Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Муслима: 13 жыл чогуу жашаган күйөөм үстүмө аял алып алды


Көп аялдуулуктун курмандыгы болгон Муслима
Көп аялдуулуктун курмандыгы болгон Муслима

Ноокат районунда жашаган каарманыбыз Муслима 47 жашта. Анын күйөөсү экинчи аялга үйлөнүп алганда үй-бүлөсү бузулган. Азыр Муслима курстарда окуп, долбоорлорго катышып, өзүн өнүктүрүп, турмушта запкы жеген аялдарга жардам берсем деген мүдөөсү бар. Кыргызстанда көп аял алуу кылмыш болуп эсептелет.

"Бирөөнүн бүлөсү"

“Эки аялдуулуктун курмандыгы болдум” деген аял мени Ноокаттын тар көчөлөрүнүн биринде тосуп алды. Мен барганда ал үйүндө жалгыз экен. Узун көйнөк, кара жоолук салынган, жүзү жабык келин учурашканда колдору тынымсыз калтырап турду. Балким, ал интервью берүүгө макул болгондугу үчүн кыжаалат болуп жаткандыр деп ойлоп койдум. Сыртта аба ырайы суук болгондуктан от жагылган үйүнө кирдик. Ал мага бир пияла ысык чай сунганда, колдорунун калтыраганы даана билинди.

"Эмнеге колуңуз калтырап жатат?" деп суроо узаттым. Ал ошондо өзүнүн тагдырын айта баштады:

“18 жашымда турмушка чыккам. Бизде, өзбектерде, көбү мүмкүнчүлүгү болсо дагы кыздарды окутпайт. Кыз бала бирөөнүн бүлөсү дешип, 18 жашында эле күйөөгө узатышат. Мен дагы ошентип эле турмушка чыктым. Бирок тагдыр экен, 13 жыл бирге жашаган күйөөм үстүмө аял алып алды. Биринчи укканда аябай жаман болдум. Кандайдыр көңүлүм муздап, жолдошум чоочун инсандай болуп калды. Жакын адамың дароо чоочун инсан болуп калышы турган кеп экен. Анан түнү менен кыйналып чыктым. Аябай жүрөгүм ооруду. Жүрөгүм ооруп, эч нерсе жебей эле 2-3 күн жатып калдым жанагы сөздү укканда”.

Күйөөсү үйлөнүп алганын Муслима Орусияда жүрүп уккан. Ал жашаган батирди суу каптап, эмне кыларын билбей, Кыргызстанга кеткен күйөөсүнө телефон чалганда, ага чоочун аял жооп бериптир. Күйөөсүнүн экинчи аял алуусуна кайын энеси себепчи болгон деп ойлойт:

“Ислам дининде андай-мындай, экинчи аялды албасаң болбойт” дешиптир. “Муну албасаң, сага ыраазы эмесмин” деп апасы кыстаптыр. Апасынын ыраазычылыгы үчүн эле макул болуп үйлөнүптүр".

Муслима күйөөсү менен 13 жыл бирге жашап, эки кыз, бир уулдуу болгон. Алар үйлөнгөндөн тартып, Орусияда иштеп тапкан акчасын кайын журтуна жиберип турган. "Ажырашканда эч нерсесиз калдым" деген каарманыбыз азыр атасы салып берген үйдө жашайт.

Муслиманын үйү
Муслиманын үйү

"Жанбактылар экиден аял алгысы келет"

Кыргызстандын мыйзамдары көп аял алууга тыюу салганына карабай кош нике менен жашагандар арбын экени белгилүү. Ош шаарынын казысынын орун басары Исак Юнусов “жашаган өлкөңдүн мыйзамдарына баш ийгин” деген шарияттын шарты көз жаздымда калып жатканын айтты:

“Өзүнүн мамлекетинин мыйзамына туура келе турган болсо гана экинчи аял алуу керек. Бул мыйзамга баш ийүү шариятыбыз боюнча важип болот. Сөзсүз, милдеттүү түрдө мыйзамга баш ийишибиз керек. Мыйзамга туура келе турган болсо гана шариятта айтылган амалдарды аткарышыбыз керек.”

Юсупов шариятта эркек киши алган аялын толук камсыздоого милдеттүү экенин баса белгилейт. Бирок бүгүнкү күндө алган аялдарынын эсебинен жан баккандар жок эместигин каарманыбыз да кайталаган эле. Себеби Муслиманын күйөөсү анын алыста жүрүп тапканына күн көрүп келген экен.

“Ошол мезгилде кафе иштетет элек. Таттуу-тарапа бышырып, кошумча тамактарды жасачумун. Эртеден кечке иштеп тапкан акчамды күйөөмө берип же кайнагама жиберип жүргөм. Анан эле күйөөм кийинки алган аялын ээрчитип Орусияга келди. Ошентип күйөөм жана анын экинчи аялы болуп бирге жашап калдык. “Мени ыраазы кылсаң, Алла-Таала сага жаннатты убада кылат” деп жатып бирге жашаганга көндүрдү. Мен балдарым үчүн гана макул болдум. “Балдарды жетим калтыргың келсе, билгениңди кыл” деди. Балдарым атасын аябай жакшы көрөт эле. Кийин аябай өкүндүм. Кошо жашаганыбыздан көп өтпөй эле уулумдан айрылдым. Кырсык болуп балам сууга чөгүп, каза болуп калды. Кайненем "Баланы сен өлтүрдүң" деп, ошону шылтоо кылып ажыраштырып салды", - дейт Муслима.

Көп аялдуулуктун курмандыгы болгон Муслима
Көп аялдуулуктун курмандыгы болгон Муслима

“Өтмүшүмдү уулумдун сөөгү менен бирге көмдүм”

Муслима күйөөсүнүн башка аялга үйлөнүп алганы катуу сокку болгонун, анын артынан жалгыз уулунан айрылып, ого бетер кайгыга батканын айтып муңайып отурду. Ал уулунун сөөгүн издеп, Орусиянын моргдорун кыдырганын, ошондон кийин катуу стресске түшүп, колдорун калтырак басып калганын айтып отурду. “Өтмүшүмдү уулумдун сөөгү менен бирге көмдүм” деген аял азыр өзүн өнүктүрүү аракетинде.

“Ушул жерге чейин кызматыңды кылып, ушунча эмгек кылып да, ыраазычылыкка ушундай жооп боло турган болсо, мейли дедим. Балким, мага сыноо келгендир дедим. Бул сыноодон да, кудай буюрса, өтөм. Бардыгы жакшы болот деп балдарымдын көңүлүн өксүтпөй, ишти уланта бердим. Кыздарым үчүн аракет кылдым. Ошондон кийин топтогон акчамды күйөөмө да, кайын агама да бербей койдум. Азыр Кыргызстандамын. Атам короосунан жер бөлүп, үй салып берди. Улуу кызымды турмушка узаттым. Кичүү кызым өзүм менен турат. Аны аябай жакшы оку деп жатам. Курстарга каттайт. Буйруса, кызымды окутам.”

Муслима Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар программасы уюштурган “ГАЛС” долбооруна катышып, атайын окуулардан өтүп, тигүүчү машиналарды утуп алган. Азыр үйүндө отуруп эле ал түрдүү кийим-кече, жууркан-төшөк тигет. Ошондой эле бул долбоордун алкагында балалык кыялын ишке ашырганын айтып, кубанычы менен бөлүштү:

“Бала кезимде мусулман кыздардын жоолук салынып, жеңи узун көйнөктөрдү кийип, мода көрсөтүп, подиумга чыгып, ислам дини кандай таза экенин, аялдарды кандай коргой турганын көрсөткүм келди эле. Ушул максатыма жетиштим. Кыялдарым ишке ашты. Аябай кубанычта болдум. Подиумга чыкканым айрыкча сонун болду".

Муслима азыр үйүнүн бир бөлмөсүн атайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүптүр. Ал жерге турмуштан кыйналып, зордук-зомбулукка кабылган өзү сыяктуу аялдарды чогултуп, көргөн-билген тажрыйбасын бөлүшөт экен. “ГАЛС” долбоорунун алкагында көп нерселерди үйрөнгөнүнө да ыраазы:

“'ГАЛС' программасы бизди окутту. Бизнес идеяларды түшүндүрүп, кыйынчылыктан кандай чыгуу керектигин үйрөттү, психологиялык жактан да бизди окутту. Мага аябай жакты. Анан бизнес идеяларды жаздык. Биз издеген нерселер ушул жерде экен, мага аябай жакты. Эми мен зордук-зомбулуктан чүнчүп, стресс абалына түшүп, ден соолугун жоготпоосу үчүн аялдарга кичине болсо да өрнөк боло алам деп ойлойм. Аларга сабак өтүп, жашоодо жабыгып калбашы үчүн жөлөк болгум келет. Ушул ишти өзүмдүн алдыма максат кылып койдум. Анан алар менен чогуу иштешип, эмне кылуу керектигин үйрөтөйүн, пайдалуу кеңештери берейин дедим. Мага окшоп чүнчүбөй, алдыга умтулган аракетин токтотпосо деп тилейм".

Муслиманын айтымында, мурунку күйөөсү экинчи аялы менен да ажырашып кетиптир. Анын тагдыры белгисиз.

Эки аял алууга мыйзамда жол жок

Эки аял алууну колдогондор маал-маалы менен муну мыйзамдаштыруу керек деген демилгени сунушташат. Укук коргоочулардын айтымында, экинчи аялдын никеси юридикалык жактан катталбагандыктан, аялдардын, балдардын укугуна байланышкан маселелер жаралат. Психологдор көп аялдуулук маселеси менен өлкөдөгү кризистик борборлорго кайрылган кыз-келиндер көп экенин айтышат.


Кыргызстанда мураскер, экинчи аял жана алардын балдары тууралуу маселелер чыгып, мүлк талашкан учурлар катталганы менен бул көйгөй иликтенген эмес жана кандайдыр бир статистикалык маалыматтар жок.

Өлкө мыйзамдарына ылайык, эки же андан көп аял алуу кылмыш болуп эсептелет.

Коомчулукта көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам бул маселени ачык көрсөткөн статистика да жок. Ошондой эле Кыргызстандагы чогуу жашаган үй-бүлөлөрдүн да канчасы расмий, канчасы жарандык никеде экенин аныктаган да так маалыматтарды табууга мүмкүн эмес.

  • 16x9 Image

    Алмира Абидинова

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2019-жылы Internews уюмунун “Умтулуу” сыйлыгын алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG