Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:06

Президенттин уулу саясатка киришип жатабы?


Өзүн шайлоочулардын тизмесинен издеп жаткан жаран.
Өзүн шайлоочулардын тизмесинен издеп жаткан жаран.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 7-сентябрда президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам парламенттик шайлоого камылга көрүп, ар кандай жолугушууларды өткөрүп жатканын айтып чыкты.

Эл өкүлү мурдагы президенттердин балдарын мисал келтирип, Рустам Жапаровдун азыркы аракеттери өлкөгө, анын үй-бүлөсүнө дагы аброй алып келбейт деген пикирде. Ал президенттин уулу "Эл үмүтү" социалдык саясий партиясын сүрөп жатканын билдирүүдө:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Мен президенттин баласы Рустам депутат болот деген жокмун. Ал депутат болбойт. Бирок саясий платформа түзүп, бейформал лидер болгусу келип жатканын билдиргем. Ар кандай кишилер менен жолугуп, "Эл үмүтү социал-саясий партиясына” кирүүнү сунуштап жатат. Мен бул сөздү бир-эки эмес, 15 чакты кишиден уктум. Бир күн мурун билдирип чыктым эле, бүгүн парламенттен депутаттар дагы бышыктап атышат. Болгону алар ачык айтып чыккандан коркушууда. Мен президентке жамандык каалабайм. Болгону алдын ала айтып жатам. Рустам атасына саясаттан эмес, башка жагынан жардам берсе болмок”.

Дастан Бекешев айтып жаткан "Эл үмүтү" социал-саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 75 партиянын бири. Мурда “Демилгелүү жаштардын партиясы” деп аталып келсе, жакында эле аталышын жана негиздөөчүлөрүн да өзгөрткөн.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматта партиянын негиздөөчүсү катары 10 киши көрсөтүлгөн. Анын лидери Аскар Алмаз уулу партиянын Рустам Жапаров менен байланышын четке какты.

Аскар Алмаз уулу
Аскар Алмаз уулу

“Бизди буга чейин дагы ар кимге жармаштырып келишкен. Шаардык кеңешке болгон шайлоого катышканда ушундай сөздөр айтылган. Президенттин баласы Рустам менен таанышпыз. Эки-үч жолу көрүшкөнбүз. Бирок анын биздин партияга тиешеси жок. Президентин баласы бизди түртө тургандай деңгээли жок. Ал жигит дагы жаш, ошондуктан саясаттан алыс эле болсун. Саясатчылар бизден коркуп жалаа жабууга өтүштү. Биз эч кимден бата алган эмеспиз. Шайлоого жаңы жүздөр, жаштар менен барабыз”.

Аскар Алмаз уулу 11-апрелдеги Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоого “Биздин эл” партиясынын тизмесин баштап, жеңишке жеткен алты партиянын катарында болгон. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганда “Биздин эл” кайра шайлоого баруудан баш тартып койгон. Эми андагы талапкерлердин көпчүлүгү "Эл үмүтү" социал-саясий партиясы менен парламенттик шайлоого катышканы турат.

“Туран” партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу Дастан Бекешевдин айткандарында чындык бар экенин билдирип, сөздөрүн мындай деп негиздеди:

Эрлан Бекчоро уулу
Эрлан Бекчоро уулу

"Буга чейин Садыр Жапаровдун баласы азыр камакта жаткан Тилекмат Кудайбергеновго киши жиберип, “Эл үмүтү" социал-саясий партиясы менен шайлоого катышууну сунуштаган. Алар “Жеңиш Молдокматовдон кет, бизге кел” деген. Бирок Тилекмат макул болбой койгон. Мындан тышкары Рустам Жапаровдун атасынан шайлоого катышууга макулдук алганы да айтылган. Садыр Жапаровдун баласы шайлоого катышпашы мүмкүн. Бирок ал партияны сөзсүз башкарат”.

Рустам Жапаров атасы бийликке келгенден кийин алгачкы жолу 23-июлда эл алдына чыгып, Садыр Жапаров менен бирге Bishkek Park соода борборунан коронавируска каршы вакцина алган.

3-августта болсо UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келип, аны кантип тосуп алганын Instagram баракчасына жарыялаган. Ал жерден Рустам Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин баласы, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Таймурас Ташиевди көрүүгө болот. Хабиб Нурмагомедов катышкан турнир Чолпон-Атадагы ат майданда өтүп, анын уюштуруу иштерине кыргыз бийлиги көмөк көрсөткөн.

Садыр Жапаровдун уулу коронавируска каршы вакцина алып жатат. 23-июль, 2021.
Садыр Жапаровдун уулу коронавируска каршы вакцина алып жатат. 23-июль, 2021.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун жакындары боюнча мындай маалымат таратты.

"Мамлекет башчысы буга чейин өзүнүн жакын туугандарынан эч кимисинин саясий жараяндарга аралашуусуна, ошондой эле кайсы бир жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол бербесин бир нече жолу белгилеген".

Мурдагы президент Аскар Акаевдин баласы Айдар жана кызы Бермет 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келишкен. Акаевдин авторитардык башкаруусуна жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көтөрүлүп, Акаевдин бийлиги кулаган. Андан кийин бийлик башына келген Курманбек Бакиевдин балдары Максим менен Марат жогорку кызматтарга дайындалып, өлкөдөгү маанилүү маселелер ошолор аркылуу чечилип калганы сынга алынган. 2010-жылы Бакиевдин бийлигине каршы да эл көтөрүлүп, 80дей адамдын өмүрүн алган апрель окуясы болгон.

Коомдук ишмер Тойгонбек Калматов Садыр Жапаров мурдагы президенттин кемчиликтерин кайталабайт деген ойдо.

“Мурдагы президенттин жасаган иштеринен, чечимдеринен жыйынтык чыгарды деген ойдомун. Анын үстүнө үй-бүлөсүн саясатка аралаштырбай турганын айтып келет. Эгер ошол убадасын аткарса, анда колдоп беребиз. Менимче, балдарын аралаштырбаса керек. Анткени буга чейинки президенттин тагдырлары кыргыз коомчулугу үчүн сабак болуп калды”.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG