Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

Оксфорд сөздүгү 2020-жылдын өзөк сөзүн аныктай алган жок


"Кыскача Оксфорд англис тили сөздүгү" китебинин мукабасы.
"Кыскача Оксфорд англис тили сөздүгү" китебинин мукабасы.

2020-жылы англис тилдүү коомчулукта жаңы жана жаңы мааниге көчкөн арбын сөздөр колдонулду. Сөз таануу жаатындагы Бакай Алмаз сунуштаган блог.

Ар жылы "Оксфорд англис тили сөздүгү" басмасы тарабынан жыл ичинде эң көп колдонулган сөз аныкталып, ал сөз “жылдын сөзү” деп тандалат.

Мисалы, 2019-жылдын сөзү катары “климаттык өзгөчө кырдаал” сөзү бул сөздүк тарабынан эң көп колдонулган деп табылса, андан мурдагы жылдарда toxic (уулуу), youthquake – сөзмө-сөз которгондо “жаштардын титирөөсү” (earthquake – “жер титирөө” сөзүнүн маанилеши) деген сөздөр жылдын сөзү деп аталган.

Ал эми "Оксфорд сөздүгү" басмасынын расмий билдирүүсүндө айтылгандай, “болуп көрбөгөндөй” өткөн 2020-жылды бир сөз менен жыйынтыктоого мүмкүн эмес. Андыктан, быйыл бир сөздү тандап алуунун ордуна "Оксфорд сөздүгү" басмасы тилдеги жаңы көрүнүштөрдү изилдеген баяндамасын жарыялады.

Сөздүктүн изилдөөчүлөрү акыркы 12 айда англис тилинин лексика корунда болуп өткөн ылдам өзгөрүүлөрдү интернетте жарыяланган жаңылыктарда, блогдордо, ж.б. маалымат булактарында колдонулган 11 миллиарддан ашуун сөздөрдүн, курамдардын негизинде изилдешкен.

2020-жылы дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөндөй окуялар менен коштолгондугуна байланыштуу башка тилдер менен катарлаш эле англис тилинде дагы жаңы “коронавирус" ("COVID-19") сөзү пайда болду.

Билдирүүлөргө караганда, “коронавирус” сөзү 1960-жылдардан бери изилдөөчүлөр жана медициналык адистер тарабынан гана тар чөйрөдө колдонулуп келсе, ал эми “Covid-19” сөзү алгачкы жолу 2020-жылы 11-февралда колдонууга кирген.

2020-жылдын апрель айынан тарта “коронавирус” сөзү англис тилинде эң көп колдонулган сөздөрдүн катарын толуктады. Ошол эле жылдын март айынан тарта "изоляция" ("обочолонуу"), "социалдык аралык", "кайрадан ачылуу" сыяктуу пандемияга тиешелүү сөздөр кеңири колдонулду.

2020-жылы июнь айында АКШда расалык теңсиздикке каршы өткөн нааразылык чаралардын алкагында “Каралардын жашоосу маанилүү” деген билдирүү кеңири колдонулду. Ошол тапта “cancel culture” ("жокко чыгаруу маданияты") деген сөздүн колдонулушу дагы арта баштады.

"Оксфорд сөздүгү" басмасынын расмий баяндамасында жаңы сөздөр менен катар колдонуу аймагын кеңейткен сөздөр дагы тизмектелди.

Мисалга алсак, 2020-жылы “пандемия” сөзүнүн колдонулушу 57 000%га артты. Өзгөчө кырдаал кадыресе жумуш шарттарын дагы өзгөртпөй койгон жок, ошондон улам “аралык” жана “аралыктан” сөздөрүнүн колдонулушу март айынан кийин 300%га артты.

Ошондой эле онлайн байланышуу тиркемелеринде колдонулган “үндү өчүрүү” жана “үндү жандыруу” сөздөрү 500%га көбүрөөк колдонулгандыгы белгилүү болду.

Жалпысынан алганда "Оксфорд сөздүгү" басмасы 2020-жылдын мазмуну катары төмөнкү 16 сөздү тизмеледи:

- Bushfire ("токойдогу өрт"; чытырман токойдогу ири өрт);

- Impeachment ("импичмент");

- Acquittal ("актоо өкүмү");

- Coronavirus ("коронавирус");

- Covid-19 ("КОВИД-19");

- Lockdown ("карантин");

- Social distance ("социалдык аралык"; "коомдук обочолонуу"; жугуштуу илдетти таркатпоо үчүн тиешелүү аралыкты сактоо эрежеси);

- Reopening ("кайрадан ачылуу"; мында коронавирсутун айынан карантинге жабылган ишмердик түрүнүн кайра өз ишин жандантышы);

- Black Lives Matter (“Каралардын жашоосу маанилүү”; АКШдагы антирасачыл кыймылдын урааны);

- Cancel Culture (же болбосо "call-out culture"; "жокко чыгаруу маданияты"; кайсы-бир жосунсуз жорукка барды деп шектелген кишини же жакты маданий бойкот жарыялоо аркылуу коомдук жазалоо аракети);

- BIPOC (Black, Indigenous, and People of Color; "кара, жергиликтүү, түстүү кишилер", КЖТК; бул термин аркылуу АКШ менен Канадада расачыл жана башка кысымдарга дуушарланган кара түстөгү, жергиликтүү индей жана башка европеоид эмес кишилердин укуктарын жалпы коргоо маселеси чагылдырылат);

- Mail-In ("электрондук кат ыкмасы"; шайлоодо же отурумда добуш берүү сыяктуу чараларды электрондук почтоо аркылуу жүзөгө ашыруу ыкмасы);

- Belarusian (беларус; өз өлкөсүндөгү авторитардык режимге каршы чыккан каарман элдин өздүк этностук аталышы; орустар "белорус" дешсе, беларстар өздөрүн "беларус" дешет; бул "Кыргызстан" аталышын айрым шовинист орустар атайылап "Киргизия" деп жазган окуяларды эске салат. - Ред.);

- Moonshot ("айды чапчуу"; маалымат технологиясынын ири саамалыгы же долбоору);

- Superspreader ("өтө тез жайылтуучу"; б.а. жугуштуу оооруну башкалардан көбүрөөк жайылтуучу)

- Net Zero ("таза нөл", көмүр кычкыл газын чыгарууну 2050-жылга карата толук ооздуктоого багытталган экологиялык долбоор).

Албетте, кыргыз сөздүгү жаатында да ушундай заманбап тизмени такташыбыз мүмкүн. Көп колдонулган же жаңы маанидеги сөздөрдүн арасында "жемкорлук", "матрай-архат", "фейк кабар", "троллдор фабрикасы", "Аманда", "Урицкий" сыяктуу сөздөр орун алышы ажеп эмес.

Бакай Алмаз,

блогер.

XS
SM
MD
LG