Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

БШКнын таза шайлоо өткөрүү убадасы


Былтыр референдумда жана жергиликтүү кеңештерди шайлоодо алгачкы жолу электрондук үкөктөр колдонулган.
Былтыр референдумда жана жергиликтүү кеңештерди шайлоодо алгачкы жолу электрондук үкөктөр колдонулган.

БШК “Маалыматтык шайлоо системасы тууралуу” жобону бекитти. Анда электрондук эсептөө урналарынын иштөө тартиби, добуштарды саноо, иреттөө, маалыматтарды сактоо жана ага жооптууларды аныктоо өңдүү жагдайлар камтылган.

Былтыр референдумда жана жергиликтүү кеңештерди шайлоодо алгачкы жолу электрондук үкөктөр колдонулган. “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган тутуму үзгүлтүккө учурап, электрондук эсептөө урналарынын иштебей калган учурлары катталган. Мындан улам БШКнын борборлоштурулган серверинде добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланышы мүмкүн деген өңдүү күдүк ойлор да айтылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мекеменин жыйынында "Маалыматтык шайлоо системасы тууралуу" жобонун маани-маңызы тууралуу түшүндүрмө берди. Ал мындан ары добуштарды саноо, маалымат чогултуу иретке салынат, шайлоонун ачык-айкындуулугунан күмөн саноо азаят деп ишендирди:

- Маалыматтык шайлоо системасын колдонуу, добуш берүүнүн жыйынтыгын чогултуу боюнча автоматташтырылган система, маалыматты борборлоштурулган серверге чогултуу биринчи жолу нормативдик-укуктук тартипке салынып жатат. Бул өтө маанилүү. Бул жобо добуштар тууралуу маалыматты автоматташтырылган үкөктөрдөн борборлоштурулган серверге жөнөтүүгө, добуштарды кол менен саноого жана жооптуу кызматкерлердин иш - аракетин жөнгө салат. Бул жободон кийин шайлоочулардын добушун саноонун автоматтык системасынын иши коомчулукка көбүрөөк ачык-айкын болот.

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Шайлдабекова эми бул жободон кийин ачык-айкындуулукту андан ары камсыздоо максатында маалыматтык шайлоо системасы боюнча концепция кабыл алынарын, регламенти иштелип чыгарын кошумчалады.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов эгер кандайдыр бир зарылчылык чыкса, жобону кийин да өзгөртсө болооруна токтолду:

- Кабыл алып жаткан жобо эми мындан ары өзгөрбөйт дегенден алыспыз. Эгерде бир нормаларды тактоо керек болсо биз кабыл алчу нормативдик-укуктук актыларды толуктап кетсек болот. Азыр жобону толугу менен кабыл алалы. Андан кийин кандайдыр бир өзгөртүү керек болсо, анда сунуш киргизип, бул жобону, дагы башка укуктук-ченемдик актыларды өзгөрткөнгө биздин укугубуз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жана убактыбыз да бар.

БШК үгүт ишин эрте баштабоону эскертти

БШК үгүт ишин эрте баштабоону эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышканы жаткан саясатчыларга, саясий күчтөргө үгүт иштерин эрте баштабай турууну эскертти жана мыйзамды сыйлоого чакырды.

Натыйжада маалыматтык шайлоо система тууралуу жобо көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Бирок БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова гана жалгыз ага каршы добуш берди. Ал колдобогонунун себебин буга чейин коомчулукта бир топ күдүк ойлорду жаратып жаткан маалыматтык шайлоо системасынын жобосун талкуулап-талдаганга жетиштүү мүмкүнчүлүк берилбегени менен түшүндүрдү:

- Маалыматтык шайлоо системасы бул шайлоо күнү сайт аркылуу баарыңар көрүп турган добуш берүү тууралуу маалыматтар. Бул маалыматтар кантип түшөт, качан түшөт, эгер кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүк болсо же сырттан кийлигишүү болсо, ошондо кандай чара көрүлүп, кандай жол-жобо аткарылат деген нерсе. Ар бир шайлоо тилкесинен келе турган добуштардын жыйынтыктары үзгүлтүксүз, өз убагында берилиши боюнча коомчулукта көп талкуу болуп жатат. Анткени ошол системанын иштеши коомчулукта ишенбестик да жаратып жатат. Жободо бардык жол-жобо так, даана көрсөтүлүшү керек. Бул жерде техникалык терминдер абдан көп колдонулган. Жобо укуктук-ченемдик акт катары биздин сайтка илинет. Кызыккан ар бир адам алып караганда ошол адамга баары түшүнүктүү болушу керек. Эгер ачып карап техникалык терминдерди эле көрсө, өзүнө керектүү жол-жобосу, тартиби тууралуу маалыматты таппаса, анда бул системага кайра эле ишенбестик жаралат.

Былтыр референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо бир күндө өткөн. Анда добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланган сайт, борборлоштурулган серверге байланыштуу техникалык мүчүлүштүктөр орун алган.

БШК имараты.
БШК имараты.

Эсептөө палатасынын мурунку төрайымы Элмира Ибраимова өткөн айда "Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик" деген жыйында серверге байланыштуу маселе көтөргөн. Ал көз карандысыз текшерүү жана жарандык көзөмөл керектигин айткан:

- Биз маалыматтык система канчалык ишенимдүү экенин, системадагы маалыматтарга операторлор же колдонуучулар кийлигишпей турганын
билбейбиз. Бул жерде электрондук система талапка канчалык жооп бере турганын аныктоо үчүн объективдүү, эң негизгиси көз карандысыз IT аудит жүргүзүү керек. Шайлоо жыйынтыгына ишеним жаратуунун башкы шарты бул жарандык көзөмөл болушу керек. Жарандык көзөмөл шайлоо жараянын бардык маанилүү этаптарында болушу керек. Бул жерде эң башкысы борборлоштурулган серверге көзөмөл кылуу керек.

Буга чейин былтыркы шайлоо күнү БШКнын борборлоштурулган серверине хакердик чабуул болгону, анын мизи кайтарылганы маалым болгон. Азыркы тартип боюнча, серверге эки гана адис кире алат. БШКнын айрым мүчөлөрү көзөмөл кылууга, ачык-айкындуулук болушу үчүн дагы башка кызматкерлерге уруксат берилиши керектигин айтып келишет.

12-майда да Бишкекте оппозициянын жана БШКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" деп аталган жыйын өтүп, анда да шайлоо жараяны талкууланды:
Жарандык коом шайлоо эрежесин талкуулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG