Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Ош милициясы: Бизде Нарматованы кармоо боюнча документтер жок


Орозайым Нарматова. (Сүрөт Нарматованын Фейсбук баракчасынан алынды)
Орозайым Нарматова. (Сүрөт Нарматованын Фейсбук баракчасынан алынды)

Ош облустук милициясында активист Орозайым Нарматованы кармоо боюнча эч кандай расмий документ жок. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бул иш катталган эмес.

“Бизде да бул иш катталбаптыр. Балким тапшырма келип, биздин кызматкерлер же аэропорттун кызматкерлери жардам бериши мүмкүн. Тапшырма боюнча маалыматты тактап атабыз”, - деди Аширбаев.

Активист Орозайым Нарматованы бүгүн, 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткенин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу "Азаттыкка" кабарлаган. Ал Нарматованы соттун чечими менен Бишкекке автоунаа менен алып кетишкенин айткан.

Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Бир кезде президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындай баштаган. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG