Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Бийликти сындаган активист Орусиядан чыгарылды


Иззат Амон.
Иззат Амон.

Орусиядан депортацияланган укук коргоочу Иззат Амон Дүйшөмбү шаарынын аэропортунан кармалды. Бул тууралуу билдирген анын жакын туугандары эки күндөн бери кайсы жакта кармалып турганын билбегенин айтышат.

Тажикстандык укук коргоочу Иззат Амондун уулу Мухаммадюсуф Холов 29-мартта “Азаттыктын” тажик кызматына атасы менен жолугушуу аракетинен майнап чыкпаганын айтты.

“Биз анын каякта экенин жана кандай абалда экенин билбейбиз. Бизге ал камакта экенин айтышты. Издеп барсак, “ал бул жакта жок” дешти. Анан биз ИИМге кайрадан кайрылдык. Бизге кат жазыш керектигин, ошондо гана так маалымат болорун айтышты”.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 26-мартта активистти алдамчылыкка айыптап, Иззат Амон Орусиядан депортация болуп, аэропорттон кармалгандан бир күндөн кийин ага кылмыш иши козголгонун билдирген.

Иззат Амон жана уулу Мухаммадюсуф Холов (оңдо).
Иззат Амон жана уулу Мухаммадюсуф Холов (оңдо).

Иззат Амондун үй-бүлөсү аны Орусиядан депортациялап, Тажикстанда камакта кармоо жана ага жакындарын жолуктурбоо мыйзамга каршы келерин белгилешти. Анын уулу бийликтен эч ким ага атасынын камалганы тууралуу айтпаганын билдирди.

Ал эми тажик мыйзамына ылайык, милиция кармалган жаран тууралуу анын жакындарына кабарлоого милдеттүү.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Иззат Амондун иши боюнча расмий комментарий берген жок. Бирок министрликтеги булактар ал учурда Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгында отурганын жана убактылуу кармоо жайына которула электигин билдиришти.

"Анын иши Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") боюнча тергелип жатат", - деп билдирди жеке булак.

Ал арада Иззат Амондун уулу Мухаммадюсуф Холов бул иш акыйкат тергелээрине ишенбей турганын айтты.

"Себеби менин атама ушуга чейин адвокат берилбей жатат жана биз ал кайда экендигин билбейбиз. Мен буга чейин Дүйшөмбүдө бир адвокатка кайрылгам, бирок ал азырынча так жооп бере элек", - деди Холов.

Социалдык тармактарда Иззат Амонду камакка алуу мыйзамсыз экенин жана анын эркиндикке чыгышын талап кылган билдирүүлөр байма-бай тарап жатканын көрсө болот. Ошондой эле шейшембиде бир канча тажикстандык мигранттар Москвадагы Тажикстандын башкы консулдугуна чогулуп, Иззат Амонду бошотууну талап кылышкан. Көп өтпөй аларды полиция кармап кеткенин өздөрү соцтармактардан билдиришкен.

Ал эми Амондун тарапташтары анын жоголгонун 25-мартта билдиришкен. Камакка алынганга чейин алдын-ала жаздырылган видеодо Иззат Амон Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, аны куугунтуктап жатышканын билдирген.

"Мени бир канча күндөн бери аңдып жүрүшөт. Ошондой эле бир канча күн мурун тажик бийлигинин буйругу менен орус паспортум жараксыз деп табылганын билдим. Урматтуу президент Путин, эгер сиз бул видеону көрүп жатсаңыз анда мен Орусиядан чыгарылып кеттим деп билиңиз. Тажик бийлиги айрым кишилерге көп суммада акча берип мени айыптоого аракет кылып жатышат".

Ал ошондой эле 1996-жылдан бери Орусиянын жараны экендигин, бирок бир нече күн мурун анын паспорту жараксыз деп табылгандыгын айткан.

Буга чейин Москванын Тверской райондук соту Иззат Амонго "Оруссияда мыйзамсыз иштеген" деп айып тагып, өлкөдөн депортациялоо боюнча чечим чыгарган. Соттун чечими 4-мартта кабыл алынып, 16-мартта күчүнө кирген.

Ал эми шейшембиде орус бийлиги тажик тектүү диний ишмер Саиднуриддин Розиковду орус жарандыгынан ажыратып, өлкөдөн чыгарылганы кабарланды. Эшони Саиднуриддин деген ысым менен таанымал 60 жаштагы диниятчы 23 жылдан бери Свердлов облусунун Режевский районунда жашаган.

Саиднуридди Розиков.
Саиднуридди Розиков.

Саиднуридди Розиковдун туугандарынын айтымында, Тажикстан бийлиги аны негизсиз түрдө өлкөдө тыюу салынган «Салафия» диний агымына байланышы бар деп айыптоодо.

Жакында Орусия бийлиги аны паспорт алууда документтери жетишсиз деген шылтоо менен орус жарандыгынан ажыраткан.

Буга чейин орус бийлиги өлкөдө туруктуу жашаган бир канча тажик диаспорасынын өкүлдөрүн кармап, аларды орус жарандыгынан ажыратып, Тажикстанга жөнөткөн учурлар да катталган. Мисалы, 2017-жылы Орусияда эмгек мигранттарынын укугун коргогон Каромат Шариповдун жарандыгын алып, аны Москвадан чыгарып салган. Каромат Шарипов бул окуядан кийин Орусияга эки жыл бою кайтып келүүгө аракет кылган, бирок 2020-жылы май айында 57 жаш курагында жүрөгү кармап каза болгон.

Былтыр Самара шаардык соту “Пайванд” аттуу тажик маданий коомунун жетекчиси Сайдасрор Мирзоевди Орусияда жүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, аны өлкөдөн депортациялаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG