдын 16-майында Орел шаарындагы “Жахаба күбөлөрүнүн” чиркөөсүн тинтүүдөн кийин камалган. Сыйынуу маалында милициянын атайын отряды кирип барып, залдагы жүздөй адамдын арасынан жалгыз Кристенсенди кармашкан.

“Мемориал” укук коргоо уюму Кристенсенди "саясий туткун" деп тааныды.

"Amnesty International" баш болгон бир катар эл аралык уюмдар Кристенсенди бошотууну талап кылып, билдирүүлөрдү таркатышкан.

Деннис Кристенсендин аялы Ирина Кристенсен бийлик жолдошунун динге болгон ишенимин сындыра албасын билдирди:

- Динге болгон ишеним тескерисинче бекемдейт. Мындай сыноолордо ишеним күчөйт. Ишенимди абакта да эч ким сындыра албайт. Баш мыйзамда чогулууга, дин тутуу эркиндигине укугубуз бар экени жазылып турганы менен жашоодо андай эмес.

Деннис Кристенсендин аялы Ирина. Орел. 6-февраль, 2019-жыл.
Деннис Кристенсендин аялы Ирина. Орел. 6-февраль, 2019-жыл.

Орусиянын ​Жогорку соту “Жахабанын күбөлөрү” уюмун 2017-жылдын апрелинде экстремисттик деп тапкан. Бирок анын бөлүмдөрүнө мурда эле тыюу салына баштаган. Орел шаарындагы бөлүмүн сот 2016-жылдын октябрында жапканына карабай, “жахабачылар” жумасына эки жолу чогулуп турушкан.

Укук коргоочулар сот Орусиянын коопсуздугуна коркунуч келтирген бир да фактыга таянбай чечим кабыл алганын сындап келет.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин “Жахабанын күбөлөрүнүн” экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизилишин “болбогон кеп” деп атаган. Ал Адам укуктары боюнча кеңештин жыйынында бул маселени Жогорку соттун төрагасы менен биргеликте карап чыгарын билдирген.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "жахабачылардын" эсебинде, Орусияда алардын 170 миңдей жолдоочусу бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG