Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:21

Өзбекстанда ОБОН оппозицияга кол салды


Instagram баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө Жахонгир Атажанов анын үйүнө кол салган калың топ аны мазактап, сабаганын айткан.
Instagram баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө Жахонгир Атажанов анын үйүнө кол салган калың топ аны мазактап, сабаганын айткан.

26-майда Өзбекстандын биринчи оппозициялык партиясы болгон "Эрк" белгилүү ырчы Жахонгир Атажановду президенттик шайлоого талапкер катары көрсөткөнүн жарыялады. Көп өтпөй белгисиз аялдар Атажановдун үйүнө бастырып кирип, чаң тополоң салышкан.

Өзбекстанда октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин жарыялаган Жахонгир Атажанов өзүнүн Instagram баракчасында, үйүнө белгисиз адамдар кирип келип аны мазактап, жумуртка менен уруп кеткенин билдирди. Тасмада Атажановду курчап турган жыйырмадай адам аны кемсинтип жатканын көрүүгө болот.

Жахонгир Атажанов "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына курган маегинде, анын үйүнө кирген адамдар "Күзгү" интернет басылмасынын блогери Абдукадыр Муминовдун камерасын талкалап салышканын айткан.

"Алар менин үйүмө капыстан кирип келишти. Анан кыйкыра башташты. Ошол учурда блогер Абдукадыр Муминов менин үйүмдө болчу. Бул адамдар анын 1,5 миң долларлык камерасын сындырып салышты. Окуя болгондон кийин биз полицияга жана ички иштер органдарына арыз менен кайрылдык. Чабуулга кабылганыма өкүнбөйм, бирок элибиздин ушундай деңгээлге түшүп кеткенине аябай өкүнөм", - дейт Атажанов.

Ал эми "Эрк" демократиялык партиясынын активисти Абдусалом Эргашов "бул кол салуу артында Өзбекстандын учурдагы президенти жана анын коопсуздук күчтөрү турганын" белгиледи.

"Мындай чабуул биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин ОБОН деген ат менен белгилүү сүрөөнчүлөр Хыдырназар Аллакуловдун партиясынын активисттерине кол салышкан. Оппозицияга жасалган бул чабуулдардын бардыгы жогору жактын буйрутмасы менен болуп жатат деген ойдобуз", - деди Эргашев.

Эске салсак, Өзбекстан буга окшогон жалданма сүрөөнчү - троллдорду шайлоодо колдонуп келген. Кыргызстанда ОБОН деген ат менен белгилүү түшүнүктүн да түбү Өзбекстандан чыккан.

Мухаммед Салих.
Мухаммед Салих.

"Эрк" демократиялык партиясынын бозгундагы лидери, белгилүү акын Мухаммед Салих Ташкенттеги партиялаштарына кол салуунун артында президент Мирзиёев жеке өзү турганына ишенерин жазды.

"Бул кол салуунун артында, албетте, президент Мирзиёев турат. Мындай кырдаал президенттин уруксатысыз болушу мүмкүн эмес. Жахонгир Атажановго жана биздин партиянын активисттерине Мирзиёевдин кишилери кол салды. Бирок "Эрк" партиясы интернет аркылуу добуш берүү жолу менен өз талапкерин тастыктай алды. Биздин талапкер - Жахонгир Атажанов", - деди Мухаммед Салих.

Ал арада "Эрк" партиясынын активисттери учурда Ташкентте иш сапары менен жүргөн ЕККУнун Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары Бюросунун өкүлдөрү Жахонгир Атажановдун талапкерлигин расмий көрсөткөнүн да билдиришкен.

Айтмакчы, 24-майда Ташкентке ЕККУнун шайлоо боюнча кеңешчилери Алексей Громов жан Мартин Баркер-Цыганикова келишкен. Бул иш сапарда Өзбекстандын парламентинде, Жогорку сотунда, Борбордук шайлоо комиссиясында, министрликтерде, ошондой эле саясий партиялардын лидерлери, анын ичинде саясий оппозициянын активисттери менен жолугушуулар пландаштырылганы кабарланган.

Ал эми өзбек бийлиги оппозициялык партиянын активисттерин бутага алган чабуулдар боюнча азырынча комментарий бере элек.

Шавкат Мирзиёев журналисттер менен.
Шавкат Мирзиёев журналисттер менен.

Бирок 2019-жылдын аягында президент Шавкат Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгенден бери биринчи жолу саясий оппозиция боюнча билдирүү жасаган. Ал жаштар менен жолугушууда өлкөдө сырттан кирген күчтөрдүн пайда болушуна жол бербей турганын баса белгилеген.

"Интернетте оппозиция жөнүндө талкуу жүрүп жатат. Бул кайдан пайда болду? Мен президент катары каршы эмесмин. Бирок биз чөйрөнү жаратышыбыз керек. Бул чөйрөдө адамдардын көйгөйлөрүн жакшы билген, ушул жердин суусун ичип, нанын жеген кишилер болушу керек" , - деди Мирзиёев.

Анткен менен Мирзиёевдин бийлиги тушунда өлкөнүн Юстиция министрлиги бир дагы жаңы саясий партияны каттай элек.

Ал эми "Эрк" партиясы Өзбекстанда 1980-жылдардын аягында түзүлгөн. Анын башында акын, мурдагы президент Ислам Каримовдун 1991-жылкы шайлоодогу башкы атаандашы -Мухаммад Салих турган. Кийинчерээк Салих өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда Түркияда жашайт.

42 жаштагы өзбекстандык ырчы Жахонгир Атажанов былтыр музыкалык карьерасын токтотконун, январь айында саясатка бел байлап, "Эрк" демократиялык партиясынан президенттик шайлоого аттанарын билдирген.

Өзбекстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 24-октябрында өтөт. Бирок расмий талапкерлердин аты дагы деле белгисиз.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG