Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

Прокуратура "Клооп" басылмасын жоюу боюнча сотко кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жоюу боюнча арыз жазганы белгилүү болду. Бул маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы ырастап, иш сот өндүрүшүнө өткөнүн билдирди.

Прокуратуранын 22-августта жазган доо арызы бир апта өткөндөн кийин жарыя болду. Жоопкер уюмдун өкүлдөрү дагы доо арыз тууралуу бүгүн гана угушканын айтышууда.

Шаардык прокуратуранын арызынын биринчи бөлүгүндө Kloop.kg басылмасы учурдагы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын кескин сындап, терс пикир жаратып жатканы тууралуу жазылган. Басылманын 10 макаласын мисал катары келтирген. Доо арызда “Клооп Медиа” уюмуна карата кеминде үч эпизод камтылган.

Арыздагы маалыматтарга караганда, 2021-жылы 2-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгы Kloop.kg басылмасынын макалалары боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзгөн.

“Басылманын бир катар макалаларын чогултуп, талдоонун натыйжасында Улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалган. Соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын 2022-жыл, 11-ноябрдагы кортундусуна ылайык, “Клооп Медианын” макалаларында коомго чындыкка дал келбеген терс процесстерди таңуулап, учурдагы өкмөттүн бардык иш-аракеттерине оппозициялык маанай түзүү менен коомдун пикирин тымызын манипуляциялоо камтылган”, - деп жазылган прокуратуранын арызында.

Шаардык прокуратуранын арызынын экинчи бөлүгүндө “Клооп Медиа” коомдук фонду бейөкмөт уюм катары түзүлгөнү, бирок жалпыга маалымдоо каражаты катары расмий лицензияга ээлик кылбастыгы көрсөтүлгөн. Мындан улам, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам менен Жарандык кодекстин талаптарына ылайык, анын маалымат таркатуу милдетин аткаруусу мыйзамсыз болуп эсептелери белгиленген.

“Жарандык кодекстин 97-беренесине ылайык, эгерде юридикалык жак тиешелүү уруксатсыз же мыйзамды бузуу менен, же мыйзамда тыюу салынган ишмердик жүргүзсө, же мыйзамдарды кайра-кайра жана одоно бузса, же болбосо системалуу түрдө уставдык максаттарына каршы келген ишмердик жүргүзгөн учурда соттун чечими менен жоюлушу мүмкүн”, - деп негизделген прокуратуранын доо арызы.

Арызда “Клооп Медиа” коомдук фонду 2021-жылы Кыргызстанда эркин жана таза шайлоо өткөрүүгө таасир кылуу үчүн эл аралык уюмдан гранттык каражат алып, салык декларациясында анын жарымын гана көрсөткөнү тууралуу да жазылган.

Бишкек шаардык прокуратурасынан аталган доо арыздын чоо-жайы тууралуу кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы прокуратуранын доо арызы Октябрь райондук сотуна келип түшкөнүн, ал учурда соттук өндүрүштө экенин билдирди.

Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай иш-аракеттерине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинбей турганын билдирди.

“Бизди массалык маалымат каражаты катары катталган эмессиңер деген доомат болуп жатат. Бирок юристтерибиз кандайдыр бир маалыматты жарыялоо үчүн медиа катары катталууга милдеттүү эмес экенибизди билдирүүдө. Биз прокуратуранын дооматына каршы арыз жазабыз. Эгерде сот прокуратуранын тарабына өтсө, анда “Клооп Медиа” коомдук фонду жоюлат. Менимче, Клооп.кг басылмасы муну менен эле жабылып калбайт. Анткени биз онлайн иштейбиз да, ошондой эле форматта ишибизди уланта беребиз. “Клооп Медиа” фонду жоюлса, сайтыбызды да бөгөттөп салышы мүмкүн. Биз Кыргызстандын реалдуулугун эске алуу менен мындай кырдаалга мурдатан эле даярданып келгенбиз. Бизде “күзгү сайтыбыз” бар, окурмандарыбыз шилтеме боюнча ошол жакка өтүп, материалдарыбызды окуй беришет. Биз азыр доо арызды эле алдык, алдыда дагы кандай кадамдар жасаларына абай салып турабыз”.

Kloop.kg басылмасы санарип доордо бийликтин алар менен ушундай ыкмадагы күрөшү ийгилик алып келбейт деп ишенип турат.

Медиа серепчи Жаннат Токтосунова бийликтин эркин медианы жабуу иши өлкөнүн эл аралык аброюна олуттуу таасир этерин эскертет.

“Түздөн-түз президенттин сөзүнөн кийин жоюлушу – бул, албетте, эң жаман көрүнүш. Сөз эркиндигинин, демократиянын рейтингинде жана башка көрсөткүчтөрдө биз кандай абалда болорубуз түшүнүктүү болуп турат. Бирок эркиндик, сөз эркиндиги, демократия – мунун баары инвестициялык дагы, экономикалык дагы абалыбызга жана азыркы геосаясий оор абалда бизге дагы бир баланста кармалып туруу үчүн жакшы өбөлгө болмок. "Клооп Медианы" жабуу аракети эң бир туура эмес кадам болду. Кимге алданды, өзүнүн пикириби, же болбосо кеңешчилери менен маалымат саясатын жүргүзгөн адамдардын берген кеңешиби – кандай болгондо дагы, бул өтө туура эмес жана стратегиялык жактан осол кадам болду”.

“Клооптун” соңку иликтөөлөрүнүн биринде мамлекеттин жерине “Барселонанын” академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары, “Росатом” компаниясынын Казакстанда көмүр казган күмөндүү өнөктөшү аралашып жатканы жөнүндө сөз болгон.

Кийин президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде буга жооп берип, “Клооп” баштаган сайттарга кайрылып, аларды “жалаң негатив жазып, инвесторлорду качырып жатат” деп айыптаган.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG