Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:33

Президент Жапаров дааватка чыккандарга билимдин маанисин эскертти


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Имам Сарахси атындагы Борбордук мечитте, 15-март, 2024-жыл
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Имам Сарахси атындагы Борбордук мечитте, 15-март, 2024-жыл

Президент Садыр Жапаровдун өлкөдөгү диний кырдаал, айрым жат көрүнүштөр тууралуу пикири талкууга түштү. Мамлекет башчы исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирген.

Президент Садыр Жапаров диний жааттагы соңку билдирүүлөрдү өткөн аптада жаңы муфтий Абдулазиз Закиров жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкадыровду кабыл алган учурда жасаган.

Жолугушууда президент Жапаров Кыргызстан байистүү жана көп конфессиялуу өлкө экенин белгилеп, калктын 90% тутунган исламдын кечиримдүүлүк, айкөлдүк, толеранттуулук сыяктуу баалуулуктарын жайылтуудагы муфтияттын ролуна токтолгон.

Андан тышкары ал даават маселесин козгоп, айрым молдолордун жана дин аалымдарынын эл арасында кызуу талкуу жараткан жоруктары боюнча позициясын ачык айткан.

“Азыр шаарларда болобу, айылдарда болобу билимдүүсү деле, билимсизи деле башка улуттун кийимин кийип, көчө кыдырып динди айтып жүргөнүн көрүп жүрөбүз. Коомчулук арасында жат маданияттын, чаласабаттуулуктун кесепетинен ислам дини элге жаман көрүнүп, элдин бир бөлүгү башка баалууктарга, жаңы диндерге ыктап кетип жатканына күбө болуудабыз. Өткөндө Арстан Алай каза болгондо бир молдо аны табалап, “каапыр өлдү” дегендей сөздөрдү айтты. Бул абдан жат көрүнүш, таптакыр туура эмес. Пенденин ким каапыр, ким мусулман экенин Кудай өзү гана билет. Дагы бирөө “аялдын денеси көрүнсө базарда эт кымбаттайт” дейт. Ушундай да молдолор болду. Дагы бирөө “бир туугандардын балдары бири-бирине үйлөнө берсе болот” дейт. Буларды мен чаласабаттык деп эсептейм.”

Жапаров муфтиятты ушундай көрүнүштөр менен күрөшүүгө чакырып, "демократиянын урааны менен өлкөгө "Хизб ут-Тахрир", "Таблиги жаамат" өңдүү бир катар агымдар кирип, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып, жалпы ынтымакты ыдыратып жатканына" токтолду. Ошондой эле ысырапкорчулукту токтотуу да мусулмандардын бир милдети экенин белгиледи.

Президенттин сөзү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Айрыкча социалдык тармактарда анын дарегине "диний аалымдарга сөз тийгизди" деген тариздеги сын пикирлер айтылган. Мындан кийин Жапаров эки жолу түшүндүрмө берди.

15-марттын кечинде Жапаров Бишкектеги Имам Сарахси атындагы Борбордук мечитке барып, шам намазын окуп, келгендерге ооз ачар өткөргөн. Ал жерде да кыскача сөз сүйлөп, дааватка каршы эместигин белгилеген.

19-мартта мамлекет башчы “Кабар” агенттигине интервью берип, дин маселесине кайрадан токтолуп, “даават боюнча айткандары бурмаланып жатканын” айтты.

“Мен дааватка каршы эмесмин, дааватты колдойм. Молдонун, ажынын баласымын. Дааваттын зыяны жок. Дааваттан 90-жылдардан бери бир катар жарандарыбыз оң жолго түштү. Болгону дааватка чыккандарды зыңкыйтып кийинтип, сакал-мурутун тегиздеп, кандай гана суроолор болбосун жооп бере алган билимдүүлөрүн жиберсек жакшы болот эле. Илгери аалымдар (дааватчылар) динге эмес, илимге дагы үйрөтүшкөн. Ар кайсы тилдерди окуткан. Келгиле, дин менен катар элди илим-билимге да чакыралы”, - деди.

Диний аналитик, юридика илимдеринин кандидаты Нурлан Исмаилов өлкөдөгү диний кырдаал мамлекеттин көзөмөлүнөн такыр эле чыгып бараткандай таасир калтырат деген пикирде. Анын айтымында, президенттин сөзүн бурмалоо артында чоң күчтөр турушу мүмкүн.

“Президенттин ой-пикирин коомдо ар түрдүүчө бурмалап, бийлик менен диний уюмдардын, айрыкча, ислам аалымдарынын ортосунда от жакканга аракет жасаган өтө көп аракеттер жүрүп жатат, айрыкча, социалдык тармактарда. Менимче, социалдык тармактардын ары жагында белгилүү бир оюнчулар уюшкан иш алып барышууда. Булардын каржылык булактары да болсо керек. Кыргызстанда динди саясатташтыруу жана ал аркылуу конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирүүнү көздөшү мүмкүн. Ошондуктан мамлекеттик тийиштүү органдар буга жакшылап анализ жасап, тийиштүү чара көрүшү зарыл. Себеби президенттин сөзүнө өтө орой реакция жасашты”.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин мурдагы орун басары Канатбек Мурзахалилов акыркы учурда кайсы бир диний маселелерди айтып же жазуу, же болбосо кайчы позицияны карманып, талашуу "өтө опурталдуу болуп калды" деген пикирде.

“Президенттин айткан пикири дагы контексттен жулунуп Тик Токто кызуу талкууга алынып кетти. Биздин диний аалымыбыздын “аялдардын эти көрүнсө, базарда эт кымбаттайт” деген пикири да мурда эле талкууга түшүп, ага далай ирет түшүндүрмөлөр берилген. Ал эми президенттин аалымдардын билим деңгээли, диний саясат, ыксыз чыгымдарды кыскартуу, мамлекет менен диндин карым-катнашын жакындатуу боюнча айткандарын туура эле деп ойлойм. Даават маселеси, айрыкча, "Таблиги жаамат" жүргүзгөн даават буга чейин Коопсуздук кеңешине чейин каралган. Эң негизги Шанхай кызматташтык уюмуна, ЖККУга кирген мамлекеттерде “Таблиги жаамат” кыймылына тыюу салынган, эми Кыргызстанда да тыюу салынат экен” деген сөздөргө президенттин айтканы чекит койду го дейм. Себеби президент “дааватка каршы эмесмин, болгону тышкы кебетелерин оңдоп чыгышсын” деп айтканы муфтияттын бүгүн жүргүзүп жаткан саясатына туура келет деген ойлойм”.

Мурзахалилов муфтият буга чейин даават боюнча өзүнүн жобосун кабыл алганын, бирок, муфтиятка баш ийбеген айрым кыймылдар аны аткарбай жатканын, ошол себептүү Министрлер кабинети локалдык бир мыйзам же укуктук акт кабыл алып койсо, же азыркы мыйзамга өзгөртүү киргизсе жакшы болмок деген пикирде.

Президент мечитке барган убакта жаш балдарды кызамыкка каршы эмдетпей жаткан адамдар көбөйгөнүн, ага айрым молдолордун "вакцина курамында чочконун эти бар" деп туура эмес пикир таратканы терс таасирин бергенин айткан. Андыктан ал балдарды эмдөөгө диний аалымдар да өз салымын кошушу зарыл экенин белгилеген.

Былтыр кызамыктан тогуз бала чарчап калган, алардын баары эмдөөдөн өтпөгөндөр. Ал эми кызамык менен ооругандардын саны былтыр 7046 болсо, быйыл 1-январь менен 12-мартка чейин мезгилде эле 5446га жеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барган.

Ушундан улам министрлик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан, муфтияттан вакцина тууралуу талкуу жүргүзүп, дин өкүлдөрүн маалымат таратууга көмөктөшүүнү суранып келет.

2021-жылдын октябрь айында 2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.

Эксперт Мурзалилов ал документти ишке ашырууга каражат жетпей жатканын, андыктан айтылган изги тилек, коюлган максаттар кагазда калып келатканын белгиледи.

Кыргызстанда террорчул жана экстремисттик уюм деп сот тарабынан табылган 21 диний бирикменин ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

“Таблиги жамаат” уюму Шанхай кызматташтык уюмунан тышкары, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда да экстремисттик деп табылган. Кыргызстандын кошуна жана стратегиялык өнөктөш өлкөлөрү саналган Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда, Кытайда жана Тажикстанда уюмдун ишмердиги сот аркылуу токтотулган. Расмий Бишкек бул уюмга тыюу салууну колдобойт жана диний саясатын өз алдынча жүргүзүп келүүдө.

Мурдагы президенттер жана дин


Кыргызстандын үчүнчү президенти болгон Алмазбек Атамбаев бийликте турган 2016-жылы облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Салттуу ислам дининин баалуулуктары” аттуу жыйын өткөргөн. Анын ачылышында Кыргызстандын мамлекеттик гимни ырдалган. Баары ордунан туруп, мамлекеттик символго таазим эткени менен алдыңкы катардагы жоолук оронгон кыздар ордунан жылбай койгон. Алардын муну “Куранда гимн учурунда орундан туруу жазылган эмес” деп түшүндүргөнү коомдо сынга кабылган. Мындан кийин кыздар билим алган “Айша-Садык” медресесинин окуу бөлүмүнүн жетекчиси жумуштан алынган. Мындан көп узабай Бишкектеги негизги көчөлөрдүн бирине бети-башы чүмбөттөлгөн кыз-келиндерди сүрөтү менен "Кайран элим кайда баратасың?" деген баннер илинген.

Алмазбек Атамбаев намазга барган учур. 2013-жыл.
Алмазбек Атамбаев намазга барган учур. 2013-жыл.

Алмазбек Атамбаев 2017-жылы Ысык-Көлдөгү Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда “Алтай конушу” көргөзмөсүн ачып жатып, “кыргыз кызы эч качан жүзүн жапкан эмес” деген пикирин айткан.

Ушул эле жылы “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын ачылышында сүйлөп жатып "чала молдолор таза денеге чыккан чыйкандай болуп, Исламга көө жаап жатканын" билдирген.

- “Чала молдо дин бузат” деген байыркы сөз бар кыргыз элинде. Акыркы жылдары ошондой чала молдолор көбөйүп, аларды ээрчигендер андан бетер көбөйүп, биздин ыйык Ислам динибизге көлөкө түшүрүп, таза денеге чыккан чыйкандардай болуп өлкөдөн өлкөгө жайылып баратат. Эгер биз, мусулмандар өз ыйык динибиздин рухун, атын өзүбүз коргобосок, адашкандарга чындыкты айтпасак, динибизге, бүтүн мусулмандарга көлөкө келтирген чала молдолорго, бузукуларга, Исламдын ыйык атын жамынган баш кесерлерге, террористтерге каршы чыкпасак, анда ким каршы чыгат?”, - деген Атамбаев.

Атамбаевден кийин бийликке келген Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын башында дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат дүйнөбий принциптерге таянып жүргүзүлүшү керек деген пикирин айткан. Ошону менен катар мечит жана медреселерде эмне болуп жатканын көзөмөлдөөнү тапшырган.

Ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын ал убактагы төрагасы Зайырбек Эргешовду кабыл алып, диний уюмдар жана окуу жайлардын каттоосун кайра карап чыгып, алар менен иш алып барууну жандандыруу маселесин да көтөргөн.

Бишкектеги "Имам Сарахси" мечитин Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен чогуу ачып жатканда Сооронбай Жээнбеков өлкөдө “мечиттердин көп болгону жакшы, себеби мечит көп болсо ыймандуулар көп болот” деген мааниде сөз сүйлөгөн.

Сооронбай Жээнбеков мечиттин ачылышына барган учур. 2-сентябрь, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков мечиттин ачылышына барган учур. 2-сентябрь, 2018-жыл.

“Бизде ушундай мезгил болгон, бизден кийинки муун муну билбей калды – “Ля Иляаха илла Ллах, Мухаммадур расулю-Ллах” дегенди айткандан коркчубуз. Аны да ичибизден шыбырап айткан заман болгон. Биз аталарыбызга куран окутуп мүрзөгө бара албаган заман болгон. Биз мечитке кирип эмес, үйдөн намаз окугандан корккон заман болгон. Мына ушулардын баары артта калды. Кудайга чексиз шүгүрлөр! Бүгүнкү заман бул башка заман. Биздин мамлекет бүгүн башка мамлекет. Мына азыр эч кандай тоскоолдук жок. Кыргызстанда мектептен мечит көп. Бул дагы жакшы көрүнүш. Кээ бири айтат: “мектептен мечит көбөйүп кетти” деп. Мечит көбөйсө ыйман, ыймандуу балдар көбөйөт. Медресе көбөйсө ыймандуу жаштар көбөйөт. Бирок биз ушулардын баарын туура жолго салышыбыз керек. Азыркы тышкы коркунучтарды, терроризм, экстремизмди эске алып, биз ата-бабабыздан келаткан ынтымактуу, салттуу динди катуу карманышыбыз керек", - деген Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбековдун мындай пикири коомчулукта, эксперттер арасында кызуу талкуу жараткан.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG