Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

«Бирдиктүү Орусиянын» «талашсыз» жеңиши


Москвада үйдөн добуш чогулткандар.
Москвада үйдөн добуш чогулткандар.

11-13-сентябрда Орусиянын аймактарында жергиликтүү бийликти шайлоодо «Бирдиктүү Орусия» партиясы татыктуу жеңишке жеткени жарыяланды. 

Июлдагы конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө добуш берүү үч күнгө созулуп, Борбордук шайлоо комиссиясы алдын-ала добуш берүү ыкмасын «ийгиликтүү тажрыйба» катары баалады.

Орусиялыктар 18 аймакта губернаторлорду, 11 аймак менен 22 административдик борбордо жергиликтүү парламент мүчөлөрүн, андан тышкары бир мандаттуу төрт аймакта Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлашты.

Шайлоодо аймак башчылары менен губернаторлук кызматта убактылуу отурган «Бирдиктүү Орусиянын» өкүлдөрү баары бирдей кызмат орундарын сактап калганы жарыяланды. 11 аймактагы жергиликтүү мыйзам чыгаруу жыйындарында да адаттагыдай «Бирдиктүү Орусиянын», андан кийин КПРФ менен ЛДПРдин өкүлдөрү келишти. Бийликтеги партия үч гана аймакта – Томскиде, Новосибирскиде жана Тамбовдо мыйзам чыгаруучу жыйындарында көпчүлүк орундарга ээ боло албай калды.

Дмитрий Медведев.
Дмитрий Медведев.

Мурунку өкмөт башчы Дмитрий Медведев «Бирдиктүү Орусия» партиясынын мындай жеңишин «татыктуу көрсөткүч» катары баалады:

«Менин көз карашымда, бул бийликтеги партия өзүнүн кадыр-баркын сактаганынын далили. Эми партия элдин мүдөөсүн так аткарышы керек. Бул биздин миссия».

Ал арада Украинанын Тышкы иштер министрлиги аннексияланган Крымдын аймагында шайлоо өткөрүлүп, Севастополдо губернаторлукка «Бирдиктүү Орусиядан» Михаил Развожаев шайланганы боюнча нааразылык билдирди.

Ал эми шайлоо жараянына көз салып келген «Добуш» көз каранды эмес тобу добуш берүү көптөгөн мыйзам бузуу менен өткөнүн билдирүүдө. Анын маалыматы боюнча шайлоо комиссиялары байкоочулардан арыздарды кабыл алуудан баш тартып, шайлоочулардын тизмеси, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча актылар менен тааныштырбай койгон. Мындан тышкары добуштарды бурмалоо, топтоп урнага салуу аракеттери катталган. Жалпысынан мыйзам бузуу боюнча 1,6 миңдей арыз түшкөн. «Голос» кыймылынын жетекчилеринин бири Станислав Андрейчук буларды айтты:

«Мыйзам ачык эле бузулуп жатты. Шайлоо тилкелеринде агрессия күч алып, байкоочуларга кол көтөрүлгөн учурлар болду. БШК «билгениңерди кылгыла» дегендей».

Анын айтымында, июлда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү өлкөдөгү шайлоо системасын солгундаткан. Мисалы, «Петербург байкоочулар» «Телеграм» каналынын маалыматы боюнча шаардагы №967 добушкананын шайлоо комиссиясынын жетекчиси добуштарды урнага топтоп ыргытып жаткан учурларды айтып чыккан шайлоо комиссиясынын өкүлүн «колун сындырып коёрун» айтып коркуткан. Башка аймактарда да оппозиция талапкерлерине же өз алдынча байкоочуларга кол салуу болгон.

Мындан тышкары коронавирус илдетин жугузуп алуу коркунучуна шылтап, добуштарды автобустун ичинен, көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан топтогон учурлар катталган.

Элла Памфилова.
Элла Памфилова.

Борбордук шайлоо комиссиясы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген алдын-ала добуш берүү ыкмасын «ийгиликтүү тажрыйба» катары баалап, мекеменин төрайымы Элла Памфилова мыйзам бузуу тууралуу арыздардын көбү тастылбаганын белгиледи.

Оппозиция өкүлдөрү азыркы кезде Берлинде ооруканада жаткан Алексей Навальныйдын штаб башчылары - Томскиде Ксения Фадеева менен Андрей Фатеев, Новосибирскиде Сергей Бойко шаардык жыйындарга көпчүлүк добушка ээ болуп, депутаттыкка тандалышын «бийликке чакырык» катары баалап жатышат.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, эстен танып жыгылып, кийин Берлинге ооруканага жеткирилген. Расмий Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын маалымдаган.

Навальный шайлоо алдында Томскиде жергиликтүү бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» өкүлдөрүнүн байлыгы, өкмөткө таандык мекемелердеги коррупциялык чийимдер тууралуу иликтөө тартып жүргөн. Бул тасманы бир жума мурда Навальный эсине келе электе тарапташтары коомчулукка жарыялашкан.

Соңку шайлоодо 37 депутаттык орундун 32сине ээ болгон бийликтеги партия өкүлдөрү бул ирет көпчүлүк орундарга ээ боло албай калышты.

Орусиядагы жергиликтүү шайлоого көз салыш үчүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү чакырылган эмес.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG