Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Асыл таштары көп алыскы планеталар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Cапфир менен рубинге карк жаңы экзотикалык планета. Түшүмдүүлүктү мол кылуунун жаңы усулу. Коопсуз заттарды билгендей таанычу шайман. Адамзат Тибетти 30 000 жыл мурда эле байырлаганын археологиялык табылгалар ырастады.

Түшүмдүүлүктү мол кылуунун жаңы усулу табылды

Өсүмдүктөр күндүн нурун фотосинтез аркылуу химиялык энергияга айлантат. Бирок Жер бетиндеги көптөгөн өсүмдүктөр фотосинтетиканын же өсүмдүктөргө жарнакташып, кычкылтекти иштеп чыкчу бактериялардын жетишсиздигинен жабыркашат. Фотосинтездин мындай табигый «кемтиги» менен күрөшүү үчүн энергияны көп талап кылчу фото дем алуу (рhotorespiration) жараяны колдонулат.

АКШнын Иллинойс университети менен Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба изилдөөлөр кызматынын окумуштуулары айдын башында билдиришкендей, фотосинтездин табигый кемтиги оңдолгон айыл чарба өсүмдүктөрү кадимки жолойдо өскөн өсүмдүктөргө караганда түшүмдү 40% чейин көп берген.

«Биз АКШнын ортолук батышында жыл сайын фото дем алуунун кесепетинен жоголгон калория менен 200 миллионго чейин адамды тамактандыра алмакпыз, - дейт башкы изилдөөчү Доналд Орт (Donald Ort). (Проф. Орт - өсүмдүктөр жана түшүмдүүлүк боюнча адис). - Дүйнөдө бул калориялардын айрым бөлүгү калыбына келтирилсе, XXI кылымда бул элдин азык-түлүккө карата тез күчөп бараткан талабын канааттандыруу үчүн чоң мааниге ээ болмок».

Фотосинтез - өсүмдүктөргө Күндүн нурун жана көмүр кычкыл газын өсүмдүктүн өсүшү жана өнүгүшү үчүн зарурат заттарга айлантышын мүмкүн кылган химиялык реакция.

Фото дем алуу жолу менен (солдо) жана кадимки усулда өстүрүлгө тамеки (оңдо).
Фото дем алуу жолу менен (солдо) жана кадимки усулда өстүрүлгө тамеки (оңдо).

Ушу тапка чейин табигый кемтиги «оңдолгон» же жакшыртылган фотосинтез тамекинин түрлөрүнө гана колдонулду. Натыйжада тамекинин түшүмдүүлүгү кеми 25%, көбү 40% чейин арбыган. Азырынча бул усулду дан азыктарына колдонуу тууралуу сөз боло элек.

Фото дем алуу рибулозобисфосфаткарбоксилаз (кыскача, рубиско) ферменти үчүн жооп берет. Изилдөө аныктагандай, рубисконун кемчилиги - ал кычкылтекти көп учурда көмүр кычкыл газы деп жаңылат экен. Бул клетка үчүн анча маанисиз гликол кислотасынын фосфаты жана аммиак сыяктуу азыктарды иштеп чыкканга огожо болот.

Бул молекулалар иштелип кетет. Бирок ал үчүн өсүмдүк өзүнүн жашоосуна зарыл энергиясын сарптайт жана молекулаларды «аш кылуу» узакка созулат. Ушинтип фотосинтез дурус жүрбөй калат. Айыл чарба өсүмдүгүнүн түшүмдүүлүгү төмөндөйт.

Илимпоздордун айтымында, рубиско ферменти чоң тактык жана ылдамдык менен иштесе, күрүчтүн түшүмдүүлүгү 20-50% көбөймөк. Геномду модификациялоону башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө ылайыкташтыруу (адаптация) боюнча иштер ушу тапта ургаалдуу жүрүүдө.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.sciencedaily.com)

Коопсуз заттарды билгендей таанычу шайман

Аэропорттордун коопсуздук тилкесиндеги узун кезекти жок кылчу техникалык жабдуу. Андай шаймандын үлгүсүн Австралия улуттук университетинин окумуштуулары жасашты.

Негизги изилдөөчү, доктор Минкай Лю (Mingkai Liu, Nonlinear Physics Centre at the ANU Research School of Physics and Engineering) маалымдагандай, прибордун үлгүсү жасалып, алдын-ала тийиштүү патент алынган.

Бул шайманды аэропорттордо жана башка өзгөчө этияттыкты талап кылган жайларда кишилердин коопсуздугун текшерчү өтө сезгич видеокамерага айлантып койсо болот. Аны ошондой эле айдоочусу жок автокөлүктөрдү же транспорт каражаттарын башкаруу үчүн пайдаланса болот.

Шайман багытталган электромагниттик толкун менен башкарылат.

«Бул шайман өзүнүн тегерегин так өзүндөй кылып өлчөй алат, - дейт доктор Лю. - Мурда ал үчүн ар кайсы жакка багытталган бир нече сенсор керек болчу».

М. Люнун айтымында, электромагниттик толкундун негизинде иштечү келечектин видеокамералары жүргүнчүнүн жол баштыгындагы коркунучтуу механизмдерди жана химиялык заттарды айныбай тааный алат. Ошондуктан жүргүнчүлөргө учакка түшөрдө ар кандай текшерүүдөн өтүш үчүн узун кезек күтүүнүн зарылчылчылыгы болбой калат.

Бирок жаңы шайман видеобайкоо системасында колдонулчу кадимки видеокамера сыңары кишини жүзүнөн ажыратып тааный албайт.

Жаңы шаймандын концепциясы, Люнун сөзүнө караганда, келерки муундагы электромагниттик жабдууларды, анын ичинде айдоочусу жок автокөлүк жана башка транспорттук каражаттар үчүн азыркыдан да компакттуу сенсорлорду жасоого негиз болот.

(Булагы: https://www.technology.org, https://science.anu.edu.au)

Адамзат Тибетти 30 000 жыл мурда эле байырлаган

Элдер кеминде 30 000 жыл мурда Азиянын көк муз каптабаган дээрлик бардык бөлүгүн өздөштүргөн. Ал түгүл Арктика океанынын жээктерине отурукташкан. Бул улуу көчтүн эң аягында адам баласы Тибет бөксө тоолоруна жайланышкан. Тибет өзү Түндүк жарым шарындагы жаратылышы эң катаал жана жашоого кыйын аймак деп эсептелет. Себеби, орточо бийиктиги деңиз деңгээлинен 4000 метрге жакын. Жылдык орточо температурасы 0°C жакын. Бирок кычкылтектин концентрациясы деңиздин деңгээлиндегидей же орточо 0,4% барабар.

Байыркы адамдар Тибет бөксө тоолоруна буга чейин эсептелгенден бир кыйла мурда - 30 000 жылдан да илгери көчүп барышканын жаңы археологиялык изилдөөлөр көрсөттү. Ошондуктан кытайлык окумуштуулар 300 кылым мурда Тибеттеги жашоо, өзгөчө деңиз деңгээлинен 4600 метрден да бийикте тиричилик кылуу азыркыдан алда канча татаал болгону айдан ачык деп эсептешет.

Нйя Девю конушунан табылган байыркы таш куралдар.
Нйя Девю конушунан табылган байыркы таш куралдар.

Кытай илимдер академиясынын археологу Сяолин Чжан жана анын кесиптештери Тибеттин ортолугундагы Нйя Девю (Nwya Devu) археологиялык конушун казып жатып, жергиликтүү аска таштардан жасалган 3683 артефактты табышкан. Бул конушта эл узак жашабаптыр. Кыртышты изилдөө береги журтта эл үч айлампа менен конгонун көрсөткөн. Адегенде 40 000-30 000 жыл мурда, андан соң 25 000-18 000 жыл илгери, акырында 13 000- 4 000 жыл оболу.

Археологдор көөнө артефакттар табылган жай кишилер таштардан түрдүү аспаптарды жасаган устакана болушу ыктымал, ал эми жай айларында конушта аркар-кулжаларга, топоздорго аңчылык кылган болушу мүмкүн деп боолголошот.

Нйя Девю конушунун жашоочулары балким киши сыяктуу «денисовчулар» деп аталган неандерталдыктар менен кан аралашып, бийик тоодогу кычкылтектин жетишсиздиги же суюк аба менен күрөшчү генге ээ болушкан. Анткени 2014-жылкы изилдөө денисовчулардын ДНКсы бүгүнкү тибеттиктердин бабаларында 30-40 миң жыл илгери кеңири жайылганын аныктаган.

Илимий экспедициянын мүчөсү Жон Олсендин (John Olsen, University of Arizona, Tucson) айтымында, денисовчулар Алтай тоолорундагы журтун калтырып, Меланезияга (Австралиянын түндк чыгышындагы аралдар) багыт алышкан. Алардын бир тобу Тибет аркылуу өткөн болушу мүмкүн. Нья Девюдан табылган таш куралдар Таш доорунда Кытайда жасалган куралдарга анча окшобойт, алар Түштүк Сибирден табылган таш куралдарга окшойт, дейт америкалык археолог.

(Булагы: https://www.zmescience.com, http://science.sciencemag.org)

Cапфир менен рубини мол жаңы планета

Экзопланеталардын «супержер» (super-Earths) деп аталган мындай жаңы планеталар классы, илимпоздордун маалыматына караганда, өз жылдызына өтө жакын айланат. Бул планеталар кальцийге, алюминийге жана алардын кычкылдарына бай. Бул кычкылдар химия илиминде сапфир жана рубин катары белгилүү.

«Таң калычтуусу: бул объектилердин баары - эгер чындап эле бар болсо - Жерге окшош көпчүлүк планеталардан айырмаланып турат», - дейт изилдөөнүн жетекчилеринин бири Кэролайн Дорн.

Астрономдор изилдеп жаткан HD219134 b аттуу береги планета Кассиопея топ жылдызына кирет. Кассиопея Жерден 21 жарык жылынчалык алыста жана Жерге окшобойт. Анткени темирге эмес, кальций менен алюминийге бай.

Марстын бети. НАСАнын жандоочу 2017-жылы тартып алган сүрөт.
Марстын бети. НАСАнын жандоочу 2017-жылы тартып алган сүрөт.

Швейцариянын Цюрих университетинин астрофизиги Кэролайн Дорн (Caroline Dorn) HD219134 b планетасы экзопланеталардын жаңы экзотикалык классына таандык болушу ыктымал экенин айтат.

Жаңы экзопланеталардын буга чейин белгилүү планеталардан айырмасы - алардын пайда болушунда. Жылдыздар газдын массасы тейде жарала баштап, анан кысылып катуу абалга келип, айланып дискти пайда кылат. Катуу масса акыры барып дисктин ортосунда жылдыз болуп чыга келет.

Дорн айымдын айтымында, HD219134 b планетасынын көп элементтери азырынча газ абалында турат.

Пайда болуп жаткан планеталар кальций, алюминий, магний жана кремний түрүндө болуп, бирок ядросунда Жердегидей темир жок экен. «Ошон үчүн мындай планеталарда Жердегидей магниттик талаа болбойт», - дейт К. Дорн айым.

Мунун баарын швейцариялык жана америкалык окумуштуулар математикалык жол менен программалап, компьютерде моделин түзүп билишкен.

Кэролайн Дорндун айтымында, алар «супержерлердин» жаңы экзотикалык классына кирген үч талапкерди табышкан. Окумуштуулардын эсептөөсү боюнча, жаңы планеталардын массасынын тыгыздыгы Жердин тыгыздыгына караганда 10-20% аз экен.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.sciencedaily.com)

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG