Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Тажияга катышчулардын саны жана дин талабы


Босниялык муфтий жана имам көрүстөндө беткапчан куран окуп жатышат. Сараево. 3-август, 2020-жыл.
Босниялык муфтий жана имам көрүстөндө беткапчан куран окуп жатышат. Сараево. 3-август, 2020-жыл.

Маркумду акыркы сапарга узатуунун сапатындагы башкы маселе –– бул жөрөлгөгө катышкандардын санынын аз же көптүгүнө багыныңкыбы? Дин таануучу Элмурат Кочкор уулунун кезектеги сереби.

Ислам дини адамдын аң-сезимдик (руханий) өнүгүшүнө канчалык чоң маани бергени баарыбызга маалым. Курандын эң алгач «Оку!» деп буюрганы мунун эң чоң далили. Курандын калган аяттарын, Мухаммед пайгамбардын насааттарынын топтомун карап, жалпы талдоо жүргүзгөндө деле бул түшүнүктүү болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, исламдын мүдөөсү кишини көөдөнү таза, адеп-ахлактуу, аң-сезими жогору кылып тарбиялоо болуп саналат. Мындай кишини ислам философу, өзү Борбор Азиядан чыккан ойчул Абу Наср Фараби ат-Түрки «пазилеттүү (асыл-нарктуу, айкөл) киши» деп сыпаттаган.

Ар кандай диндер сыяктуу эле, ислам үчүн да артыкчылыктуу болгон бул баалуулуктар жалпы адамзатка таандык руханий баалуулуктар болуп саналат. Тактап айтканда, башка диндер сыяктуу эле, ислам үчүн да кишинин руханияты эң башкы орунда турат. Муну бир топ ислам ойчулдары да өз эмгектеринде ырасташат.

Абал ушундай болсо, киши жан берген учурдан тартып аткарылган (сөөктү жууш, тажия өткөрүү, жаназа намазын окуу, жерге берүү ж.б) жөрөлгөлөргө катышкандардын санын тактоо канчалык маанилүү? Бул суроолордун жообу нормалдуу шарттарда деле зор коомдук мааниге ээ болчу. Бүгүн, пандемия учурунда, бул маани эселеп артты.

Тажиянын жол-жосуну маркумга арналабы же тирүүгөбү?

Мусулмандык алкактан маселеге кылчайсак, тажия сөөктү түбөлүк жайга берүү чарасы менен гана чектелбестен, маркумдун аркасында калган жакындарына көңүл айтуу, алардын кайгысын азайтуу максатында уюштурулат. Кайгысын азайтуу кээде көңүл айтуу, кеп-кеңеш берүү, жылуу сөз айтуу менен болсо, кээде материалдык колдоо көрсөтүү менен да болот. Кыскасы, тажияга чын ыкластан маркумдун жакындарынын кайгысын азайтууга аттанган киши барууга тийиш...

Сиздер байкагандай, тажия жөрөлгөсү жасатка/сөөккө карата гана эмес, анын артында калгандарга, тирүүгө да кызмат кылып жатат... Киши жан берген соң анын денесине карата кылынган нерселер маркумдун акыретине дээрлик таасир этпейт.

Жаназа намазын окууну тажиянын бир бөлүгү катары карай турган болсок, мунун да кудум жогорудагыдай эле мааниге ээ экенин айтса болот. Классикалык булактарга таяна турган болсок, жаназа намазына катышуунун үч максаты бар. Алар – тазаккүр, тафаккур жана тадаббүр кылуу.

Тазаккүр – маркумдун мисалында өтмүштү эскерүү; тафаккүр – учурдагы абалга сересеп; ал эми тадаббүр – келечек тууралуу терең акыл калчоо, кылдат ой жүгүртүү, сабак алуу деген маанини туюнтат. Сиздер байкагандай, жаназа окуу озуйпасы да көбүрөөк тирүү адамдарды тарбиялоого багытталган жөрөлгө.

Исламдык мааниде маркумдун сөөгүн жууп-тазалоо, анын жаназасын окуу, аздектеп топуракка берүү – мусулманчылыктын каза болгон адамга берген баасын, баркын туюнтат. Кишини айбандан айырмалап турган – бул рух. Адамдын руху чыгып кетсе да, анын жасатына болсо деле аздектеп мамиле кылуу – тирүү калгандар үчүн маанилүү. Бирок муну апыртуу, аша чабуу максатка ылайык эмес.

Ислам кишинин жасатына караганда анын рухий дүйнөсүнө кам көрүүгө эселеп көп маани бергендиктен, шариятта жаназа намазы үч (бир киши окуса да жетиштүү деп эсептегендер бар) киши менен окулса жетиштүү деп белгиленген. (Бийик аска-зоодогу эки аңчынын же мухиттеги кайыктагы эки кишинин бири каза болсо, сөөктү жеткирүүгө мүмкүн болбосо, анда тирүү калган киши гана жаназаны окуйт эмеспи).

Коомчулугубуздагы айрым топтордо көзү өткөн кишинин аброю кээде маркумдун жаназасына чогулган калайыктын саны менен өлчөнүп калган. Албетте, бул туура эмес.

Үч киши менен окулган жаназа менен түмөндөгөн киши топурап чогулган жаназа намазынын диний өкүмү бирдей.

Сириянын президенти Башар ал-Асад менен Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев Фараби атындагы тарыхый-маданий борборду кезүүдө. Дамаск. 6-ноябрь, 2007-жыл.
Сириянын президенти Башар ал-Асад менен Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев Фараби атындагы тарыхый-маданий борборду кезүүдө. Дамаск. 6-ноябрь, 2007-жыл.

Улуу философ, түркстандык Абу Наср Фараби ат-Түрки айткандай, кишинин бейишке же тозокко кетиши тирүү кезинде кылган иш-аракеттеринен гана көз каранды.

Андыктан абдан көп кишинин жаназага катышуусу маркумдун акырет сапарга узатылышына аз киши чогулган жаназага караганда пайдалуу болору жөнүндөгү жоромолдор да туура эмес.

Эми айрым диниятчылар өзүнүн колдоочуларына онлайн дарс окуп, алар менен аралыктан видео аркылуу тикелей баарлашып жатат. Ал эми алыскы шаардагы же дубандагы жаназага өзү бара албай калгандар үчүн онлайн жаназага катышуу мүмкүндүгү талкууланууда. Эгерде VII кылымда Интернет, вай-фай, уюкфон, азыркы өнүккөн маалымат технологиясы болгон болсо, ушул онлайн усул деле турмушка ошондо эле киргизилет беле, ким билет?

Баалуулуктардын кармашы

Албетте, бир маркумду тууган-уругу менен жакшылап акыркы сапарга узатканга эмне жетсин? Бирок азыркы пандемиянын шарттарын эске алып, жаназа жөрөлгөсүн, муну менен катар бардык эле жөрөлгө, иш-чараларды минималдаштыруу – шарияттын талабы десек болот. Анткени, бул шарттарда бир тарапта кишинин өмүрү, саламаттыгы, ал эми экинчи тарапта минималдаштырып өткөрүүгө шарият уруксат берген жөрөлгө турат.

Курандагы баалуулуктар өңүтүн эске алсак, албетте, адамдын жанын, саламаттыгын биринчи кезекке коюш керек болот. Айта кетчү нерсе, шарияттын маанилүү эрежелеринен бирөө - мажбур болгон учурда пайдалууга караганда андан да пайдалууну, ал эми өтө зыяндууга караганда азыраак зыяндууну тандоо туура болот.

Жаназасына көп кишинин катышуусу – чындап эле, кандайдыр бир сыймык, аброй, маркумдун акыретин жакшырткан көрсөткүч боло турган болсо, анда Мухаммед пайгамбардын жаназасына өтө көп киши чогулмак.

Тарых булактарынын алгылыктуураактары ырастагандай, Мухаммед пайгамбардын жаназасын 17 киши гана окуган. Анткени Мухаммед пайгамбар дүйнөдөн кайтаары менен дароо бир жетекчи (халиф) шайлап алуу зарыл болгондуктан, калың журт шайлоого кеткен. (Бул окуя өзүнчө башка маселе болгондуктан, бул жерде ал тууралуу кеңири сөз кылбайбыз.)

Дароо белгилей кетчү нерсе, Мухаммед пайгамбардын улуулугу – анын жаназасына канча кишинин катышкандыгы менен эмес, асыл-нарктуулугу (пазилеттүүлүгү) менен өлчөнүүгө тийиш. Мусулман диниятчылары белгилешкендей, Мухаммед пайгамбар адамзатка адамгерчиликтүү жашоонун үлгүсүн көрсөтүү менен, Кудайдын алдында жаратылыш тапшырмасын так аткарды. Ислам теологиясында кишини өлгөндөн кийин эмес, тирүүсүндө сыйлап, бапестеп, аздектеген маанилүү.

Андыктан Мухаммед пайгамбар рухун тапшырып, Жаратканга кайткан соң, жаназа жамаатынын аз болуп калганына санааркап, Мухаммед пайгамбардын үммөттөрү катары жасалма өксүктүк психологиясына алдыруунун да кажети жок.

Мухаммед пайгамбардын жаназа намазы майда-майда жамаат болуп көп киши тарабынан окулгандыгы тууралуу риваяттар (аңыз кептер) да бар. Бирок бул риваяттарды тарыхый чындык катары көрүү илимий кылдаттыкка төп келбейт. Канткен күндө да Мухаммед пайгамбардын жаназасына миңдеген киши чогулбагандыгы - тарыхый чындык.

Айтайын дегеним, чындап эле жаназага көп кишинин катышуусу маанилүү болсо, менимче, эң чоң санда котолоп чогулган жамаатты Кудай оболу Мухаммед пайгамбарга насип кылышы керек эле да!..

Пайгамбардын жаназасына азганактай кишинин катышуусун шарттаган дагы бир фактор бар эле. Ал - ошол VII кылымдагы доордогу арабдардагы маданий түшүнүк болчу. Арабдарда адатта жаназа менен жакындары гана алектенип, жерге берчү. Муну жакшы түшүнгөн аттуу-баштуу сахабалар баш болуп, калың катмар жаназага жакындарын гана калтырып, өздөрү халифти шайлоого кетишкен.

Пандемиядагы тажия тууралуу

Жыйынтыктап айтканда, үч киши менен деле парзды орундатуу мүмкүн болгон жерге көпчүлүктү чогултуп, чоң жамаат менен жаназа намазын окутуштун өзгөчө зарылчылыгы жок. Учурда, таажы вирусунун айынан келип чыккан пандемиянын алдын алуу максатын эске алсак, анда той-топурду, иш-чара, чогулуш сыяктуу адамдарды бир жерге топтогон кадамдардан өзгөчө оолак болуп туруу - шарияттын деле талабы. Өзгөчө тажиялар башка түшкөн учурда да сезимталдык менен эмес, акыл-эстүүлүк менен жана тирүүлөрдүн да камын көрүү менен иш алып барышыбыз керек.

Азыркы тапта дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө таажы вирусунун илдети басаңдабай жатканынын эң башкы себеби катары коомдогу жоопкерчиликсиздик аталып жатат. Өзгөчө мисал кылчу болсок, калайык көп чогулган той-топур менен тажиялар көп кишиге бул алааматтуу вирустун жайылып кетишин шарттап жатат. Алсак, Түркиянын бир катар дубандарында (ил) тажия жөрөлгөсүнө чогулган көп кишиге вирус жугуп калганы тынчсыздануу менен белгиленди.

Христиан дүйнөсү деле ушундай маркумду акыркы сапарга узатуунун пандемия маалындагы чектелген түрлөрүн киргизди. Улуу Британия да тажия салтанатына катышууну эң көп дегенде 30 киши менен чектеди. Армения да ушул сыяктуу адам көп чогулган иш-чараларга, ырасымдарга катышкандардын киши санына карата атайын чектөөлөрдү киргизгендиги кабарланды.

2020-жылы ажылыкка барган жергиликтүү мусулмандар Каабаны аралыкты сактоо менен курчашты. Сауд Арабиясы.
2020-жылы ажылыкка барган жергиликтүү мусулмандар Каабаны аралыкты сактоо менен курчашты. Сауд Арабиясы.

Мамлекеттеги мыйзамды сактоо күчтүүрөөк болгон жерлерде той-топурду, иш-чараларды катуураак тартипке салып, тиешелүү деңгээлде чектеп келишет. Муну динине карабай жүргүзүшөт. Маселен, Сауд Арабиясынын бийлиги быйыл ажылык сапарга аттанам деген чет элдиктерге Мекени убактылуу жаап койбодубу.

Албетте, өзгөчө жакынынан айрылгандардын кайгысы күч болот. Бул окуяга карата кайгыга баткан кишинин же кишилердин өзгөчө сезимтал акыбалын эске алсак, кээде бийликтин чакырыгына кулак салбастан, топурап барып, белгилүү инсандын жаназасына туруп же башка динге тиешелүү жөрөлгөсүн чогуу өткөрүп, андан соң таажы вирусунун жайылышынын жаңы толкунуна себепкер болгон учурлар Пакистанда, Индияда, Израилде, АКШда жана башка өлкөлөрдө катталды.

Бул соңку жөрөлгөлөрдү тирүүлөрдүн эсенчилигинин камын көрүү аркылуу уюштурууну ар кандай диний жамаат да, бийликтер да, карапайым пенделер да аңдоосу абзел. Албетте, саламаттык сактооо жаатында кырдаал турукташканда, балким, кайсы бир тарыхый инсанды акыркы сапарга узатууга түмөндөгөн киши деле чогулушу ажеп эмес.

Элмурат Кочкор уулу

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG