Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:32

Орусиянын ракетасы энени кызынан да, бутунан да ажыратты


Лиза апасы Ирина Дмитриева менен.
Лиза апасы Ирина Дмитриева менен.

Украинанын Винница шаарында орусиялык армиянын соккусунан 23 адамдын өмүрү кыйылды. Алардын арасында үч бала бар. Чабуулдан ондогон адам жараат алды. Расмий Москва карапайым тургундар жашаган аймакка сокку урганын адаттагыдай эле четке какты.

14-июлдагы ракета чабуулунан төрт жаштагы Лизанын өмүрү кыйылды. Анын апасы Ирина Дмитриева бутунан ажырады. Ирина даун синдромуна чалдыккан кызынын жашоосу тууралуу Инстаграмда блог жазып турчу. Каргаша кызы экөө атайын сабакка бараткан кезде тооруган. Винницадагы оорукананын башкы дарыгери Александр Фоминдин айтымында, Иринанын абалы оор болгондуктан, ага суук кабарды угузуша элек.

"Эгер биз ага Лизадан айрылганын айтсак, ооруканадан тирүү чыкпай калышы мүмкүн. Кан басымы бир аз эле көтөрүлсө, жаман болот. Акыбалы оор", - деди дарыгер.

Кичинекей Лиза.
Кичинекей Лиза.

Лиза бир үйдүн жалгыз кызы эле. Ал Украинанын биринчи айымы Елена Зеленскаянын жаңы жылдык видеоролигине да тартылганы маалым болду.

Бул тууралуу Зеленская өзү Твиттерге жазды:

"Бүгүн биз Винницада баланын арабасынын аңтарылып жаткан сүрөтүн көрдүк. Андан кийин жаңылыктарды окуп жатып, бул кызды эстедим. Биз аны менен жаңы жылдык майрамдарга видео тартып жатканда таанышканбыз. Кичинекей наристе жарым саат ичинде өзүн, көйнөгүн эле эмес, жанындагы балдарды, мени, оператор жана режиссерлорду боеп салууга жетишкен. Жакындарына көңүл айтып, жашымды тыя албай атам", - деп жазды биринчи айым.


Украинанын президенти Владимир Зеленский Винницадагы чабуулду "ачык теракт" деп атады.

"Винницадагы ракеталык аткылоодон 23 кишинин өмүрү кыйылды. Алардын арасында он жашка чыга элек үч бала бар. Тилекке каршы, бул соңку сандар эмес. Дайынсыз жоголгондор көп. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында абалы оорлор арбын. Ракеталардын бири "Нейромед" медициналык борборуна тийген. Ичинде бейтаптар болгон".

Азыр 39 кишинин дайыны чыкпай жатат. Калаада эки айдан бери сиреналардын үнү тынбай жаңыра бергендиктен, жергиликтүү тургундар ага көп деле көңүл бурбай калышкан. Бул жолу да абадан сокку уруу коркунучу бар экенин эскерткен коңгуроо бир эмес, бир нече ирет жаңырганына карабай, адамдар коопсуз жайларга жашынууга ашыгышпай, көчөдө бейкапар жүрүшкөн.

Калаа мэри Сергей Моргунов окуядан кийин Винницада орустарга маалымат берип, тыңчылык кылып турган деген шек менен 300дөй адам кармалганын кошумчалады. Алар кимдер экени, кандай маалымат берип турганы так айтылган жок.

Ал эми 15-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги Винницадагы Офицерлер үйүнүн имаратына жогорку тактыктагы "Калибр" ракетасы менен сокку урганын билдирди. Ар кандай видео далилдерге карабастан, Москва карапайым тургундарды бутага алган чабуулдарды моюнуна албай келет.


Евробиримдик Винница шаарындагы жарандык объектилерге жасалган Орусиянын ракеталык соккуларын ырайымсыздык катары айыптады. Бул тууралуу уюмдун тышкы иштер боюнча комиссары Жозеп Боррелдин билдирүүсүндө айтылды.

Винница Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан шаар жана учурда эки тарап согушуп жаткан фронттун линиясынан кыйла эле алыс турат. Орусия бүткүл Украинанын үшүн алып туруу үчүн согуш жүрүп жаткан линиядан алыста турган шаарларды да улам-улам аткылап жатат.

Июндун аягында Кременчуг шаарындагы соода дүкөнүнө урулган соккудан 20дан ашык киши өлгөн, 9-июлда Часов Ярга жасалган чабуулдан 50дөй адам мерт болду.

15-июлга караган түнү орус күчтөрү Харьков облусунун түндүк-чыгышын аткылашканын украин бийлиги кабарлады. Маалыматка караганда ракеталар карапайым тургундар жашаган үйгө тийген. Азырынча курмандыктар тууралуу кабар чыга элек.

Ал арада «Чоң жыйырмага» кирген мамлекеттердин каржы министрлери Индонезиянын Бали аралына чогулушту. Алар Орусиянын Украинага эч себесиз кол салышынан келип чыккан дүйнөлүк кризистин кесепетин жеңилдетүү жолдорун талкуулашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG