Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

Мирзиёев өзү тууралуу фильм тарттырат


Шавкат Мирзиеёв жана Владимир Путин. Коллаж.
Шавкат Мирзиеёв жана Владимир Путин. Коллаж.

«Мастерская» деп аталган орусиялык киностудия Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тууралуу даректүү тасма тартууга киришти. Ал Өзбекстанда президенттик шайлоо алдында көрсөтүлөт. 

Орусиядагы «Мастерская» киностудиясы Владимир Путин тууралуу даректүү тасмалары менен белгилүү. Атайын буюртма менен тартылган биринчи тасма 2015-жылы чыккан. «Президент. Орусиянын жаңы тарыхы» деген фильмди кино сынчылар «көргөзмө үгүт» деп сындоо менен баалашкан.

2018-жылы ушул эле компания Кремлдин үгүтчүсү, алып баруучу Владимир Соловьёвдун Путин менен бир жарым сааттык маегинен өзүнчө бир тасма кылып чыгарган.

Эми Мирзиёев жөнүндө тартылып жаткан тасма «Өзбекстан. Жаңыланган тарых» деп аталат.

Бул даректүү фильмдин мазмунунан кабары бар кино сынчы Акмал Ризаев «тасма Путин тууралуу фильмдин калыбына салынарын» айтат.

«(Тасманын) башкы максаты – Мирзиёевдин башкаруусун ыйыкташтыруу. Анын эч шартсыз жана мөөнөтсүз лидерлигинен кыпындай шек калтырбоо. Фильмде Мирзиёев коомду жаңыланткан, элдин көйгөйлөрүнө кулак салган жылдыздуу лидер катары көрсөтүлөт. Анын монологдору кошулат. Ал жакта өзбек саясатындагы башка инсандар тууралуу кеп жок. Фильмдин форматы – эл жана анын алмашкыс жолбашчысы Мирзиёев».

Тасманын продюсери «Мастерская» киностудиясынын негиздөөчүсү, казакстандык Саида Медведева. Ал Ташкентке даректүү тасманын бөлүктөрүн тартуу үчүн марттын башында келген.

Расмий тасма Өзбекстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналат.

Медведева орусиялык басылмаларга Өзбекстанга «үчүнчү ренессанс доорун баштан кечирип жаткан өлкөнүн лидери тууралуу тасма тартууга баратканын» жарыялаган.

«Мастерская» киностудиясынын расмий интернет барагында Медведева өзүн «шоу режиссёру» деп атап, «Первый» жана РТР телеканалдарынын буюртмасы менен акыркы үч жылда 80ден ашуун фильм жаратканын жазат.

Мирзиёевдин эл менен жолугушуусунан
Мирзиёевдин эл менен жолугушуусунан

Ал эми «Өзбеккино» агенттигинин аты-жөнүн атабоону өтүнгөн кызматкери бул тасманы Мирзиёевдин администрациясы «буйрутма менен тарттырып» жатканын айтат:

«"Өзбеккино" менен биргеликте деп жөн эле кошуп коюшту. Бизден аны эч ким сураган жок. Бул ишти президенттик администрациянын башчысы Зайнилобиддин Низомиддинов көзөмөлдөөдө. Буюртма кылган тарап да ошол президенттик администрация. Бүт ишти «Мастерская» студиясынын өкүлдөрү өздөрүнүн техникалык базасында аткарышат. Алар 2014-жылы Өзбекстандагы тарыхый эстеликтер тууралуу «Чыгыштын бермети» деген тасма чыгарышкан».

Президенттик кызматта биринчи беш жылдыгы аяктап бараткан Шавкат Мирзиёев буга чейин жергиликтүү же чет өлкөлүк медиаларга интервью берген эмес.

Бирок 2018-жылы ал 61 жашка толгонунда «Facebook» баракчасынан даректүү тасма көрсөтүлгөн. «Президент мырза» деген фильмди президенттин ал учурдагы басма сөз өкүлү Комил Алламжанов тартканы айтылып, ал «Milliy TV» телеканалынан да чыгарылган.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл 24-октябрда өтөт. Мирзиёев азырынча расмий талапкер катары чыгарын жарыялай элек. Бирок «орус үгүт машинасынын» Мирзиёев тууралуу даректүү фильми шайлоого бир жарым ай калганда жамы журтка көрсөтүлөт.

Соңку кезде Өзбекстанда Мирзиёев жана анын үй-бүлөсү кеп-сөзгө калып, аларга коомчулук көзү кадалып турат.

Февралдын ортосунда президенттин түнкү мыйзамсыз автоунаа жарыштарында кумар жазууну жакшы көргөн эрке күйөө баласы Отабек Умаров кырсыктап, анын Германиядан атайын жалданып алынып келинген учак менен чет жакка чыгарылып кетиши интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан.

Мындан тышкары «Азаттыктын» өзбек кызматы февралдын соңунда Ташкенттен 100 чакырым алыстыктагы Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан ажайып ак сарай Мирзиёев үчүн курулгандыгын ашкере кылган.

Кийин «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы иликтөөдө айтылган маалыматтарды «негизсиз жана жалган» деп, Шоввозсой (Шаваз-Сай) дарыясынын боюндагы жер тилкеси 2010-жылы ишканага «экосистеманы коргоо» максатында берилгенин маалымдады.

Бирок эмне себептен курорттук зона деп аталган көз жоосун алган корук дале жабык турганы, жада калса анын үстүнөн учууга тыюу салынганы тууралуу эч маалымат берилген жок.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG