Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Пандемиядан пайда тапкан мафия


Дүйнө коронавирус пандемиясына каршы күрөш менен алектенип жаткан кезде бүгүнкү кризистен пайда табууну, өз позицияларын күчөтүп алууну көздөгөн топтор да бар. Аларын биринчи катарында уюшкан кылмыштуу түзүмдөр турат.

Эксперттер инфекцияга каршы көрүлгөн чаралар алардын эркин аракеттерин чектеп, ошол эле кезде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгилешет.

Италиянын укук коргоо органдары мафия өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө, азыркы кырдаалдан пайдаланып келатканын айтышат. Алар кедей райондордо колунда жок үй-бүлөлөргө жардам таратып, банкроттукка учурап жаткан чакан ишканаларга ыңгайлуу насыя сунуш кылышууда.

Роберто Савиано.
Роберто Савиано.

Ошол жакыр аймактардын бири Калабрияда жайгашкан мафия «Ndrangheta», мисалы, Европанын кокаин рыногунун 80% көзөмөлдөйт. Неаполдогу мафиянын бетин ачкан китептин автору Роберто Савианонун айтымында, аткезчилер деңиз портторунда, аэропорттордо текшерүү азайганынан пайдаланып жатышат. Андан тышкары мафия ондогон жылдардан бери маркумдарды акыркы сапарга узатууну уюштурган, кеңселерди жууп-жыйнаган, товарларды жеткирген, бензин куйган жайлар өңдүү кызматтарга акча салып келген. Азыркы шартта дал ушул тармактар эң көп киреше алып келүүдө.

Италия полициясынын башчысы Франко Габриэлли америкалык CNN телеканалындагы интервьюда чукул кырдаал аяктагандан кийин кылмыштуу топтор мурда көзөмөлдөбөгөн компанияларды өз карамагына алышы ыктымал деп болжолдойт.

Италиянын түштүгүндөгү Кампания, Калабрия жана Сицилия аймактарында жумушсуздуктун деңгээли дайыма эле жогору болуп келген. Ар бир бешинчи киши ишсиз. Адистердин баамында, пандемиядан кийин экономикалык абал мындан да начарласа, мафия бир топ жергиликтүү жаштарды өзүнүн мыйзамсыз иштерине тартып, жумуш менен камсыз кылышы мүмкүн.

Бир катар эксперттер азыркы кризис мафия акча каражаттарын банк системасы жок эле эки жакка которууга, насыя берүүгө жөндөмдүү экенин көргөздү деп эсептешет. Алардын торуна өзгөчө ресторандар менен мейманканалар оңой түшүп калат.

«SOS Impresa» деген мафияга каршы уюмдун эсебинде 2008-жылкы финансылык кризистен кийин мафиянын колунда 65 миллиард евро өлчөмүндө накталай акча топтолгон. Ошол эле учурда банктар жашап кетиш үчүн Европанын Борбордук банкынан жардам сураганга аргасыз болушкан.

Савиано бул жолу да накталай акча чечүүчү мааниге ээ болорун айтууда.

Кээ бир эксперттер калктын муктаждыктарына жооп берүүдө мамлекет чабалдыгын көргөзсө, уюшкан кылмыштуу топтор биринчи планга чыгып, элге жардам түрүндө берилген «карызын» шайлоодо добуш берүү менен кайтарууну сурашарын белгилешет.

Бул жалаң эле Италиянын мүшкүлү эмес. Мафия бүтүндөй Европада тамыр жаюуга үлгүргөн. Пиццериялар аркылуу баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу түйүндөрү Европа өлкөлөрүндө көнүмүш көрүнүш болуп калган. Андан тышкары мафия кыймылсыз мүлккө активдүү инвестиция салып келет.

Италиядагы Пезаро шаары. 6-апрель, 2020-жыл.
Италиядагы Пезаро шаары. 6-апрель, 2020-жыл.

Италиянын «la Repubblica» гезити дүйнө коронавирустун ылдам тарашы, саламаттык сактоо, адам өмүрлөрү өңдүү маанилүү маселелер менен алектенип жатканда маалымат каражаттары кылмыштуу топтордун ишмердигине азыр анча көңүл бурбай калышканын белгилейт. Басылма бул да алардын мыйзамсыз иштеринин өөрчүшүнө алып келип жатканын жазып жатат.

«Пандемия мафия үчүн өтө ыңгайлуу шарт түзөт. Анткени курсагың ач болсо, нан кайсы тандырдан чыкканы, ким таратканы маанилүү эмес, дары-дармек керек болсо, аны ким сатып атканын эч качан сурабайсың», деп жазат гезит. Мафия жардам берет, бирок ал жардамдын өз шарты да болот.

Мындай көрүнүш азыр дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө байкалууда. Учурдан пайдаланып калктын көзүнө илинүүнү, бир топко чейин эстеп жүрүшкөндөй кылып упай топтоону, убагы келгенде «карызды» төлөтүп алууну көздөгөндөр четинен жолугат.

Алсак, Мексикада ырайымсыздыгы менен айырмаланган жана кылмыштуу жол менен киреше тапкан топтор буга чейин да жөнөкөй адамдарга жакшы көрүнүүгө, алардын көңүлүн алууга аракеттенишчү. Азыр да кээ бир наркокартелдер мексикалыктарга жардам берип жаткан видеолорду социалдык тармактардан көрсө болот.

Бир нече күн мурун өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген наркобарон Хоакин Гусман же Эл Чапонун кызы өз фирмасынын кызматкерлери менен май, шекер, күрүч, самын салынган кутуларды колунда жокторго таратып жаткан видео жарык көрдү. Рaсмий түрдө ишкана кийим-кече жана алкоголь сатуу менен алектенет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG