Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:34

Мектепти мээлеген "Йакын инкар"


Сүрөт Ысык-Көл облусундагы "Йакын инкар" жамаатынын өкүлдөрү тууралуу тасмадан алынды.
Сүрөт Ысык-Көл облусундагы "Йакын инкар" жамаатынын өкүлдөрү тууралуу тасмадан алынды.

Бишкекте мектеп жашындагы балдардын билим алуу укугун толук камсыз кылуу боюнча кырдаал талкууланып жатат. Булан институту диний ишенимден улам балдарын мектепке жибербей, үйдө кармаган ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүүдө. Билим берүү министрлиги быйылкы окуу жылында республика боюнча эки миңден ашык бала мектепке тартылбай калганы аныкталып, учурда анын себептери иликтенип жатканын билдирди. Талкууга расмий өкүлдөр, мугалимдер, дин аалымдары катышты.

Акыркы убакта Кыргызстанда өздөрүн "Йакын инкар" тобунун мүчөсү деп эсептеген үй-бүлөлөр "мектеп программасы шариятка жооп бербейт" деп балдарын окутуудан баш тартып, бийлик өкүлдөрүнө өз шарттарын коё баштаганы маалым болгон. Алардын бири - өзүнүн диний көз карашынан улам мектеп жашындагы эки кызын мектепке жибербей келген Ысык-Көл облусунун Ананьево айылынын тургуну Бактыгүл Абдрахманова.

Бактыгүл Абдрахманова.
Бактыгүл Абдрахманова.

- Мен баары жакшы болушун каалайт элем, - деген эле ал журналисттер менен болгон маегинде. - Бирок балдарымдын мектепке барышы тууралуу мен Алланын мыйзамына каршы чыга албайм. Сабакка мен жөнөтөйүн десем, карабайсыздарбы, Конституция менен шарият окшош эмес да. Макул, Баш мыйзам менен эле жашай берели. Мен деле каршы эмесмин. Менин өз пикиримди айтканга укугум деле жок. Бирок, Алланын алдына барганда сурак бар да. Менден: "Эмнеге сен менин өкүмүм менен жашабадың? Эмнеге сен адамдардан корктуң?" деп балдарымды сураса, мен өзүмө жооп бере албай жатып, балдарыма кантип жооп берем?

Милициянын маалыматы боюнча буга чейин Ысык-Көл районунун Ананьево, Садыр аке, Темир жана Бостери айылдарындагы төрт үй-бүлөдөн сегиз бала мектепке барбай жатканы айтылган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү башында мындай үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, майнап чыкпагандарына айыппул салынып, айрымдары сот жоопкерчилигине тартылган.

Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова буга чейин балдардын мектепке барбай калышына жакырчылык, жумушсуздук себеп болуп келсе, бүгүн жаңы маселе жаралганын ортого салып, буларды билдирди:

Чолпон Орозобекова.
Чолпон Орозобекова.

- Булар ошол диний ишенимден улам балдарын мектепке жибербей, үйдө кармап жатышат. Мисалы, айылдарда башында алардын саны 1-2ден башталып, акырындан көбөйө баштады. Биз ошондуктан бул конференцияда коомчулукка коңгуроо кагалы деп чогултуп отурабыз. Бул жерге Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, диний ишмерлер, мугалимдер келди. Маңдай-тескей отуруп алып "Эмне кылыш керек?" деген маселени ортого салып жатабыз. Мисалы, Ысык-Көл районунда үч үй-бүлөнүн кожоюну соттолуп жатат. Эми аларды соттоо менен маселе чечилеби же чечилбейби - бул дагы чоң суроо.

Орозобекова мындай жагдай айрым жарандардын укуктук сабатсыздыгынан улам келип чыгарын, ата-энелер өздөрүнүн мыйзамдагы милдеттерин жана укуктарын билиши зарыл экенин белгилейт. Ал бул темада түшүндүрүү иштерин жүргүзүү муктаждыгы бар экенин айтты.

Кыргызстан дин башкармалыгынын мурдагы муфтийлеринин бири Чубак Жалилов бул темада салттуу мусулманчылык билим алууну четке какпай турганын айтып, мындайча далил келтирди:

Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов.

- Ислам пайгамбары өзүнүн хадисинде "билим алуу ар бир мусулманга милдеттүү" дейт. Эгер бир адам мусулман болуп туулуп калса - ал эркекпи, аялбы же гермофродит болуп туулуп калабы - айырмасы жок, алардын баарына билим алуу милдеттүү болуп эсептелет. Ал эми Улуу Жараткандын касиеттүү китеби Курани Каримде Кудай-Тааламдан "мекенди, ыйманды, абийир-намысты, келечек урпакты кылымдардан келе жаткан дөөлөттү сактап калыш үчүн колуңардан келген күчүңөрдү даярдагыла" деген аят келет. Демек диний ишеним эч качан, эч убакта билим алууга бөгөт койбойт. Тескерисинче, билим алууну милдеттүү, касиеттүү жана ыйык жумуш катары баалайт.

Педагогика илимдеринин доктору Жанкороз Каниметов айрым ата-энелердин диний ишенимге байлап, мектеп программасын тааныбай, өз балдарын окутпай жатканынын кесепети өлкө келечеги үчүн кооптуу болорун айтып, коомчулук бул маселеге олуттуу көңүл бурушу зарыл экенин эскертти:

Жанкороз Каниметов.
Жанкороз Каниметов.

- Муфтият классикалык ислам динин сактап калууга аракет кылышы керек. Ал эми жергиликтүү бийлик кайсы үй-бүлөнүн балдары эмне үчүн окубай жатканы тууралуу билип турушу зарыл. Ошондо гана биз жакшы нерсеге жетишебиз. Билим бүгүнкү күндө эң биринчи баалуулукка чыкты. Билимсиз өлкөнүн келечегин элестетүү мүмкүн эмес. Билимдүү адам гана жакшы жашай алат. Биз анын баркын билишибиз керек. Билимдүү өлкө гана өнүгө алат.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлшан Абдылдаеванын маалыматына караганда, быйылкы окуу жылында 2117 бала таптакыр окууга катталбай жүргөнү ырасталган:

- Алар кандай себептер менен мектепке катталбай калганы боюнча жергиликтүү органдар менен азыр чоң жумуштар жүргүзүлүп жатат. Мисалы, ошол эле 2117 баланын ичинен 300дөн ашык бала оорукчан болсо, медреселерде, мечиттерде, чиркөөлөрдө тарбияланып жаткан 866 бала да катталган.

Абдылдаеванын айтымында, учурда диний багытта билим алып жаткан миңге жакын бала окууну бүткөндө орто мектепти бүтүп чыкканы тууралуу жетилүү аттестаты берилбейт.

Кыргызстан Дин башкармалыгынын өкүлү Куштарбек Маматов өздөрүнө караган диний окуу жайларга окуучулар 9-класстын күбөлүгү менен кабыл алынарын, медреселердеги окуучулар мектеп программасын да окууну каалашаарын, тилекке каршы азыр ага шарт жок экенин маалымдады. Ал эми Ысык-Көлдөгү "инкарчылардын" окуясын дин башкармалыгы "жалпы исламдын көз карашы эмес" деп түшүндүрдү.

Булан институту буга чейин да медреселердеги билим берүү, мугалимдердин социалдык абалы, мектептердин шарттары тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп, талкууларды уюштурган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG