Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:11

Орусия Өзбекстанга курал жөнөтмөй болду


Орусия Өзбекстан менен Арменияга аскердик техника менен курал-жарак жөнөтөт, Тажикстан чек арасы аркылуу талибдерге курал-жарак өткөрүлгөнүн четке кагууда, Өзбекстан Ооганстанда тынчтык орнотууга киришти. Жума ичинде орусиялык басылмаларда жарык көргөн макалаларга сереп.

Дүйшөмбү четкен каккан айып

​"Росбалт" басылмасында "Дүйшөмбү "тажик чек арасы аркылуу талибдерге курал-жарак өткөрүлүп жатат" деген айыпты четке какты" деген макала жарык көрдү.

Өткөн жумада америкалык күчтөрдүн Ооганстандагы командачысы генерал Жон Николсон Би-Би-Си каналына берген интервьюсунда Орусияны "Ооганстанга Тажикстан аркылуу курал-жарак өткөрүп жатат" деп айыптаган.

Генерал Орусия менен Тажикстан ооган-тажик чек арасына жакын аймакта антитеррордук сыноолорду жүргүзгөндөн кийин курал-жарактардын бир бөлүгү «Талибан» кыймылына өткөрүлгөнүн айткан.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги "Орусия Тажикстандын чек арасын талибдерди курал менен камсыз кылыш үчүн колдонуп жатат" деген айыпты четке каккан. "АКШ "Орусия менен Иран «Талибан» кыймылын «Ислам мамлекети» тобуна каршы колдоп келет" деген ойдо" деп жазат макаланын автору.

Ал эми EurAsia Daily былтыр Ооганстанда депутат Абдувадуд Паймон "ооган-тажик чек арасынан «Талибан» кыймылына орусиялык курал-жарак өтүп жатат" деп айтып чыкканын эскерет.

Ташкент менен Ереванга курал

Орусия Өзбекстан менен Арменияга аскердик техника менен курал-жарак жөнөтүп жатканы тууралуу "Российская газета" жазды.

Быйыл Москва Өзбекстанга ондон ашык сокку уруучу Ми-35М учагын, ал эми Арменияга аскердик курал-жарак берүүгө макул болгон.

Ростов-на-Донуда жасалган Ми-35М учагы жогорку температурада тоолуу аймакта учууга ыңгайлуу, техника бир нече жолу жаңыланып, сокку уруучу дарамети күчөтүлгөнү баяндалат.

Ал эми Армения Орусиядан курал-жаракты 15 жылдык мөөнөткө алынган 100 миллион доллардын эсебинен сатып алып жатканы белгиленет. Учурда Казакстан да Орусиядан жаңы үлгүдөгү кыйратуучу "МиГ-35" учагын сатып алуу жөнүндө сүйлөшүп жатканы кошумчаланат.

Мирзиёевдин сунушу

"Независимая газета" "Өзбекстан Ооганстанда тынчтык орнотууга киришти" деп жазат. Ташкентте өткөн эл аралык жыйында Шавкат Мирзиёев расмий Кабул менен «Талибан» кыймылынын сүйлөшүүлөрүндө ортомчу болууга даярдыгын билдирген.

Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн эки тарап согуштук аракеттерден баш тартып, куралдуу оппозицияны саясий күч катары таануу сыяктуу шарттар коюлганы баяндалат.

Мирзиёев «Талибан» кыймылы Ооганстандын саясий турмушуна аралашуусуна шарт түзүш керек экенин, "андан соң ооган эли өлкөнүн келечегин добуш берип өзү тандашы керек" деген оюн билдирген.

Ташкенттин мындай сунушун Орусия, АКШ, Евробиримдик жана башка өлкөлөр колдогону айтылат. Саясат таануучу Шерзод Кудратходжаев Ташкент үчүн Ооганстанда тынчтык орнотуу аймактагы коопсуздуктан тышкары экономикалык кызыкчылыктар менен да коштолгонун белгилеген. Макаладагы маалыматка караганда, Өзбекстан Ооганстан аркылуу Перс булуңуна жана Инд океанына чыгып, соода-cатыкты кеңейтүүгө арзан деңиз жолуна ээ болот.

Түркмөнстан алдадыбы?

"Регнум" "түркмөн газынын көлөмү апыртылган" деп жазды. Түркмөн өкмөтү өлкөдөгү газдын запасын 50 триллион кубометрге баалап келет.

Макаланын автору мындай билдирүүлөр чындыктан алыс, Түркмөнстанда газ эки эсе аз деп эсептейт. Түркмөнстан Европага да, Индияга да көгүлтүр отун жөнөтүүгө даярдыгын билдирип, газ боюнча дүйнөлүк лидердин наамына ашыгып жатканы баяндалат.

Агенттик "түркмөн өкмөтүнүн айтканына ишенип, түркмөн газын алууга бел байлагандар ара жолдо калышы мүмкүн" деп жазат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG