Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Карантинде ойлондурган насыя


Өкмөттүн маалыматына караганда Кыргызстанда коммерциялык банктар жалпы суммасы 52 млрд. сомду түзгөн насыяга каникул берди. Ошол эле маалда насыя төлөөдө айрым банктар жеңилдик бербей жатканын, кредиттерин төлөй албай калганын айткан адамдар көбөйдү.

Бишкек шаарынын тургуну Айсезим эжеси менен чакан насыя компаниясынан ушул жылдын башында акча алышкан. Карантин учурунда иши токтоп, насыяны төлөй албай калган бул кардарлар компания кырдаалды эске алган жок деп нааразы:

«Жездем жана менин күйөөм Орусияда иштейт. Азыр алар ишсиз калып, акча салбай калышты. Эжем 500 миң сомду айыл чарба иштерине, мен болсо үйдү оңдоого андан азыраак акча алганбыз. Экөөбүз тең тигүү цехинде иштечүбүз. Буга чейин эч кандай маселе жаралган эмес. Азыр эми абалыбызды түшүндүрүп айтканда, алар убактылуу төлөбөгөн кезде деле «үч айдын үстөк пайызын төлөшүңөр керек» дешти. Толугу менен эсептей келгенде акчасы мурдагыдан көп болуп жатпайбы ? Өкмөт ошондо кайдагы жардамды айтып жатат? Карантин бүтсө эле дароо иштеп, акча көп таап калбайбыз да».

Кыргызстанда насыянын акчасын төлөө мөөнөтүн жылдыруу маселеси карантин башталгандан бери көтөрүлүп келет. Буга чейин эпидемиологиялык кырдаалдан улам насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу, өзгөчө абал учурунда насыялардын үстөгүн токтото туруу тууралуу өтүнүч менен ишкерлер жана жеке жарандар Улуттук банкка, өкмөткө кайрылышкан. Улуттук банк насыя келишиминин шарттары кайра каралып чыга турган болсо, кошумча төлөмдөрдү алууга, насыясын убагында төлөй албай калгандарды айыппул төлөтүүгө убактылуу тыюу салынганын билдирген. Ошондой эле насыяны төлөө мөөнөтүн кеминде үч айга узарта туруу жөнүндө сунуш киргизилгени айтылган.

Мындан улам биз социалдык тармактардын колдонуучулары арасында банктар берип жаткан жеңилдиктер тууралуу сурамжылоо жүргүздүк.

Эки жүздөн ашык жоопко караганда, банктардын көбү төлөө мөөнөтүн үч айдан алты айга чейин узартып, ошол эле маалда бул аралыкта төлөнчү акчанын үстөк пайызын кыскарткан эмес. Башкача айтканда, кардар төлөй албай калган акчанын үстөк пайызын кийинки айларда кошумча төлөп берүүгө милдеттүү.

Сурамжылоого катышкандардын бири, Нарын обулусунун тургуну Каныбектин апасы комерциялык банктардын биринен 100 миң сом акча алган. Анын айтымында, алган насыянын үстөк пайызы ай сайын төрт миң сомду түзөт. Каныбек банктын мамилесине нааразы:

«Алар апама чалып, «акча төлөй албасаңыз арыз жазыңыз» дешиптир. Мен азыр банкка барууга болбой турганын, өкмөттүн билдирүүсүн айттым. Бирок алар ага көнгөн жок. «Төлөйсүңөр, болбосо кийинки айларда ушул төлөнбөгөн мөөнөттүн пайызын кошуп төлөйсүңөр» дешти. Андай болсо ай сайын төрт миңден кайра кошуп төлөө оор эле болуп калат. Ушундай түшүндүрүү иштерин жер-жерлерде, чакан шаарларда, айылдарда жүргүзүш керек. Банктар элдин маалыматы жоктугунан колдонуп мурдагы шартта эле төлөтүп жатышыптыр».


Өкмөттүн маалыматына караганда коммерциялык банктар жалпы суммасы 52 млрд. сомду түзгөн насыяга каникул берген. Ал эми каникул берүү сунушу менен банктарга жалпысынан 46 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөн.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев насыялардын үстөгүн алып салууга мүмкүнчүлүк жок деди:

«Банктар ишмердүүлүгүн үстөк акчанын жана депозиттердин эсебинен жүргүзөт. Мамлекетте насыялардын үстөк кенемтесин толтуруп берүүгө каражат жок. Ошондуктан насыялардын үстөгүн алып салууну да талап кыла албайбыз», - деди Асрандиев.

Вице-премьер-министр насыяларды төлөө мөөнөтүн үч айга узартуу боюнча Улуттук банктын сунуштамасын аткарбаган коммерциялык банктар тууралуу өкмөткө жана башкы банкка кайрылууну сунуш кылды.

Коммерциялык банктар биримдигинин төрагасы Анвар Абдраев насыя каникулун жарыялоо банктар үчүн оңойго турбасын, бирок алар кырдаалдан чыгуу үчүн ага барууга макул болуп жатканын белгиледи:

Анвар Абдраев.
Анвар Абдраев.

«Негизи кандай шарттарда каникул берилип жана аны төлөө кандай түрдө ишке ашарын ар бир банк өзү чечет. Бирок ал банк да башка эл аралык банктардан акча алып жаткандан кийин насыяны пайызы жок токтотуп тура албайт. Банк тутуму ишкер чөйрөгө жана жарандарга колунан келишинче жардам берет. Маселен, быйыл насыясы аяктап жаткан кардарлардыкын дагы бир канча убакытка жылдырып тууралы деп жатабыз. Эгер кааласа, төлөнбөгөн айлардын насыясын бардык айларга чачыратып төлөсө болот. Болушунча кардар үчүн ыңгайлуу шарттар каралып жатат».

Кыргызстанда жалпы 25 коммерциялык банк бар. Ал эми чакан насыя уюмдарынын саны 142, анын алтоо ири компания болуп саналат. Банктардын ишмердүүлүгү жана финансы кабарлары менен бөлүшкөн «Акчабар» порталынын өкүлү Мээрим Айныкеева насыя төлөө шарттарына токтолду:

Мээрим Айныкеева.
Мээрим Айныкеева.

«Банктар берип жаткан жеңилдетүү - кардарга туумду төлөтпөй жана насыя тарыхчасына төлөбөй калган учурларын киргизбөө. Мына ушул нерселер гана. Мүмкүнчүлүк болсо, насыя каникулун албай эле төлөгөн жакшы. Ар бир банктын шарты ар башка, өз ара мыйзамдары бар. Ай сайын насыяга туум кошулбаганы менен, пайыздык ченди ай сайын төлөтүп жаткан банктар бар. Ар бир жаран банк менен жекеме-жеке сүйлөшүп, келишимди так түзүп алышы керек. Жеңилдетүү дегенибиз менен чынында кардардын төлөгөн акчасы көбөйүүдө. Ошол эле учурда арыз жазып жаткан маалда кардар чынында эле ишсиз калганын далилдеп бериши керек. Маселен, азык-түлүк дүкөн ээлерине бул шарттар тиешелүү эмес».

Кыргызстанда соңку ирет 2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин бизнеси жабыркаган ишкерлерге бир жылдык салык жана насыя каникулу жарыяланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG