Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:13

Сагыныч менен арманга айланган Ак-Жол


Жазуучу Төлөгөн Касымбеков.
Жазуучу Төлөгөн Касымбеков.

Төлөгөн Касымбеков чыгармачылыгынын башталышында кенже эпикалык жанрга кайрылып, бир топ аңгемелерин, повесттерин жарыялаган. Алары азыркы турмушка арналган чыгармалар болчу.

Жазуучунун “Сынган кылыч” тарыхый романы улут адабиятында сейрек жаралчу мыкты тарыхый баян катары ушу азыр да көркөм-эстетикалык жамалын жоготпой, окурмандардын кызыгуусун арттырып келатат. Улуу сүрөткердин көркөм адабиятка баш багуусу чакан жанрдан - аңгеме жазуудан башталган. Кыргыз аңгемесинин классикасынын бул жолку чыгарылышы Касымбековдун “Туулган жер” аңгемеси жайында болмокчу.

Жетим бала, жесир аял

“Туулган жер” - Төлөгөн Касымбековдун үйрөнчүк калеминен жаралган чыгармасы. "Үйрөнчүк калем" деп атканыбыздын себеп-жөнүн чечмелей кетели. Жазуучу кийинки чыгармаларынан куралган китептерине чыгармачылыгынын башталышында жарыяланган аңгемелерин кошкон эмес. 60-жылдары Касымбековдун атын жалпы союздук адабият айдыңына тааныткан “Адам болгум келет”, андан соң “Сынган кылыч” сындуу сейрек жаралчу чыгармалары жазылып, кенже жанрдын мыкты шедеври баам сыртында калган.

Төлөгөн Касымбеков чебер стилист, таамай психологиялык деталдардын, терең философиялык жалпылоолордун устасы экенин ушул чакан аңгемесинде эле көрсөтүүгө жетишкен. Бул касиет-сапаттар кийин “Адам болгум келет” менен “Сынган кылычта” бажырая ачылып, аны жараткан авторду кыргыз совет адабиятындагы беш манжа менен саналчу классиктер катарына кошту.

“Туулган жер” 1958-жылы жазылган. Мезгилдүү басма сөзгө жарыяланып, ушундай эле аталыштагы автордун жыйнагына кирген. Аңгеме май айындагы жайлоонун керемет көрүнүшүн, табияттын кооздугун сүрөттөөдөн башталат. Жолоочулап келаткан авторго аты уйкаш Тилеген деген баяндоочу айланасындагы кооздукка арбалып, көңүлү көтөрүңкү болчу. Жолдон ал жалгыз үйгө бурулат. Кыргыз эмеспи, суусундук ичип анан жолун улайын дейт. Жалгыз үйдөн чыга калган зайып бейтааныш жигитти алгач жактырбайт.

“Аңгыча болбоду, ойноп жүргөн жеринен, үйдүн нары жагынан он бирлер чамасындагы бир кара бала дикилдеп жетип келди:

- И-и!.. – деди ал мени көрөр замат эдирейип, анан кулачын жайган бойдон, ээ-жаасыз мойнума асылды. – И-ий… Тилекем!..

Мен аны колтугунан так көтөрүп коюп, бетинен өптүм, эркелеттим:

- Сатыш!.. Чоң жигит болуп жүрөсүңбү? – деп пешенесинен сыладым.

- Карачы, боор да! – Тарашадай арык кемпир башын чайкап шыпшынды. – Атасы тирилип келгенсип, сүйүнүп кетпедиби!..

Сейде энем баласынын минтишин көрүп, эмне үчүндүр томсоро тиктеди, чүңүр көзүнөн жаш кылгыргансып кетти. Эски бостекти сүйрөп келип, мукул тыттын көлөкөсүндөгү таардын үстүнө жая салды.

- Отур, кагылайын, - деди мага ызат көрсөтө. Байкасам алачыктын да, үйдүн ичи да бош эмес, бир короо улак тынымсыз кепшеп жаткансып шабыр-шубур күч. Көрсө жибек курт экен. Тыттын баригине кана тойгон курттар барсайып-барсайып калыптыр, кээси кашекке карабай асман тиктеп, башын оңду-солду бурайт, ороор мезгили жеткен окшойт. Кандайдыр бир коңурсук жыт келип турду.

Сатыкул бир тиземди чыканагы менен баса отурду да, алагар көздөрүн алаң-булаң эткизип, мени улам-улам тиктеп коюп, аны-муну сурап бежирей берди:

- Тилеген аке, кайдан келе жатасыз?

- Кара-Көңдөйдөн. Анда мен мугалим болуп жүрөм го.

- И-и… - деди Сатымкул тирмее калып. – Эми кайда барасыз?

- Өзүбүздүн айылга, Сатыш. Ак-Жолго барам да. Нары район жакта да ишим бар.

Сатыкул жерден бир тал чөптү тырс үзүп алып, аны кош колдоп кармап, улам учун керте тиштеп, жер тиктеп мисирейди. Ойго чөмүлгөнсүдү. Ошол учурда Сейде энем чукур кара кесеге толтуруп айран куюп келди. "Бышыкчылыктын алды" деп, жайпак кырма аякка аз бөксө тытты алдыма койду. Кызыл-тазыл болуп, чиеси да бар экен. Мен муздак айрандан кере-кере жуттум да, Сатыкулга сундум.

- Ке, Сатыш, айран ич!

Ал айранды караган жок. Ийнин жамаачы баскан, күнгө көп кийилгендиктен оңуп кеткен, эски көйнөгүнүн тыттын ширеси жуккан этегин кармалап:

- Мен да барам!.. – деп күбүрөдү.

- Кайда барасың, сен? – Таенеси аны чекирее тиктеди. – Кишинин кебин укпай, эмне деп дөөдүрөп отуру бу!..

- Ак-Жолго… - деди Сатыкул. Кексе кары баланын оюн баамдай койду:

- О, кой! – деди ал катуулап. – Жолоочуну ээрчип жолбун өлөт болбо! Сен кетип калсаң, биерде апаңын күнү не болмокчу… Андан көрө, бырылдабай акең сунган айранды ичип ал!

Сатыкул мойнун бир ийнине коё шылкыйтып, мурдун чүйрүп, таңдайын “шык” эткизип апасын тиктеди:

- Ичпейм…

- Акең ич деп жатса… ич, уулум, иче кой!

Сатыкул ачырканса да, алда неге шерденип кетип, айранды тартып жиберди”.

Жалгыз үйдө күйөөсү Мамырбай өлгөндөн кийин тууганына имерчиктеп Сейде эне жалгыз уулу Сатыкул, энеси менен чогуу жашаганына үч жылча болуп калган. Бул мезгил Сатыкул үчүн кандай кыйноо болгону, туулган жерге кусасы күчөп, чыдамы түгөнүп баратканы мына ушул жерден ачыкка чыгат.

Кусалыкта өткөн үч жыл

Атасынан эрте ажыраган бала туулган жеринен да бөлүнүп калганына ичтен сызып, кандай да болсо сагынган Ак-Жолго кетүүнү эңсей баштаган. Ошон үчүн ал таенесинин катуу кебине, апасынын алдоосуна, Тилеген абасынын эки анжылыгына карабай жөө деле болсо туулган жерине кетишке кайыл. Кызыкча психологиялык жагдай түзүлөт. Апасы менен таенеси макул болбогон баланы Тилеген атына учкаштырып алып кете албайт, бала болсо кандай да болсо сагынган жерине кетишти чечкен.

“Мен аттанмакчы болдум. Сатыкул этегиме жармашып кошо басты:

- Мен да кетем!..

- О, кайда кетесиң сен! – деп чаңырды арык таенеси. – Үйүң мында турса… Барып Журтуңдагы таш тулганы сактамаксыңбы?

- Кой, медерим!.. – деди апасы да.

Мен пешенесинен сылап аны-мунуга алаксыттым:

- Сатыш, өзүң азамат эле жигит болуп калыпсың. Ак-Жолго кийинчерээк өзүң барасың! Апаң "кой" деп жатпайбы, тил албасаң кейийт го! – дедим. Бирок Сатыкулдун көнөр түрү көрүнбөйт, бышылдап ыйлап кирди:

- Барам эле-е-е… И-и…

- О, "кой", "кой" дегенди кулагыңа ил! – Таянеси аны опузалап, кыйкыра сүйлөп колунан кармады. – О, эси жок!..

Мен атымды чечтим, Сатыкул жабышып алды. Апасы негедир унчукпай карап тура берди.

Таенеси эле тыртаңдайт, кейип-кепчип баланы нары тартат, Сатыкул болбостон дулдуңдап, бош колунун муштуму менен жашын сүртүп-сүртүп, балбалактап мен жакка тырмышат. Эмне кыларымды билбей эки ортодо калдым. “Кой илешпе, сени мен алып кетпейм!” деп, алеп-желеп болуп турган баланы каксамбы же: “Жээн эл болбойт, желке тон болбойт, сиз буга тырмышпаңыз!” деп карыны силкип шагын сындырсамбы?.. Мен бир жагына тарта албадым. Ошентип бырылдап жатып, Сатыкул таенесинин таржайган колун тиштеп алды.

- Какый-ий… балакет баскыр!.. – Кемпир колун силкип жиберип, баланы чокуга укуп калды. – Тишиң өтө чыкпадыбы!

Апасы келип этектен сермей берерде Сатыкул ойт берди да, өңгүрөп ыйлаган бойдон дикилдеп жүгүрүп, тупатуура мен кете турган жакка беттеди:

- Мен кетем… кете-ем!.. – Нарыраак узап алып, “эми баспайсыңбы” дегенсип, мени жал-жал карап токтоду. – Ү-ү-ү-ү… У-у-у!..

- О, бери бас! А тилазар-а! – Таенеси ооруксуна түшкөн колун улам тикие карап коюп, шыпшынып кейип, күңкүлдөп Сатыкулду ээрчий басты. – Болбойт окшойт, бу кудай безери… Жылаңайлак, жылаңбаш…

Сейде энем да ээрчий басты:

- Бери бас, медерим, бери бас! – деп үн салды ал. – Экөөбүз эртең барабыз!..

Шарт аттанып жөнөй беришке кантип чыдайм? Же баланы калтырыш керек эле, же апасынан ыраазылык алып, кетиш керек эле… Унчукпай жөнөсөм бала сөзсүз алдыма түшүп жүгүргөнү турбайбы. “Алаткактай болуп кайдан жетип келе калды эле, бул жер жуткур!” дешери аштан бышык. Баланы эптеп апасына кармап берип, бир милдеттен кутулмакчы болдум:

- Сатыш, бери кел, садага! Атка учкаш, кел! – деп алдадым. Бирок, Сатыкул көшөрүп, кайта нары басты. Айлабыз түгөндү.

- Үч жылдан бери бир кайрылып көрө элек… - деп күбүрөдү кемпир. – Байкуш бала, Ак-Жол десе ак эткенден так этет!.. Акжолдуктардан бирөө-жарымды көрүп калса, элбиреп-делбиреп кетет. Атасы тирилип келгендей эле болот…

- Олдо садагаң болоюн, балам-ай!.. – Сейде эне балбалактап жиберди. – Ата конушун, агайин-тууганын эңсеп… Мейлиң эми, барсаң бар. Кел, кийимиңди кий!..

- Ыя-а… Алдап кармап алсаң э!..

- Алдабайм, садага болоюн, алдабайм. Барсаң барып келерсиң, акеңин атына учкаш!..

- Жөө эле кетем!.. – деди Сатыкул кежирленип. – Кемсалымы берип жибер!

- Чын эле жибересизби? - деп сурадым мен. – Деги ошенткениңиз жакшы эле. Сагынычын басып келсин да.

- Кантем анан?.. Тигинтип отуру…

Мен Сатыкулга колумду булгаладым:

- Сатыш, кел эми! Эртерээк кийин, кетебиз!

Бирок, Сатыкул таптакыр кашайып койду, келмек түгүл кайта нары басты:

- Бар-бай-айм!..

Айласы куруган Сейде эне анын кемсалын, калпагын, көптөн бери кийилбегендиктен курчуюп калган чылгый тамандуу чокоюн мага колтуктатты. Өзү да бир сөзүн экинчи сөзүнө улап, шаша сүйлөгөн неме эле, быдыр-быдыр ыйлактап, жалбара тиктеп, бул жарыктык дүйнөдөн тапкан ырысын мага дайындады:

- Садагаң болоюн, - деди мага, - жеткирип кой… Ага-тууганы менен жытташып, айлын көрүп, сагынычын басып келсин… Садагаң болоюн, жакындардын бирине өзүң сынарлап айта көр… баланын курсагы ачып калбасын, ысык өтүп кетпесин!.. Анан… Садагаң болоюн, Тилеген, өзүң биякка өтөрүңдө учкаштыра келип таштай көр!.. Саты-ыш… медерим, ошент, акең менен кайра кел!.. Саты-ыш!..”

Сагыныч менен кусалыкка басылган бала таенеси менен апасына баш бербей абасына учкашып туулган жерине жөнөйт.

Ура, айыл!

Жашабай жатып тагдырдын катаал сыноосуна туш келген каргадай баланын үч жыл көрбөгөн айылы, ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кетпеген туулган жери. Баланын кубанычын, эңсөөсүн автордон өткөрүп айтып бериш кыйын го.

“Сатыкулдун жүзү ушунчалык жадырады, бир болсо өткүндөн кийин ак булуттун артынан нур төгө албырып көрүнгөн жай күнү гана теңдеш болор. Алагар көзү бажырайып, кирпиги кылгырып шаттык төктү. Ал мойнун созо улам обдула берип, Ак-Жол үстүнө кыдырата көз жүгүртүп эргиди, тагдырдын жоомарт колу ага азыр канат бүтүрө койсо туулган жеринин үстүн жүз мерте, миң мерте чарк айланып чыккыдай, ошондо да жарпы жазылбачудай, сагынычы басылбачудай!..”

Баланын жан-дүйнөсү кубанычтан балкып турганын көргөн Тилеген акеси өзүн токтото албай аны өөп-өөп жиберет.

“Болгону куулук-шумдук кылуудан али кабары жок наристе, тели-теңтушун, агайын-тууганын делбиреп эңсейт, киндик каны тамган, биринчи жолу таманын койгон ата журтун учуп-күйүп самайт! Мындай ымыркайдан баралына жетсе, бармак басым бир айыл эмес, мүлдө кыргызга пайдасы тийген, керегине жараган бир азамат чыгып жүрбөсүн?! Эң куру дегенде, көр оокаттын артынан түшүп жер кезбей, тамыр сайган мөмөлүү дарактай өз жеринде көгөрүп, өз жеринде мөмөлөп, элинин санагын көбөйткөн кутман болору анык!”.

Ушундай аңгеме. Мисалдардын узундугуна карабай бир сөз кошпой, тексттен бир сөздү алып койбой, улуу жазуучунун адабиятка жаңыдан баш багып жаткан кезде жаратып койгон шедеври. Албетте, анын артынан белгилүү чыгармалары - “Жетилген курак”, “Алымкан”, “Келкел”, “Ак кызмат”, “Чапкын”, “Баскын” сындуу көркөм-идеялык иштелиши кынтыксыз, тарыхый татаал кырдаалдарды, өз мезгилинин адамдарынын образдарын окуган адамдын эсинен чыккыс кылып баяндаган мыктыларынын баары, “Адам болгум келет” менен “Сынган кылыч” атылып чыккан чыгармалар мына ушул “Туулган жерден” – Ак-Жолдон, Тилеген акеден башталат. Туулган жердин касиети ошондо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG