Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Тукум улоого болгон укук деген эмне?


Ымыркайды вирустан коргоо чарасы
Ымыркайды вирустан коргоо чарасы

Кыргызстандагы тукум улоочу саламаттык боюнча адис Бактыгүл Бозгорпоева үй-бүлө укугун таануу жаатындагы олуттуу маалыматты ортого салат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аныктамасы боюнча, тукум улоого карата укук – аял менен эркектин эркин жана өз алдынча балалуу болуу, кайсы учурда, кандай аралык менен наристени пландоого жана ага байланыштуу маалыматты жеткиликтүү алууга болгон укугу.

“Эркин жана өз алдынча” деген түшүнүк – кимдир бирөө тарабынан басымга, кысымга жана зордуктоого алынбай, болочок эне менен түгөйү көз карандысыз чечим кабыл алуусу дегенди билдирет.

Репродуктивдик (тукум улоочулук) укукка байланыштуу эл аралык жыйын 1968-жылы 23-майда Тегеранда болуп өткөн. Тегеран конференциясынын чакырыгынын 16-беренесинде ата-энелер баланын санына, төрөлүү убактысына өзүлөрү гана жооптуу деген аныктама камтылган.

Репродуктивдик укук боюнча алгач ирет 1994-жылы Каирде эл аралык калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү жыйынында сөз болгон.

Кыргызстанда “Атуулдардын репродуктивдик укугу боюнча” Мыйзам 2000-жылы кабыл алынган. Ошондон тарта аялдар кош бойлуулукту алдын ала пландоо, өз жашоосуна, айрыкча тукум улоого карата тандоосун эркин ишке ашыруу өлкөдө мыйзамдык шартта бекиген.

Каирдеги жыйынга чейин адамзаттын тукум улоосуна байланыштуу дүйнөлүк деңгээлде бир топ укуктук нормалар кирген.

Маселен, демографиялык көйгөйлөргө такалып калбай, биринчи орунга түгөйлөрдүн укуктары коюлуп, күтүлбөгөн кош бойлуулуктун алдын алуу, сексуалдык жана тукум улоочу саламаттыкты сактоо, кыз-келиндерге карата жыныстык зомбулук, төрөткө мажбурлоону токтотуу сыяктуу маселелер алдыга чыкты.

Анткен менен бул мыйзам кабыл алынганынан 20 жыл өтсө да аялдардын жыныстык жана тукум улоочу саламаттыгына байланыштуу укуктары азыр да бузулуп келет.

Бул гинекологиялык кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуу, мындай кызматтардын сапатсыз болуусу, медициналык адиске барууну чектөө, аялдын макулдугу жок бойдон алдыруу ж.б. өңүттөрдү камтыйт.

Болочок ата эне канча балалуу болорун жана алардын аралыктары канча экенин өзүлөрү гана пландап, чечим чыгарууга укуктуу.

Ушундан улам бул макалага аялдардын жыныстык жана тукум улоочу саламаттыгына байланыштуу эң негизги укуктарын чогултуп, Кыргызстанда аялдар кандай укуктарга ээ экенин түшүндүрүп берүүгө аракет кылдык.

“Атуулдардын репродуктивдик укугу жана аларды ишке ашыруу кепилдиги” мыйзамына ылайык ар бир аялдын төмөндөгүдөй укуктары бар:

  1. Контрацептивдерди колдонуу. Башкача айтканда, өзү тандап алган бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу. Дарыгер аялга бул жаатта кеңеш гана бере алат, бирок бойго бүтүрбөөчү каражаттардын тигил же бул түрүн эч таңуулай албайт.

Бойго бүтүрбөөчү каражаттардын түрлөрү

Салттуу:

  • барьердик (диафрагмалар; калпакчалар; спермициддер; презервативдер);
  • химиялык (спермициддер);
  • биологиялык (календардык, дене табына жараша жана цервикалдык ыкма);
  • жыныстык катышты токтото салуу.

Заманбап:

  • гормоналдык бойго бүтүрбөөчү каражаттар,
  • жатындын ичине салынчу бойго бүтүрбөөчү каражаттар.

Кайра калыбына келбеген түрү

  • хирургиялык стерилизация (аялдын жатын түтүгүн бууп коюу, же эркектин уруктугун байлап коюу).

  1. Хирургиялык ыкма күтүүсүз бойго бүтүүнүн алдын алат. Бул ыкманы эгер сиз мындан ары таптакыр балалуу болбойм деп чечсеңиз колдоно аласыз. Анда операция жасалып, аялдын жатын түтүкчөсү кесилет, же байланат. Бойго бүтүп калуу ыктымалы 0%га түшөт. Кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Андыктан аял алдын ала толук маалымат алышы керек. Эгер бул жолду каалабасаңыз, андан баш тартууга укуктуусуз. Стерилизацияны аялдын макулдугуна каршы жасоо мыйзамсыз болуп саналат жана аны ишке ашырган дарыгер же адам жоопко тартылат.

Операция төмөндөгүдөй учурда жасалат:

  • Аялдын жазуу түрүндө макулдугу берилип, кандайдыр бир медициналык тоскоолдуктар жок болсо;
  • Медициналык көрсөтмөлөр болуп, аялдын макулдугу менен жасалат. Мындай шартта анын балдарынын саны же курагы каралбайт.
  1. Тукум улоодо эркин тандоого укуктуу. Сиз өзүңүз же жолдошуңуз менен чогуу балдардын санын, алардын төрөлүү аралыгы менен убактысын пландоого толук укуктуусуз. Балдардын төрөлүү мөөнөтүнүн аралыгы 2,5 жыл деп сунушталат. Бул аралык аялдын саламаттыгы кайра калыбына келүү мөөнөтү болуп эсептелет. Кийинки кош бойлуулукка жана дени сак балалуу болууга аялдын организмин толук кандуу даярдоочу мезгил.
  2. Тукум улоочу саламаттыкты коргоо боюнча тейлөө жана маалымат алууга укуктуу. Сиз өзүңүздүн жыныстык жана репродуктивдик саламаттыгыңызга байланыштуу төмөдөгүдөй медициналык жардамды жана маалыматты өлкөдөгү бардык мамлекеттик жана менчик ооруканаларга кайрылып ала аласыз:
  • Өзүңүздүн жыныстык жана тукум улоочу саламаттыгыңыздын абалы тууралуу;
  • Бойдон алдыруунун алдын алуу жана анын кесепеттери боюнча маалымат алууга (бойго бүтүрбөөчү каражаттар, ыкмалар тууралуу маалыматтар, контрацептив түрүн тандоонун жеке жолу, акысыз, жеткиликтүү контрацептивдер, медициналык-психологиялык жардам);
  • Жыныстык жана тукум улоочу саламаттыкка байланыштуу кызматтарды алууга жана ыкмалар менен таанышууга;
  • Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын алдын алууга;
  • Медициналык кийлигишүүдөн кийин келип чыкчу ыктымал физиологиялык жана психикалык кесепеттер тууралуу алдын ала маалымат алууга;
  • Жыныстык жана тукум улоочу укуктарды ишке ашыра турган бардык маалыматты тоскоолдуктсуз алууга.
  • Тукум улоочу саламаттыкты сактоо жана бекемдөөгө багытталган иш чаралар жана акциялар тууралуу маалымат алууга укуктуу.
  1. Коопсуз кош бойлуулукка укуктуу. Сиз кош бойлуу учурда жана андан кийин мамлекет кепилдеген медициналык жана социалдык жардамды алууга укуктуусуз. Боюнда бар аялдар Мамлекеттик кепилдетилген программанын алкагында дарыгер жазып берген дары-дармектерди арзандатуу менен ала алышат. Төрөт маалында жаныңызда өнөктөш болуп же болбоосун өзүңүз тандоого жана төрөт учурунда ооруну сездирбөөчү дарылар сыяктуу каражаттарды колдонууну өзүңүз тандоого укуктуусуз. Медициналык кийлигишүүнүн бардык түрү СИЗДИН гана жазуу түрүндөгү макулдугуңуз менен ишке ашуусу керек. Бирок кош бойлуу учурда сиздин же түйүлдүктүн саламаттыгына коркунуч жаралса, анда бейтаптын жашоосун башкы бутага алуу менен медициналык адистердин кеңешмеси чечим чыгара алат.

6. Кош бойлуулукту токтотуу жана пландаштырылбаган бойдон алдыруудан кийин камкордукка алынуу укугу.

7. Тукумсуздуктун алдын алуу жана дарылоо укугу. Сиз медициналык жайлардын бардык түрүнө кайрылып, тукумсуздукту дарылоо жана алдын алуу боюнча кеңеш алууга, дарыланууга укуктуусуз.

8. Тукум улоочу технологияларга укук. Табигый жол менен бойго бүтпөй жатса, сиз репродуктивдик технологияларды колдонуу менен балалуу болууга акылуусуз. Милдетүү болгон шарт – сиз турмуш куруучу жашка жетип, медициналык жактан сизге кандайдыр бир тоскоол болуучу себептер болбоого тийиш.

Сиз өзүңүз дарыгердин кеңеши менен ыңгайлуу, сиздин талаптарга жооп берген жайды табууга укуктуусуз. Мыйзамдуу түрдө никеде турсаңыз, жолдошуңуз макулдугун жазып бериши керек. Никеңиз катталбаган болсо, анда жеке өзүңүздүн гана жазуу түрүндөгү макулдугуңуз талап кылынат.

Медициналык кызматкерлер тарабынан жасалма уруктандыруунун тигил же бул түрүнө мажбурлоо – репродуктивдик укуктуу бузуу болуп саналат жана мыйзам тарабынан жазаланат.

9. Карын эне (суррогаттык эне) ыкмасын колдонуу. Суррогаттык энелик ыкмасы же карын эне – ата-эненин тукум улоочу органдарынан алынган донордук түйүлдүгүн аны көтөрүп, 9 ай чоңойтуучу карын энеге салуу ыкмасы менен балалуу болуу. Мындай шартта түйүлдүктүн энеси медициналык себептерден улам балалуу боло албагандан улам карын эненин кызматын пайдаланат. Бул жолду карын эне менен нотариалдык жактан тастыкталган келишимдин негизинде гана ишке ашырса болот.

Сиз болочок балаңызды көтөрүп, төрөп берчү карын энени жашыңыз 20 жаштан 40 жашка чейин болсо, же жок дегенде өзүңүздүн бир балаңыз бар болсо, ошондой эле психикалык, физиологиялык жактан саламаттыгыңыз канаттандырарлык деген маалымкат менен гана тандоого укуктуусуз.

10. Илимий жетишкендиктерди колдонууга укуктуу. Кайсы бир медициналык уюмга кайрылуу менен сиз тукум улоочу жана жыныстык саламаттык боюнча Кыргызстандын мыйзамдары тыюу салбаган илимдеги натыйжалуу жаңы жетишкендиктерди алдын ала түзүлгөн келишим боюнча колдонууга укуктуу.

Ошентип, тукум улоочу укукка карата түшүндүрмө берүүдө Кыргызстандагы репродуктивдик укук аялдардын негизги тукум улоочу укуктарына байланыштуу, эл аралык адам укугу нормаларына дал келгип, бекитилген документ экенин баса белгилеш керек.

Үй-бүлөнүн репродуктивдик укуктары

Биз бул макаланы окуган ар бир кыргызстандык кыз-келиндер тукум улоочу саламаттыкка болгон өз укуктарын билип, аны коргой алуусун коздөйбүз.

Айрыкча, эне ден соолугун коргоодо, кош бойлуулук учурунда жана төрөт маалында, төрөттөн кийинки укуктарын аялдар толук кандуу билиши керек. Мажбурлап басынта турган ала качуу сыяктуу көрүнүштөргө жол бербөө зарыл. Себеби анын натыйжасында жыныстык байланышка зордуктоо болуп, бойго бүтүп калат. Себеби, тукум улоочу укуктардын эң негизги принциби – аялды Кыргызстандын толук кандуу жараны катары кабылдоо. Ар бир аялды сыйлоо жана коргоо менен келечектеги дени сак улутту камсыз кыла алабыз.

Бактыгүл Бозгорпоева,

тукум улоочу саламаттык боюнча адис.

Бул макала «Үй-бүлөнү пландоо боюнча кыргыз альянсы» коомдук бирикмеси тарабынан Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун көмөгү менен уюштурулган «2018 2022-жылдарга карата жыныстык жана тукум улоочу саламаттык» долбоорунун негизинде жарыяланды.

XS
SM
MD
LG