Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Нобел-2023: Атомду аңтарган, коронавирусту ооздуктаган илимпоздор


Медицина жана физиология тармагындагы Нобел сыйлыгынын лауреаттары, илимпоздор Каталин Карико менен илимпоз Дрю Вайсман.
Медицина жана физиология тармагындагы Нобел сыйлыгынын лауреаттары, илимпоздор Каталин Карико менен илимпоз Дрю Вайсман.

Нобел жумалыгы 2-октябрда физиология жана медицина тармагындагы лауреаттарды жарыялоо менен башталды. Бул жаатта абройлуу сыйлыкка венгриялык окумуштуу Каталин Карико менен америкалык илимпоз Дрю Вайсман татыды. Ал эми 3-октябрда физика боюнча Нобел сыйлыгы электронду жана жарыктын табиятын изилдегени үчүн үч окумуштууга ыйгарылды.

Медицина жана физиология тармагындагы Нобел сыйлыгы илимпоздор Каталин Карико менен илимпоз Дрю Вайсманга Covid-19га каршы матрицалык рибонуклеин кислоталарынын (мРНК) негизинде вакцинанын жаңы түрүн ойлоп тапканы үчүн ыйгарылды. Венгриялык окумуштуу Каталин Карико бул сыйлыкты көзү өтүп кеткен апасы көпкө күткөнүн айтты:

“Апам Нобел сыйлыгынын алгандардын арасынан менин атымды издеп, такай күтчү. Ал кезде мен профессор эмес элем, командам жок болчу. Болгону лабораторияда эмгектенчүмүн. Апам «айланайын, сен абдан көп иштейсиң, сыйлыкка татыктуусуң» деп айтчу. Мен "бардык илимпоздор ушундай" деп көп айтсам деле болбой, бир күнү бул сыйлыкты аларымды күтчү эле”,-дейт ал.

68 жаштагы Карико медицина жана физиология жаатында Нобел сыйлыгына татыган 13-аял. Ал Pfizer компаниясы менен биргеликте коронавируска каршы вакцинанын бирин ойлоп тапкан BioNTech компаниясынын вице-президенти болгон.

Карико менен 64 жаштагы Вайсман 1990-жылдары илимий иштеринин ксерокөчүрмөсүн жасап жатканда кокусунан таанышкан.

“Экөөбүз Жонсон павильонундагы ксерокөчүрмө аппаратынын жанында жолукканыбыз чын. Анткени ал кезде, 1997-жылы баарын онлайн окуу мүмкүн эмес болчу. Эгер бул жаатта жылыш тезирээк болгондо балким Дрю экөөбүз жолукмай калмакпыз. Мен РНКалар менен иштей турганымды айтып мактандым. Ал жаңы эле Фаучинин лабораториясынан чыкканын жана вакцина ойлоп тапкысы келерин айтты. Ошентип таанышып калдык”.

РНК-вакцина деген эмне?

Алсыздандырылган вирус же вирус белогунун кайсы бир негизги бөлүгүн камтыган салтуу вакциналардан айырмаланып, мРНК-вакциналар генетикалык молекулалардан турат. Алар адамдын организминде клеткаларга иммундук системаны машыгуудан өткөрүп, чыныгы вирус менен күрөшкө даяр болгудай инфекцияга окшош белокторду өндүрүшү керек.

Жасалма шарттарда матрицалык рибонуклеин кислотасын алуу жолдорун иликтөө 1980-жылдары эле башталган. Анткен менен мындай кислота ар кандай реакцияларды пайда кылгандыктан бул багыттагы иликтөөлөргө чектөө коюлуп келген. Карико менен Вайсман 1990-жылдары гана буга толук кандуу киришкен. Алардын эмгеги молекулярдык биологиянын өнүгүшүн тездетип, РНК менен иммундук системанын өз ара аракетин жакшыраак түшүнүүгө жол ачкан.

Эки окумуштуу өз эмгеги тууралуу илимий макаласын 2005-жылы эле жарыялашканы менен коронавирус пандемиясы тутанганда гана бул изилдөөнүн багы ачылды.

Үч жыл мурда дүйнөдө РНКнын негизинде жасалып, расмий жактырылган бир да вакцина жок болчу. Бул технология жаңы болгондуктан аны сыноодон өткөрүп, канчалык коопсуз экенин текшерүүгө убакыт керек эле. Бирок пандемия башталганда миллиондогон адамды сактап калуу үчүн ыкчам аракеттер зарыл болгондуктан, дал ушул ыкманын негизинде вакцина жасала баштады.

Бул технология менен жасалган РНК-вакциналар менен соңку эки жарым жылдын ичинде миллиарддай киши эмделди.

Карико Венгриянын Сегеда шаарында биохимия боюнча докторлук даражасын жактагандан кийин, күйөөсү экөө «Лада» автоунаасын сатып, акчасын кызынын оюнчугунун ичине катып АКШга көчүп кетишкен.

Анын кызы Сьюзан Франсиа калак менен сууда сүзүү спорту боюнча Олимпиаданын эки жолку алтын медалынын ээси.

Вайсман 1987-жылы Бостон университетнде докторлук ишин жактаган, 1997-жылы Пенсильвания университетине ишке кирген.

Атомду аңтарган окумуштуулар

3-октябрда Нобелдин физика боюнча сыйлыгы окумуштуулар Пьер Агостини, Ференц Крауш жана Анн Л'Ульеге атомдогу электрондорду иликтөө жаатындагы ачылыштары үчүн ыйгарылды.

Нобел комитети билдиргендей, америкалык, германиялык жана швециялык илимпоздор атомдун ичиндеги электрондорду иликтөөнүн жаңы ыкмаларын ачты. Аларды электроника жана медициналык диагностика жаатында колдонсо болот. Бул тууралуу Ференц Крауш кеңири түшүндүрүп берди:

“Силер деле Формула-1ге катышып жаткан автоунаа марага жеткен көз ирмемди өтө сапатуу фотокамерага тартып калууга аракет кылгандай эле, биз дагы реалдуу убакытта микроскопиялык дүйнөдө болуп жаткан процесстерди кармап калууга аракет кылабыз. Атомдогу электрондорун кыймылын кармап калуу үчүн мына ушул концепцияны колдонобуз. Алар өтө аттосекунддук диапазондо болот, бул Формула-1дин машинеси марага жеткен убакыттан триллион жолу тез дегенди билдирет. Бул үчүн жарыктын өтө кыска аттосекунддук учкуну керек. Биз ошол учкунду биринчилерден болуп пайда кыла алдык”.

Нобел комитетинин мүчөлөрү билдиргендей, 2011-жылы үч илимпоз ар бири өз алдынча бул багытта ийгиликтүү эксперименттерди жүргүзүп, аттосекунддук физиканын пайдубалын түптөй алышты.

Аттосекунда – бул секунданын триллиондон бир бөлүгү.

Ал эми былтыр физика боюнча Нобел сыйлыгы франциялык Ален Аспе, америкалык Жон Клозер жана австриялык Антон Цайлингерге кванттык механикадагы ачылыштар үчүн ыйгарылган.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын 2023-жылкы лауреаты 6-октябрда белгилүү болот. Reuters агенттиги жазгандай, талапкерлердин арасында Украинанын президенти Владимир Зеленский, орус оппозициясынын лидери, түрмөдө отурган Алексей Навальный, уйгур диссиденти Илхам Тохти, Иранда аял укуктары үчүн күрөшкөн, абактагы Наргес Мохаммади, Кабулда кыз-келиндердин билим алуусу үчүн күрөшкөн активист Махбуба Сераж дагы бар.

Нобелди лауреаты тогуз милллион швед кронун же 900 миң доллар алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG