Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Орусиядагы шайлоо: урнага чачылган зеленка, Молотов коктейли


Орусиядагы шайлоо: урнага чачылган зеленка, Молотов коктейли
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

Орусияда 16-мартта президенттик шайлоонун экинчи күнкү добуш берүүсү уланууда. Шайлоо 15-мартта башталган жана 17-мартта аяктайт. 16-мартка караган түнү Казан шаарында президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраган Борис Надеждиндин жергиликтүү штабынын башчысы Дмитрий Румянцев кармалганы кабарланды. Ага чейин анын Владивостоктогу, Ханты-Мансийскидеги, Челябинскидеги, Петербургдагы жана Чебоксарыдагы тарапкерлери да кармалган. Согушка каршы чыгып жаткан Надеждиндин тарапкерлери шайлоо тилкелеринин алдында туруп, шайлоочулардан сурамжылоо жүргүзүп жатышкан. Санкт-Петербургда шайлоо участкасында Молотов коктейлин ыргытышкан. Воронежде бюллетень салган урнага зеленка чачылган. "Голос" кыймылы участоктордогу көптөгөн мыйзам бузууларды байкашкан. Кемеров облусунда шайлоочуларга арак, Челябинскиде анализ тапшырууну сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG