Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Москва, Ташкент, Астана: "Газ биримдиги" саясий куралбы?


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев Кремлде жолугушууда, 6-октбярь, 2023-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев Кремлде жолугушууда, 6-октбярь, 2023-жыл.

Президенттер Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев жана Владимир Путин орус газын Москвада Казакстан аркылуу Өзбекстанга жеткирүүгө арналган аземге катышты.

Бирок долбоор качан толук ишке кирери азырынча так эмес. Башында "Газ биримдиги" деп аталган бул келишим былтыр бир катар талаш-талкуу жараткан.

Украинага басып киргенден кийин Европадагы газ рыногунан кол жууган Москва көгүлтүр от соодасын Борбор Азиядагы эки мамлекетке бурган.

Токаев менен Мирзиёев октябрдын биринчи аптасында иш сапар менен Кремлге барды. 7-октябрдагы салтанатта Путин чөлкөмгө газ жеткирүүнү "Ири үч тараптуу энергетикалык долбоор" деп атады.

"Аны ишке ашыруу үчүн 60-жылдары курулган "Орто Азия-Борбор" газ түтүгү колдонулат. Бул, чындыгында, трансконтиненталдык евразиялык жол. Ал аркылуу Өзбекстан андан кийин сегиз союздук республикага жылына 80 миллиард куб метрге жакын газ жеткирилип турган. Эми бул магистраль Өзбекстандын жана жарым-жартылай Казакстандын динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасын ишенимдүү камсыздайт. Казакстан тездик менен өнүгүп жатат, ошондой эле кошумча энергетикалык ресурстарга муктаж", - деди Путин.

Токаев бул долбоор “орус газын экспорттоо - Казакстандын газ транспорттук инфраструктурасын кеңейтүүгө жана модернизациялоого салым кошорун, Өзбекстандын көгүлтүр отко болгон муктаждыгын канааттандырууга жардам берерин” белгиледи.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги Ташкент газды ушул жылдын 1-октябрынан сатып ала баштарын билдирген. 4-октябрда Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев газ түтүктөрү оңдолуп жатканын, Орусиядан Өзбекстанга газ транзити айдын аягында гана башталышы мүмкүн экенин маалымдаган.

Украинага басып киргени дүйнөдөн обочолонуп калган Орусия былтыр ноябрда Казакстан жана Өзбекстан менен “Газ биримдигин” түзүүнү демилгелеген. Бул өзбек коомчулугунда “Орусия Өзбекстандагы газ системасын толук көзөмөлгө алуу менен Ташкентке саясий кысым көрсөтүүгө аракет кылууда” деген жоромолдорду жараткан.

Өзбек өкмөтү Орусиянын "Газпром" компаниясы менен газ жеткирүү боюнча коммерциялык келишимдерге кол коюуга даяр экенин, бирок Москва сунуштаган бирикмеге кирбей турганын билдирген.

Токаев Путиндин сунушунан кийин бул маселени изилдеп чыгууга убада берген.

2023-жылдын апрелинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Газ биримдигин” талкуулоодо жылыш барын билдирген.

Орусия менен кызматташ мамлекеттердин лидерлери жыл сайын Путиндин туулган күнүндө Москвага келет жана ар кандай форматтагы жолугушууларга катышат.

Өткөн жылдары жолугушуулар КМШ мамлекеттеринин, Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жана Евразия экономикалык биримдигинин лидерлеринин сүйлөшүүлөрү форматында өткөн.

Быйыл Орусиянын борборуна Токаев менен Мирзиёев гана барды.

Мирзиёев менен Токаев Москвага Нью-Йорктогу «АКШ-Борбор Азия», Берлиндеги «Германия-Борбор Азия» самиттеринен кийин сапар жасашты. Бул жолугушууларда экономикалык кызматташтык жана коопсуздук маселелери талкууланып, Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу маселе көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG