Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Евробиримдик Байдендин өкмөтү менен жаңы мамиле курууну каалайт


АКШнын 46-президенти Жо Байден салтанаттуу сөзү менен чыгып сүйлөөдө. 2021-жылдын 20-январы.
АКШнын 46-президенти Жо Байден салтанаттуу сөзү менен чыгып сүйлөөдө. 2021-жылдын 20-январы.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел Кошмо Штаттар менен Евробиримдикти трансатлантикалык карым-катнашта жаңы пайдубал курууга чакырды. 20-январда Мишел АКШнын жаңы эле ант берген президенти Жо Байденди Брүсселдеги болочок саммитке катышууга чакырды.

Евробиримдик менен Кошмо Штаттар – дүйнөдөгү эң ири соода шериктери жана алар өз ара маданий, тарыхый, ишкердик, коопсуздук тармактарындагы тыгыз кызматташтыкты өөрчүтүп келишет. Бирок АКШнын жаңы эле кызматтан кеткен президенти Дональд Трамп Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгып кетишин жактап, Евробиримдикке сыртын салууга далалат кылган.

«Акыркы төрт жылда бир топ зыянга учураган трансатлантикалык мамилелерибизди кайра чыңдаганга бүгүн мүмкүнчүлүк бар, – деди Мишел. – Мен АКШнын жаңы президентине анын ыйгарым укуктарынын биринчи күнүндө салтанаттуу сунуш менен кайрылам: Келгиле, кубаттуу Европа үчүн, кубаттуу Америка үчүн жана мыктыраак дүйнө үчүн жаңы пайдубалдык келишим түзөлү!» – деди Мишел.

Евробиримдиктин аткаруу бийлигинин бутагы болгон Европа Комиссиясынын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен да ушундай маанайда сүйлөп, Европа Биримдиги расмий Вашингтон менен трансатлантикалык мамилелерди жаңы сереге чыгарууга даяр экендигин айтты.

Фон дер Ляйен айым алгач Евробиримдик менен АКШнын орток технологиялык кеңешин түзүүнү сунуш кылды. Бул кеңеш дүйнө жүзүндө санариптик жаңы эреженин калыбын түзүүнүн алгачкы кадамын жүзөгө ашырууга тийиш жана бул калып дүйнөнүн башка бөлүктөрү тарабынан да санариптештирүү жүрүмүндө пайдаланылышы ажеп эмес. (TT)

XS
SM
MD
LG