Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Өкмөт суу тартыштыгын алдын алууга акча бөлдү


Чоң Чүй каналынын батыш бөлүгүн тазалоо учуру. 6-март, 2022-жыл
Чоң Чүй каналынын батыш бөлүгүн тазалоо учуру. 6-март, 2022-жыл

Министрлер кабинети 2022-жылы өлкөдөгү ирригация тармагын жакшыртууга 1 миллиард сом бөлдү. Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келет.

"Суу быйыл дагы нормадан аз болот"

Өткөн жылы Борбор Азияда кургакчылык болуп, сугат суу тартыштыгы Кыргызстандын айыл чарбасына кесепетин тийгизди. Дыйкандар жылдагыдай түшүм албай, мээнети талаада калганына даттанган.

Маселен, Улуттук статистика комитетинин эсебинде, буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2%, картөшкөнүкү 10,1%, бакча өсүмдүктөрүнүкү 6,7%, мөмө -жемиштики 6,5% жана жашылчаныкы 2,4% кыскарган.

Божомолго ылайык, быйыл дагы талаптагыдай суу болбой калышы мүмкүн. Чүйдө өткөн жылга салыштырмалуу 15 пайыз кар көп түшкөнү менен белгилүү чекке жеткен жок. Ошондуктан кайрадан суу таңкыс болушу мүмкүн дейт Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев.

“Бизде нымдуулук жана агын суулар боюнча алдын ала божомол бар. Былтыркыга салыштырмалуу 15-20 пайыз жакшы болот. Бирок, баары бир нормадан аз болот. Ошого быйыл каражат эрте бөлүндү. Ноябрда 100 млн. сом бөлүнгөн. Жалпысынан чоң-кичине болуп 900 чакырым каналдарды тазалайбыз. 300 чакырым оңдоп-түзөөдөн өтөт. Албетте, 28 миң чакырым суу арык менен жетет. Каналдар бетондолбой калган. Сууну жеткирүүдөгү жоготууларды кыскартуу үчүн жаңы ыкмалар да каралууда. Суу бөлүштүрүүчү жерлерди автоматташтыруу аракеттери жүрүп жатат. Кайсыл жерге канча суу керек, канча суу келип жатат баарын анализдеп, тактап жатабыз”.

Алдын алуу чаралары дегенде, сугат сууну тескөөчү бассейндер курулуп, Чоң Чүй каналынын бир топ бөлүгү казылып, жер астынан суу тартуучу насостор иштетилмей болууда.

Кырдаалдан кантип чыгабыз?

Өткөн жылы Кыргызстандын бардык аймагында суу тартыш болду. Бул көйгөй айрыкча эл жыш, дыйканчылык иштерин эрте баштаган Чүй өрөөнүндө катуу байкалды.

Кургакчылыктын айынан чөп жакшы чыкпай, эгин талаалары кургап, мөмө-жемиш бышпай, малга тоют камдоо чоң көйгөйгө айланган.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында бул маселе каралып, президент Жапаров "дыйкандар ызы-чуу сала баштаганда гана ишке кириштиңер", - деп айыл чарба министрине, Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Суу чарба кызматынын директоруна сөгүш жарыялаган.

Чүйдүн Москва районундагы "Спартак" суу сактагычынын 2021-жылдын август айындагы көрүнүшү.
Чүйдүн Москва районундагы "Спартак" суу сактагычынын 2021-жылдын август айындагы көрүнүшү.

Быйыл болсо ирригация тармагын жакшыртуу үчүн бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын бир бөлүгү Чүй аймагындагы сугат суу тартыштыгын чечүүгө жумшалганы турат.

Москва районундагы Ак-Суу айыл аймагына декадалык ирээтке салуу бассейнин куруу зарыл дейт айыл аймагынын башчысы Алтынбек Курманалиев.

“Эки жылдан бери кургакчылыкты аябай сезип жатабыз. Түшүм начар болгондо дыйкандарыбыздын да колу сууп калат экен. Өткөн жылы жерибизди сугарып жетишпей калдык. Сугат суу өтө тартыш, анын айынан түшүм начар болду. Ошондуктан Ак-Суу дарыясына декадалык ирээтке салуу бассейнин куруу өтө зарыл болуп турат. Долбоор даярдалып, жер тилкесин да ажыратып койдук. Эми ишке ашып кетсин деп турабыз. Долбоор ишке ашса, 6 миң гектардай аянтка суу жеткирүү иши жакшырып, эки жүз гектар кайрак жерибизди суулуу жерге өткөрүп алабыз да. Быйыл да суу тартыш болот деп жатышат. Ошонун алдын алуу чараларын карап жатабыз. Арык менен каналардарды тазалап, жыртык-тешигин жамап дегендей”.

Ак-Суу дарыясына сууну жөнгө салуучу бассейин куруу үчүн 700 млн. сомдон ашык каражат Кытай грантынан каралмай болуп жатат.

Ал эми Панфилов району эң четки аймак болгондуктан узундугу 100 чакырымга жеткен Чоң Чүй каналынан суунун жетиши абдан кыйын дейт жергиликтүүлөр. Айрыкча, Казакстан менен чектеш Чалдыбар айыл аймагында сугат суу маселеси оор. Айыл аймакта 13 миң гектардай айдоо аянты бар. Союз мезгилинде иштеп турган жер астындагы сууну тартуучу 12 насос бир топ жылдан бери каралбай калган. Быйылкы жылы казынадан каралган каражаттын эсебинен баарына электр чубалгылары кайрадан тартылды. Ага ылайык, сууну 200 метрге чейинки тереңдиктен алуу иши сугат башталганга чейин жанданышы керек.

Панфилов райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Тимур Акматов быйылкы жылга казынадан 20 млн. сомдой каражат бөлүнүп суу тартышыгын чечүү аракети жүрүп жатканын айтты.

"1995-жылдардан баштап эле бул суу насостору каралбай, иштебей калган. Анан бул тарап каналдын эң акыры аймагы болгондуктан суунун келиши да оор. Азыр канал тазалоо иши да жүрүп жатат. Мындан тышкары бул Чалдыбарда Тереңдиктен иштеген 12 насосту кайра иштетип баштадык. Линияларды тартып, зарыл оңдоп-түзөөлөр өткөрүлдү. Ушу аймактагы суу тартыштыгын чечүү үчүн быйыл жакшы аракет жатат. Антпесе акыркы учурда суу таңкыстыгы катуу сезилип жатпайбы”.

Ошондой эле суу бөлүштүрүүдөгү алешемдиктерди жоюш үчүн Чүйдүн төрт районунда пилоттук долбоор катары суу пайдалануучулар бирикмелерин жоюу да каралды.

Кыргызстанда суу пайдалануунун жалпы кɵлɵмү жылына 10-12 млрд. метр кубга жетет. Сууну жеткирүүдɵгү жоготуулар 2 млрд. метр кубдан ашаары айтылып жүрөт. Өлкөдө 800 миң гектардай айдоо аянты бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG