Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Москва Ташкентке мектеп кургусу келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коңшу Өзбекстанда Орусиянын демилгеси менен курула турган мектептерге каршы пикирлер айтылууда.

Демилгени орус премьер-министри Михаил Мишустин 18-сентябрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукканда көтөргөн. Анда Кремль "окуучуларды орус маданияты жана салттары менен жакындан тааныштыруу" максатында Өзбекстанда бир нече мектеп курууну сунуштаганы айтылган.

Расмий Ташкент өзбекстандыктарга Орусиянын мектеп куруу боюнча сунушун "туура эмес чечмелебөөгө" чакырды.

18-сентябрда Москвада өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги биргелешкен комиссиянын жыйынында Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин "окуучуларды орус маданияты жана салттары менен тааныштыруу" максатында Өзбекстанда бир нече мектеп куруу сунушун киргизди.

"Биз Өзбекстанда Орусиянын программалары менен орус тилинде билим бере турган бир нече мектепти курууга даярбыз. Мындай жол менен окуучулар орус маданияты жана каада-салты менен жакшыраак тааныша алат. Эгер [Өзбекстан] кызыкдар болсо, биз мындай өтүнмөнү карап чыгабыз", - деди Мишустин.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бул сунушту жылуу кабыл алганын, өлкөдө 10 миңден ашык орто мектептин 10% толугу менен орус тилинде билим бере турганын кошумчалады.

"Пропаганданын бир бөлүгү болуп калат"

Бул билдирүүдөн кийин Өзбекстандагы социалдык тармактардын колдонуучулары Орусиянын Өзбекстанда мектеп куруусуна каршы пикирлерин айта баштады.

Комментарийлерде орус окуу программасы негизинен Москванын пропагандасынын бир бөлүгү болуп калганы, окуу китептеринде Украинанын басып кирүүсүн актаган темалар камтылганы айтылат.

Билим берүү боюнча эксперт Комил Жалилов белгилегендей, Орусия Өзбекстанда куруп жаткан мектептер Москванын саясатын үгүттөгөн жайга айланышы мүмкүн.

"Өзбекстандын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, бардык билим берүү уюмдары мамлекеттик стандарттарды сактоого милдеттүү.

Орусиянын окуу планында Украинага каршы агрессияны актаган темалар камтылган жана мектептеги билим берүү пропаганданын бир бөлүгү болуп саналат", - деп жазат өзбекстандык эксперт.

Ал эми 19-сентябрга караган түнү Өзбекстандын премьер-министринин басма сөз кызматы коомчулукту мектеп куруу боюнча Орусиянын сунушун "туура эмес чечмелебөөгө" чакырды.

Расмий билдирүүгө ылайык, бир мамлекеттин эсебинен башка өлкөнүн аймагына мектеп жана ушул сыяктуу социалдык объектилерди куруу тажрыйбасы бар. Бул өз ара социалдык жардам катары классификацияланат.

"Белгилей кетчү нерсе, чет мамлекеттер тарабынан курулган мектептердин билим берүү программалары адегенде бул тармактын адистери тарабынан улуттук үрп-адаттарыбыз, баалуулуктарыбыз жана каада-салттарыбыз, тарыхыбыз, учурдагы укуктук документтер, билим берүү стандарттары өңүтүнөн тыкыр изилденет", - деп жазды Өзбекстандын премьер-министринин басма сөз катчысы Бекзод Хидоятов.

Ал мындан улам "социалдык тармактын колдонуучуларын далилсиз маалыматтарды таратпоону" суранды.

Кремль коңшу Өзбекстанда мектеп куруу демилгесин 2021-жылы да көтөргөн. Анда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "орус тилинин позициясын бекемдөө" планы менен беш мектеп куруу сунушун айткан. Бирок андан бери бул сунушка колдоо көрсөтүлгөн эмес.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда орус тили расмий деген макамга ээ эмес. Ошол эле учурда өлкөдө орус тилинде билим берген 900дөн ашык орто мектеп бар.

Орус тилин окутуу азайганын айткан консул иштен кеткен

Ал эми былтыр Казакстанда 1-класстын окуучуларына орус жана англис тилин үйрөтүү токтотулган.

Агартуу министри Асхат Аймагамбетов мектепке жаңы кирген балдар алгач казак тилинде жазганды, окуганды үйрөнүп туруп, анан башка тилдерге киришерин айткан.

Бирок казак бийлик өкүлдөрү жакынкы жылдары өлкөдө орус мектептери, класстары жоюлары тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Президент Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы КМШда орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм түзүүнү сунуштаган. Ал кийин Санкт-Петербургда өткөн саммитте 2023-жыл Шериктештикте "орус тилинин жылы" болорун айткан. Бул "демилге" Казакстанда түрдүү ар түрдүү талкууларга жем таштап, серепчилер оболу өлкөдө казак тилине көңүл буруу керектигин айтышкан.

Орусиянын Алматы шаарындагы башкы консулу Евгений Бобров 26-августта ТАСС агенттигине курган маегинде Казакстанда соңку жылдары орус тилдүү мектептердин, класстардын саны кыскарып жатканын айткан.

"Бул бир жагынан орус тектүү калктын 15% чейин азайышы менен байланыштуу. Экинчи жактан, Агартуу министрлиги казак тилине басым жасоо менен окутуу программасын өзгөртүп жатат", - деген орус дипломаты кийин кызматынан кол жууган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги орус дипломат бул өлкөдө мындан ары иштебей турганын билдирген. Мекеменин өкүлү Айбек Смадияров анын дипломатиялык миссиясы аяктаганын айтып, Бобровдун иштен кеткени анын орус тили тууралуу соңку билдирүүсү менен байланышы бар-жогун тактаган эмес.

Орусия каржылаган мектептер

Орусия Кыргызстандын ар бир облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында курууну көздөп жаткан тогуз мектептин үчөөнүн пайдубалын түптөө салтанаты 1-сентябрда онлайн форматта уюштурулуп, ага эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путин катышты.

Аталган мектептерде окутуу орус тилинде гана, эки өлкөнүн мамлекеттик стандарттарына ылайык жүргүзүлөрү, каржылоону толук бойдон орус тарап өзүнө алып жатканы, ачылышы эки жылдан кийин болору, ар бири 1 224 орунга эсептелип курулары, ичинде бассейни, заманбап жабдыгы болору айтылды.

Алгач капсула салынган үч мектепти 2025-жылга, ал эми калганын 2029-жылга чейин ишке берүү мерчемделүүдө.

Бишкек, Баткен, Караколдо Орусия каржылаган үч мектептин курулушуна капсула салуу учурунда тартылган сүрөт. Эки өлкөнүн президенттери ага онлайн катышкан. 1-сентябрь, 2023-жыл
Бишкек, Баткен, Караколдо Орусия каржылаган үч мектептин курулушуна капсула салуу учурунда тартылган сүрөт. Эки өлкөнүн президенттери ага онлайн катышкан. 1-сентябрь, 2023-жыл

Орусиянын Мамлекеттик Думасы былтыр бардык мектептер үчүн бирдиктүү программа кабыл алган. Ага ылайык, мамлекеттик жана жеке мектептердеги окуу китептери мамлекеттин тапшырыгы менен гана чыгат.

Ошондой эле орус тили, адабият, география, жашоо коопсуздугунун негиздери, тарых сабактары өзгөртүлөт. Мисалы, айрым китептерде Орусиянын Украинадагы агрессиясы "атайын аскердик операция" деген бөлүм менен толукталган. Мындан сырткары тарых сабагынын айрым беттеринде Орусияга санкциялар киргизилип, чет элдик компаниялар өлкөдөн чыгып кеткенден кийин, “жаштарга бизнесте карьера жасоо үчүн фантастикалык мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат” деп жазылган.

Орус тили расмий деген макамга ээ болгон Кыргызстанда 250дөн ашык орус тилдүү мектептер бар. Алардын көбү Бишкек шаарында.

2021-жылы февралда Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз класстары менен тайпаларын ачуу буйругун чыгарган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында, Бишкектеги 103 мектептин 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG