Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:10

Омор Султановдун үч чоң бийиктиги


Омор Султанов.
Омор Султанов.

Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Ал 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-апрелде саат 10:00дө Улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.

Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун талантынын күчү жана кыргыз адабиятына киргизген жаңылыгы эмнеде? Адабият таануучу жана жазуучу Абдыкерим Муратов “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна жооп берди.

-Классик акын Омор Султанов кыргыз адабиятында алдыга киши салдырбас даңазалуу акынга айланды деп айтып келатабыз. Бул акындын талантынын кудурети эмнеде?

-Омор Султанов 50-жылдардын экинчи жарымынан тарта кыргыз адабиятына "Тоо күндөрү” (1961), “Жылдыздуу түндөр” (1965) деген эки жыйнагы менен көпчүлүктүн бири катары келген. Анан 1968-жылы “Отузунчу станция”, 1970-жылы “Аэропонарома” деген эки жыйнагы күтүүсүздөн эле таланттуу акын катары таанытты. Анын талантынын күчү, кыргыз адабиятына алып келген жаңылыгы эмнеде эле?

Ошол 60-жылдары советтик адабиятта чоң секириктер болуп жаткан. Советтик мурдагы поэзияны тануу, дүйнөлүк жаңы стандарттарга умтулуу пайда болгон. Андрей Вознесенский, Булат Окуджава, Евгений Евтушенко, Роберт Рождественский, Белла Ахмадулина, биздин Рамис Рыскулов стандарттарды бузуп, жаңы жолдорду таап жаткан. Омор Султанов ошолордун ичинен көзгө көрүндү. Анын биринчи жаңылыгы - ак ырды дагы, салттуу ырды да жазып, ийгилик жаратты. Өзүнүн жазганы бар: "Акындар кечиргиле, ырларыңар окшошот совхоздун ак койлоруна" деп.

-Кыргыз акындарынын ырларын айтып жатат да э?

- Ооба. Бул эми өзүн-өзү бийиктиктен көрө алуусу, кыргыз акындарын новатордук изденүүгө түрткү берүүсү сыяктуу болуп атат.

Абдыкерим Муратов.
Абдыкерим Муратов.

-Жогоруда сиз атаган ошол учурдагы советтик алкактагы чыгаан калемгерлер менен кандайча ийиндеш болуп, кандайча алар менен бир деңгээлде туруп калган?

-Ал акындардын өзгөчөлүгү чоң залдарга чыгып, аудиторияны өздөрүнө буруп алып, кадимки артисттердей ырларын кагаз карабай, жатка айтып берип турушкан. Окурмандар аларды ошол убакта аябай активдүү сүрөп турган. Омор Султанов да ошондой бардык ырларын жатка билген. Ал Кыргызстандабы, Орусиядабы, башка шаарлардабы, элди муютуп, кол чаптырып, өзүнө тарткан. Ошондуктан, тигилер акынды өздөрүнүн чөйрөсүнө кошуп алып турган. Чет мамлекетке же башка союздук республикаларга, шаарларга барыш керек болсо сөзсүз түрдө Омор Султановду кошуп алып турушкан. Ошондон улам анын ырлары орус тилине которулуп, орус тили аркылуу башка чет тилдерге которулат.

Ошол 60-жылдары кыргыз адабияты, кыргыз поэзиясы дегенде Омор Султановду, прозасы дегенде Чынгыз Айтматовду атап турушкан. 35 жашында бүткүл союздук адабиятка өзүнүн жүзүн көрсөткөндүгү бул кыргыз адабиятынын чоң куту болгон.

-Акындын артыкчылыгы деп айтса болобу, өзү айткандай чарчагыча, өмүрүнүн акырына чейин жазып, болгондо да чыгармаларынын деңгээли улам бийиктеп отургандай сезилет. Мисалы, “Адамдын турмушу” романы чыгармачылыгынын эң бийик жеткен чеги деп айтса болобу?

-Ооба. Омор Султановдун үч чоң бийиктиги бар. Биринчи бийиктиги – “Сен жөнүндө поэмасы”. Бул кыргыздын 30-жылдан бери келаткан кыналышкан уйкаштыктар аркылуу адамдын ички сезимин берет. Мында эки нерсе бар: сүйгөн адам, сүйүлгөн адам. Экөөнүн тең образы мыкты ачылган. Ошол поэма жазылгандан бери кыргыздын эчендеген муундагы жаштары үзүндүлөрдү көчүрүп алышып, жигиттер кыздарга ыр жазышып, обон чыгарышып, далай жаштардын үй-бүлө курушуна, сүйүүнүн маанисин түшүнүшүнө себеп болуп келатат. Акындын бактысы ушунда – 70-жылдардан тарта кыргыз коомунда “Сен жөнүндө поэмасы” менен жашап келатат, жашай берет.

Аудиосун бул жерден угуңуз:

Омор Султановдун үч чоң бийиктиги
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:24 0:00

Карасаң, ушундай формадагы ырлардан кийин эле башкача стилдеги, формадагы “Чарчоонун жүзүнчү ырын” жазып атат. Мында эркиндик көбүрөөк. Бала кезинен тартып кыйын күндөрдү, трагедиялуу учурларды чарчоого салыштырып, 100 ыр жазып атат. Колунан келбей турган нерселер менен өткөндөрдү эске түшүрүп, ырга салат. Акындын мыктылыгы – ырды кесипкөй жазма адабияттагы төкмөчүлүк сыяктуу кыйналбай, эркин жазат. Мындан түбүндө акындык табият көрүнүп турат. Мен албетте, төкмөчүлүк дегенде ыр куруу, уйкаштыруу чеберчилигин, ыргагын айтып атам. Бейуйкаш ырларында дагы ушундай эркиндик, акындык талант жатат.

-Ырлары мүнөзүнө, мүнөзү ырларына окшош деп да айтып жүрүшпөйбү...

-Мен ал кишини өтө жакындан билбей калдым. Билгеним, 35 жашында Жазуучулар союзунун катчысы болгон кезинде деңиздин толкунундай албууттанып, күркүрөп-шаркырап жүрчү. Адабияттын тазалыгы үчүн күрөшчү. Ошондой бийик пафосу, мүнөзүнүн бийиктиги ырларынан көрүнүп турат.

-Советтик адабиятчы Михаил Синельников көңүл айтуусунда Омор Султановдун уюштуруучулугун жогору баалаган экен. Баягы токсонунчу жылдардагы чыгармачыл союздардын ыдыраган учурун эстеп жатат.

-Синельниковдун түбү оштук. Ошто төрөлүп, чоңойгон. Омор Султановду, Жолон Мамытовду жакшы билет. Ырларын которуп да жүргөн. Балким, мындай окуя жоктур, Султанов Кыргызстан жазуучулар союзун үч жолу башкарган. Эки жолу катчы болгон. Кийин союз ыдырап, үч-төрткө бөлүнүп жатканда да төрага болгон. Ошол мезгилде “Жаңы Ала-Тоо” деген журналды, “Кыргыз адабияты” деген гезитти негиздеген.

Жаштар үчүн көп күйүп жүрчү. Абдан көп жаштар Омор Султановду өзүнүн устаты катары санайт. Аларга жол көрсөтүп, жыйнактарынын чыгышына жардам берген. Кыргыз поэзиясында “устат-шакирт” маселесин өнүктүргөндөрдүн бири катары эсептелет.

Өзүң айткан “Адамдын турмушу” деген ыр романды жазыш ар кимдин колунан келе бербейт. Бул үчүн чоң деңгээлдеги акын, чоң деңгээлдеги адам болуш керек. Омор Султановдун котормолору дагы мыкты.

-Омор Султановдун чыгармалары узакка окулса керек, кандай дейсиз?

- Албетте, Омор Султанов дагы көп окулат. Айрыкча поэзиясы эч убакта китеп дүкөнүндө калып калбады. Кайра-кайра басылып турду. Обондор жазылат. Обон жазыш үчүн текстте жан, рух, ыргактардын чебер айкашы керек. Акында ушунда чебер айкаштык жашайт.

Акыркы жылдары адабияттар бири-бирине жакындашпай, жазуучулар тириликтин айынан өзү менен өзү болуп турган жылдарда детектив жанрына да кайрылып жатпайбы. “Остров дракона”, “Пираты поневоле”, “Таинственный всадник”, “Весть с того света” деген романдар сериясын жазып таштабадыбы Герман деген жазуучу менен. Бул бир адамдын аткара ала турган иши эмес да. Азырынча окулбай турат. Адабиятка мамиле ушундай болуп атат. Бир убакта талашып, окулуп кетер.

Омор Султановдун жакшы прозалары бар. Студент убакта курстук иш жазгам. “Улуу дайра”, “Аралдар арасында”, “Мухитке жол”, “Ак жол, көк асман” деген прозалары эмнегедир окулбай калды. Ушулар бара-бара окурмандардын жүрөгүнөн түнөк табышы керек.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG