Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Муфтияттагы жаңжалдын төркүнү


Бишкектеги мечит.
Бишкектеги мечит.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы ызы-чууну саясат талдоочулар кызыкдар топтордун тымызын тиреши катары сыпатташууда.

Жакында кызматынан алынган Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиев 11-февралда эртең менен Максат ажы Токтомушевди колдогон митингде муфтиятка көзөмөл кылууга кызыкдар эки чоң саясий топтун башындагылардын ысымын атаган.

Акин Токталиев жана Медер Карабаев.
Акин Токталиев жана Медер Карабаев.

«Биринчи саясий топто президенттин аппаратына жетекчилик кызматка келген Искендер Гаипкулов бар. Анын алдында Арзыбек Бурканов бар. Ал өзүнүн жердеши Султан Гафуровду муфтийликке алып келүү аракетин көрүп жатат. Экинчи топ Камчыбек Ташиевге байланыштуу. Ал Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүндө иштеген Медербек Карабаевди менин ордума кызматка алып келгенге аракет кылган. Эки чоң топ иштеген. Мага буга чейин бир канча жолу Медер Карабаев дагы, Арзыбек Бурханов дагы келип “муфтийди алмаштыралы” дешкен».

Ташиевдин тактоосу

Журналист Өткүрбек Рахманов "Фейсбук" баракчасына Германияга дарыланууга учуп кеткен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин муфтияттагы ызы-чууга анын тиешеси жоктугун айткан пикирин жарыялады.

Бул билдирүүнүн чын-төгүнүн Камчыбек Ташиевдин өзүнөн же ага жакын башка булактардан ырастаганча Акин Токталиев баштапкы дооматына тактоо киргизген пикирин жарыялады.

Буйрукту ким берген?

Максат ажы Токтомушевдин бөгөт чарасын тандаган сот учурунда Акин Токталиев Камчыбек Ташиев өзү ага чет өлкөдөн чалганын айтып, аталган телефондук сүйлөшүүнүн мазмуну боюнча муфтийди кызматтан оодарган тарап ким экени эми анык болгонун жарыялады:

«Мага азыр сотко кирердин алдында эле Камчыбек Ташиев чет өлкөдөн телефон чалды. Ал киши мага "Акин байке, мен сизди тааныйм, билем, сиз бул чагымды мени уюштурду, мени жасап жатат деп, менден көрүп жатасыз, андай эмес, менин бул саясий оюнга эч кандай тиешем жок" дейт. Ал азыр дарыланып жатканын айтып, " дарыланып чыгайынчы, мага дуба кылып коюңуздар, чыгып келгенде бардыгын өз ордуна коём" деди. Ал бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун айтып, кайра-кайра суранып жатат. Биз буга чейин "мында Бурканов менен Ташиевдин фигурасы иштеп жатат" деп жатканбыз. Эми минтип карасак, бул жерде бир гана кимдин тобу калып жатат? Садыр Жапаровдун тобу гана калып жатат»​.

Токталиев айтып жаткан Арзыбек Бурканов менен телефон аркылуу байланышканыбызда ал "Азаттык" радиосуна “бардыгы калп, башка эч нерсе айта албайм” деп гана кыскача жооп кайтарды.


Анткен менен саясат талдоочу Айданбек Акмат уулу муфтийди каржылык көз боёмочулукка шекшип, кармоого чейин жеткирген чатакты бийликте чечим кабыл алуунун эки борбору болуп, алар муфтийди алмаштыруу маселесинде эки башкача позицияда турганы менен байланыштырды.

Айданбек Акмат уулу ошондуктан бул талаштуу маселеге аралашып калган Токталиевдин айтканында маани бар экенин айтты:

Айданбек Акмат уулу.
Айданбек Акмат уулу.

«Арзыбек Бурканов Садыр Жапаров менен түздөн түз байланышта болсо, демек, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун ортосунда "мына ошол муфтиятты ким көзөмөлдөйт?" деген маселе чыгып жатат. Бул жерде акча маселеси аябай назик тема болгондуктан "талаш-тартышка түрттү" дегенге негиз бар. Анткени муфтиятта ажылык сапарды уюштуруу алдында өтө көп акча топтоло турганы мурдагы бийликтердин тушунда эле белгилүү болгон. Ага мурда дагы көзөмөл жасоо аракети жүрүп келген. Бул жолу дагы президенттин айланасындагы таасирдүү адамдар муфтийге өз адамын коюп, мына ошол акча агымын көзөмөлдөө аракети жүрүп жатат го деген ойго келип турам»​.

Социалдык тармакта президенттин жардамчысы Буркановдун таасири артканы жазылып, аны ири маселелерди чечкен фигура катары сыпаттаган пикирлер көбөйдү.

Президент Жапаров маегинде муфтийдин көзүнчө ошондогу өкмөттүн аппарат башчысына бийлик ага кийлигишпей турганын айтып, көрсөтмө бергенин, бирок тиреш токтобой, экинчи ирет Арзыбек Буркановго тапшырма бергенин, анын бардыгы чыңалууну басаңдатууга гана багытталганын билдирди.

Жапаров: Муфтият зыяратка делген акчаны иштетип келген
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:25 0:00

«Арзыбек Бурканов деген менин жанымда жүрөт. Аны мен жардамчы катары эле, инаугурациянын алдында колум бошобой, андан сурандым. "Сен барып, Максат ажыга жолугуп эле, эгерде ушундай ызы-чуу болуп жаткан болсо, бардыгынын башын бириктирип, ынтымакта тынч эле тарап кетишсин. Чепкен-калпагын жаап эле. Анан кийин шайлоосу болсо, мына ошондо каалаган кишисин шайлап алышсын. Биз мамлекет "аны шайла, муну шайла" деп киришпейбиз, кимди кааласа, ошону коюп алышсын" деп эле айткан болчумун. Анан анын кетирген катачылыгы ал Максат ажыга түз барып эле сүйлөшүү ордуна, ал Акин Токталиевге барып, "мына ушундай ызы-чуу болуп жатыптыр, сиз барып эки тарапты басып коюңуз" деп айткан экен. Анан ал барып "кет деп жатат" деген туура эмес маалымат айтыптыр»​.

Анткен менен саясий чөйрөдө Садыр Жапаров расмий кызматка кирише электе эле муфтийдин ишине бир нече ирет кайрылып, жардамчысын жиберип, салам-дубай жолдогону дин башкармалыгынын ишине кийлигишүү катары бааланды.

"Бийликте кызыкчылык жок"

Бирок президент Садыр Жапаров коомчулукта Ак үй азыр мурдагы бийликтин тушунда келген муфтийди кызматынан оодарып, анын ордуна өзүнө ыңгайлуу адамды алып келүүгө ынтызар деген пикирлерди төгүндөдү.

Анын айтымында, муфтияттагы ызы-чуу ички тирештин айынан келип чыккан окуя жана аны тутантууга азыркы бийликте кызыкчылык болгон эмес:

«​Мында мен Садыр Жапаров же болбосо Ташиев биз атайылап муфтийди каматып, анын орду керек болгондой айтып жатышканы туура эмес. Төбөбүздө кудай карап турат. Мага муфтийдин ордунун кереги жок. Алар кимисин шайлап алса, анысын шайлап алышсын. Аны мен муфтиятка барганда дагы "мамлекеттик аткаминерлердин бири дагы кийлигишпейт" деп айтканмын»​.

Саясат талдоочулар президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосунда муфтийди алмаштырууда тымызын жик кеткени байкалып, ал айрыкча президенттин командасына жаңыдан келген Искендер Гаипкулов, Арзыбек Буркановдун ысымдарына байланыштуу экенин айтышууда.

Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Искендер Гаипкулов президенттик аппараттын бөлүм башчылыгына депутаттыктан барса, Арзыбек Бурканов Баткендин мурдагы губернатору жана экс-депутат катары белгилүү.

Кылмышка шектүү катары кармалган мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин бөгөт чарасын караган сот андан эч жакка чыкпоо тил катын алып, эркиндикте калтырды.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Максатбек ажы Токтомушевдин бөгөт чарасы боюнча УКМКнын тергөөчүсү аны эки айга камоону өтүнсө, прокуратуранын өкүлү аны эркиндигинен ажыратпай туруп, ишти тергей берүүнү сотко сунуштаган.

XS
SM
MD
LG