Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Санкциялар: Орусиядагы кыргыз блогерлеринин иши аксады


YouTube - Иллюстрациялык сүрөт.
YouTube - Иллюстрациялык сүрөт.

Украинадагы согушка байланыштуу Google, Instagram, YouTube, Twitch өңдүү дүйнөлүк ири интернет ресурстарынын Орусияда кызмат көрсөтүүнү токтотушу IT адистер менен социалдык медиаларда иштеген блогерлердин ишин аксатты. Аккаунту Орусияда катталган же негизги аудиториясы ошол жакта жайгашкан кыргызстандык ютуберлер менен стримерлердин көрүүчүлөрү азайып, тапкан кирешеси кыскарганын айтып жатышат.

10-марттан баштап YouTube видеохостинги Орусиядагы колдонуучулар үчүн монетизациялоо функциясын толук токтотту. Андан тышкары Premium, Music Premium жазылуулары, демөөрчүлүк жана дагы бир катар кызматтары да иштебей калды. Видеохостинг “бул авторлор Орусияда аталган функциялардан киреше албай калат дегенди билдирет” деп түшүндүргөн.

YouTube видеохостингинин Орусиядагы авторлорго таркаткан билдирүүсү
YouTube видеохостингинин Орусиядагы авторлорго таркаткан билдирүүсү

Орусия 4-мартта Facebook, 14-мартта Instagram социалдык тармактарына чектөө киргизди. Буга Meta компаниясынын өз социалдык тармактарында “орус армиясына жана жетекчилигине карата жек көрүү чакырыктарын колдонууга уруксат бергени" себеп болду. Google порталы менен Twitch стриминг кызматы да Орусиядагы кызматтарын өчүрдү. Учурда орус жарандарынын айрым бөлүгү бул социалдык тармактарга VPN кызматынын жардамы аркылуу кирип жатышат. Бирок муну адистер "убактылуу айла" деп жатышат.

YouTube видеохостинги санкциялык кадамга Орусиянын Украинага кол салуусунан улам барганын билдирген. Дүйнөлүк таанымал ири социалдык ресурстардын жабылышынан улам Орусиядагы YouTube менен Инстаграмда контент жасоочулар киреше булагынан заматта айрылып калышты.

Блогерлер Орусиядагы туруктуу кирешесинен айрылды

Инстаграмдын бөгөттөлүшү менен Ютубдун монетизациясынын өчүрүлүшү Орусияда катталып, же ошол аудитория үчүн иш алып барган кыргызстандык блогерлердин ишмердигине кандай таасир этип жатат?

Instagram бөгөттөлгөндөн бери Орусияда Инстаграмдагы Mekendesh.ru баракчасы аркылуу жарнама кылып иштеген кыргызстандык Талантбек Орозбек уулунун кардарлары кескин азайып кеткен. Айтымында, аккаунттарын коммерциялык багытта иштеткендердин аудиториясы кескин азайып жатат.

“Инстаграм аркылуу соода-сатык кылабыз, кызмат көрсөтөбүз. Бизге курстары, медборборлору барлар жарнама беришет. Ар бир постту миң, 2-5 миң рублга жарнамалайбыз. Санкциянын кесепети бизге өтө оор тийип атат. Кардарларыбыздын жумуштары токтоп жатат, иш начарлап кетти. 14-марттан баштап Орусияда Инстаграмга мыйзам менен тыюу салынды. Ошондон бери бул жактагы мигранттарга иштеген блогерлердин аудиториясы өтө азайып кетти”.

Блогер Азирет Осмоновдун YouTube каналы Орусияда катталган. Анын блогердик ишмердигинин туруктуу каржы булагы монетизациядан түшкөн каражат болсо, айрым учурларда жарнамадан да киреше тапчу. Орусияда монетизациянын өчүрүлүшү аны туруктуу каржы булагынан айрыганын айтат.

Азирет Осмонов, ютубер
Азирет Осмонов, ютубер

“Кыргыз тилдүү канал болгон үчүн менин контентимди Орусияда мигранттар көп көрүшчү. Аудиториямдын 40% орусиялыктар эле. Биздин негизги каржы булагы ошол жактан болчу да, айына орто эсеп менен 1000 доллар тапчубуз. Эми монетизацияны өчүрүп койду. Мындан ары түз жарнама алып иштей беребиз. Бирок, туруктуу каржы булагыбыздан ажырап калдык. Азыр кризис мезгилинде түз жарнама берүүчүлөр аз болуп жатат”.

YouTube видеохостингинин Борбор Азиядагы тастыкталган өнөктөшү Сунгат Утебулатовдун белгилешинче, Кыргызстанда блогерлердин орто классы калыптана элек. Айына 100 доллардан тартып 5000 доллардан жогору тапкан блогерлер да бар. Маселен, Кыргызстанда Батыш өлкөлөрүнүн жаш көрөрмандары үчүн иштеген ири канал бар экенин, ал жакшы каражат иштеп табарын белгиледи. Адис блогерлер үчүн монетизациянын маанисин мындайча түшүндүрүп берди.

Сунгат Утебулатов, YouTube видеохостингинин Борбор Азиядагы тастыкталган өнөктөшү
Сунгат Утебулатов, YouTube видеохостингинин Борбор Азиядагы тастыкталган өнөктөшү

“Орусияга киргизилген чектөөлөрдүн кесепетинен кыргызстандык ютуберлер да жабыр тартышат. Анткени, монетизация – сиздин роликти көрсөтүү учурунда YouTube ага өзүнүн жарнамалык блокторун жайгаштырып, акча иштей турган функция. Тагыраагы, блогердин жарнама берүүчү менен байланышы болбогону менен Google менен YouTube өзүнүн жарнамаларын көрсөткөндүктөн киреше таба берет. Башталгыч блогер катары сиз үчүн бул каражат маанилүү болуп, жакшы жашоо кечиришиңиз мүмкүн. Бирок, эгерде монетизация кошулганы менен сиздин аудиторияңыз Орусиядан болсо, анда сиз акча иштей албайсыз. Мындан жаңы баштаган блогердин иши кыйроого учурашы же каналы жабыр тартып калышы мүмкүн. Мурда жок дегенде жарнама көргөнү үчүн баарына төлөп келсе, эми андай болбойт”.

Адистер блогерлерге Орусиядагы аккаунттарын башка өлкөлөргө, көбүнчө Европалык платформаларга которууну, ютуб каналдын адсенсин (Adsense-Ютуб каналды монетизациялаган кызмат) ошол жакка каттоону сунуштап жатышат. Арийне, бул дагы ютубер үчүн Орусиянын аймагынан жарнама көрсөтүп, көрүүдөн киреше табууга жол ачпайт. Болгону YouTube каналын сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.

СММ адиси Данияр Абдыбековдун айтымында, хостингдеги монетизациянын алгоритми боюнча болжол менен 200 миң көрүүдөн орточо 40 миң рубль табууга болот. Ал Орусиядагы чектөөлөрдөн улам ал жактагы кыргызстандык блогерлердин жай которуусуна түрткү болуп жатканын айтат.

Данияр Абдыбеков, СММ адис
Данияр Абдыбеков, СММ адис

“Биздин мигранттар барып Орусияда каналдарды ачышкан. Байкасак, учурда Орусияда иштеген блогерлер менен өзүнүн аудиториясы бар аккаунттар Кыргызстанга кайтып жатышат. Анткени, бул жакта монетизация иштейт. Негизи, Ютубдун позициясын логикалык түрдө карасак туура болот деп ойлойм. Анткени ал кошумча модератор штаттарын ачышы керек. Алар түнү-күнү роликтердин мазмунун текшерип, согушту колдогондорун өчүрүп турушу керек. Кошумча штат алыш үчүн хостингге каржы керек. Ошол себептен дагы монетизацияны токтотуп атат го деп ойлойм”.

IT адистер – заманбап көчмөндөр

Программалык камсыздоолорду жасап иштеген адис Алтынбек Усенбеков Бишкекте отуруп Орусиядагы IT компанияда иштечү. Ал ишкананын чет өлкөлүк өнөштөштөрү буйрутма берүүнү токтотуп койгондуктан, компания да башка жакка чыгып кетүүгө мажбур болгон.

“Орусия аркылуу америкалык компанияга сырттан кызмат көрсөтөбүз. Акыркы кырдаалдан улам ал компания бат эле Орусиядан чыгып кетти. Биз иштеген "Ярослав" деген кеңседе 200дөй кызматкер иштечү, ошонун баарына чыкканга туура келди. Анткени Америкадагы Microsoft, Google деген чоң-чоң компаниялар орусиялык компаниялар менен иштеше албайбыз деп коюшту. Бул ишканада беш кыргызстандык иштейбиз. Кырдаалдан улам ортодо жумуштар бир аз аксады, азыр кайра ордуна келди”.

Кыргызстандагы Жогорку технологиялар паркынын аналитикалык маалыматы боюнча кыргызстандык программисттер кирешесинин 93,5% экспорттон табат. Статистика боюнча кыргыз программисттеринин эмгектеринин 38,2% АКШга, 16,6% Орусияга жана 15,8% Казакстанга экспорттолот.

Жогорку технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак Темиров Орусиядагы кризистен улам Кыргызстандын IT адистерине ал жактан келчү буйрутма менен кирешенин көлөмү азаярын божомолдойт.

Чубак Темиров, Жогорку технологиялар паркынын аткаруучу директору
Чубак Темиров, Жогорку технологиялар паркынын аткаруучу директору

“Бул жерде эң чоң көйгөй - рублдин куну сомдон ылдый түшүп кеткени болду. Биздин компаниялар үчүн Орусия менен кызматташуу пайдасыз болуп калышы мүмкүн. Буйрутманын азайып кетиши да чоң коркунуч эмес, рублдин наркы сомдон аз болуп кетиши ойлондуруп жатат. Мындан улам, биздин компаниялар атаандаштыкка туруштук бере албай калышы мүмкүн. Мурун рубль кымбатыраак болуп, биздикилер арзаныраак жасашчу да. Азыр эми биздин кызматтар Орусия үчүн кымбат болуп калды”.

Орусия да дүйнөлүк социалдык медиалардын жабылышынан соң боштукту толтуруу аракетин көрүп жатат. Колдонуучулардын бир бөлүгү орусиялык Odnoklassniki, VKontakte, Yandex Zen өңдүү платформаларга өтүүдө. YouTube`дун ордун RuTube алмаштырса, Инстаграмдын ордуна Rossgram деп аталган социалдык тармак даярдалып жатканы кабарланууда. Социалдык тармактарга чектөө кирерден мурда Орусиянын белгилүү блогери өзүнүн Телеграм каналын жарыялап, мындан ары ошол тармакты колдонорун да айтып келишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG