Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

"Өкүл баланы иштен алыңыз". Жол кайгуулчулар министрге талап койду


"Өкүл балаңызды иштен алыңыз". Жол кайгуулчулардын талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00

"Өкүл балаңызды иштен алыңыз". Ошто жол кайгуулчулар министрге нааразы

Оштогу жол кайгуул кызматкерлеринен түшкөн кайрылууну Ички иштер министрлиги түзгөн комиссия текшере баштады.

28-июлда кечке жуук Ош шаарында алтымыштан ашуун жол кайгуул кызматкери акцияга чыгып, жетекчисин иштен алууну талап кылышкан.

"Айбек Жумагулов менен иштеше албайбыз"

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлерин акцияга чыгууга жетекчиликтин мамилеси түрткү болгон.

Алар ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, эки ай мурда дайындалган жетекчи Айбек Жумагулов менен иштеше албай турганын ачык айтышты.

Нааразы болгондор өлкө башчы Садыр Жапаровго, ички иштер министри Улан Ниязбековго жети пункттан турган кат жолдоду.

Анда жетекчинин иш убактысын узартып салганын, дарылануу үчүн өргүүгө чыгууга уруксат бербегенин, кызматкерлерди негизсиз иштен кетиргенин ж.б. кылык-жоруктарын ачык жазышкан.

Милиция кызматкерлеринин ачык каты.
Милиция кызматкерлеринин ачык каты.

Чогулгандардын атынан сүйлөгөн кызматкер Элнура Айтиева ички иштер министрин Айбек Жумагуловду башка кызматка которууга чакырды.

“Урматтуу, ички иштер министри Улан Ниязбеков сиздин кадыр-баркыңызга доо кетирип, жаманатты кыла электе өкүл балаңыз, иниңиз Айбек Жумагуловду башка кызматка которуп же иштен кетирип, мыйзам чегинде иштеген башка жетекчини коюп берүүңүздү суранабыз”.

Оштогу кайгуул кызматкерлерин акциясын коомчулук ар түрдүү кабыл алууда. Айрымдар милициянын өз укугун коргоого акысы бар десе, айрымдар муну мыйзамга каршы аракет, сабатсыздык катары баалашты.

Милициянын ардагери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков бул жагдай кадр тандоо саясатынын мүчүлүштүгүнөн келип чыкты деп эсептейт.

“Кадрларды жумушка коюп жатканда көңүл буруу керек. Атайын баскычтарды басып өткөндөрдү гана жетекчилик кызматтарга дайындаш керек. Жетекчи боло турган киши өздүк курам менен мамиле курууну өздөштүргөнү оң. Адегенде чакан жамаат менен иштешип, андан кийин жогорулашы керек да. Азыр жогору жактан тааныш-билишти ортого салып жетекчи болуп жатышат. Аягында ушинтип уят болушат. Кызматкерлерди киши ордуна көрбөсө ушундай көйгөйлөр чыгат”, - деди Мадылбеков.

Буга чейин Оштогу жол кайгуул кызматкерлери иш таштаганы тууралуу кабар тараган. Бирок Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул маалыматты төгүндөдү.

Акцияга чыккан жол кайгуулчулардын айтымында, Жумагуловдун кысымынан улам ондон ашуун кызматкер өз каалоосу менен иштен кеткен.

Куугунтукка кабылдым дегендердин бири Нурлан Шакиров буларды айтты:

“Эки айдан бери иштетпей куугунтуктап жатат. Менин ордум керек болуп жатат окшойт. Бирок жөн эле кетпей турганымды айттым. Эмнеден жазганымды билбейм. “Өлүп калган атам тирилип келсе да сени кечирбейм, өзүң эле башка жакка которулуп кет” деп жатат”.

Айбек Жумагулов Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнө май айынын ортосунда жетекчи болуп барган. Ага чейин аталган кызматтын Бишкек шаардык бөлүмүндө жетекчинин орун басары болуп иштеген.

Жумагулов кызматкерлердин өз дарегине айткан сынына азырынча жооп бере элек. Аны менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.

Ички иштер министрлигинин уставына ылайык милиция кызматкери кайсы бир партияга мүчө болууга, митинг, пикеттерге чыгууга тыюу салынган.

Аталган министрликтин кеңешчиси Бакыт Сеитов кызматкерлердин бул кадамын колдобой турганын айтты:

“Маселени башкача жол менен деле чечсе болмок. Министрликке кайрылышы керек эле. Азыр эми эл ар кандай түшүнүп жатат. Булар коомдук тартипти сактайбы же кайдагы бир оппозициялык топторго окшоп жүрө беришеби деген ой жаралды да. Биз аскер адамдарыбыз, ант бергенбиз, ошого жараша чыдаш керек. Эгер чындап эле кыйналып жатса, министрликке кайрылганга укугу бар”.

Жол кайгуулчулардын акциясы президент Садыр Жапаров Ошто жумушчу сапар менен жүргөндө болду.

Айрым эксперттердин пикиринде, жолдогу коопсуздукка, тартипке көз салган милиция кызматкерлеринин акцияга чыгышы ИИМге заманбап реформа керек экенин көрсөтүп турат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова милиция реформаны өзүндө иштеген адамдардын укугун эске алуу менен башташы керек деди.

"Милицияны реформа кылуу иши 2001-2003-жылдар аралыгында башталган. Ошондо 27 миллион доллар акча бөлүнгөн. Кийин да каражаттар бөлүнүп турду. Ал каражаттар техникалык жабдууларга, сыртка чыгып окуп келүүгө эле кетти. Бирок ал реформа эмес. Реформа деген мыйзамды так сактоодон башталышы керек. Азыр аларга алтындан форма кийгизип койсо деле, мыйзам, талап оңдолбосо ошол бойдон калышат. Буга чейин мыйзам долбоорлоруна сунуштарды бергенбиз. Ириде милиция өзунүн укугун коргой ала турган болуш керек".

Оштогу жол кайгуулчулардын талаптары аткарылабы же жокпу азырынча белгисиз. ИИМдин атайын комиссиясы текшерүү иштерин 31-июлда баштай турганы айтылды. Шаардык милициянын маалыматында Ошто 200дөн ашуун кайгуул кызматкери иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG