Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

Москва менен Анкараны тирештирген Борбор Азия


Борбордук Азиянын картасы
Борбордук Азиянын картасы

Жапан басылмасы «Nikkei Asia» Түркия менен Орусиянын Борбор Азиядагы таасир талашы күчөгөнүн жазды.

Анда бул ири державалар өз ара тымызын тирешип, чөлкөмдөгү өлкөлөрдү өзүнө тартып, ар кандай долбоорлор аркылуу тыгыз мамиле түзүүгө умтулуп жатканы көрсөтүлгөн.

Жапан басылмасынын «Борбор Азияда Орусия менен Түркиянын тиреши күчөдү» деген аталыштагы макаласында соңку мезгилде Түрк кеңешинин таасири артып, бирок ага каршы болгон Москва чөлкөмдөгү өлкөлөр менен салттуу мамилесин сактап калууга аракет жасаганы баяндалган.

Анда Орусия Анкаранын бул уюм аркылуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн башын бириктирүү аракетине каршы туруп келгени талдоого алынган.

Уюмдун макамын көтөрүү учуру

Басылма 31-марттагы бейформал саммитте Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Түрк кеңешинин макамын жогорулатуу демилгесин мисалга алды.

«Дүйнөдө азыр жүрүп жаткан өзгөрүүлөр бизге учурда Түрк кеңеши сыяктуу түзүмдүн абдан зарылдыгын мындан да жогорулатат», - дейт президент Режеп Эрдоган.

Ал эми мамлекет башчыларынын бул жыйынында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров түрк дүйнөсүнүн ынтымагы тууралуу сүйлөгөн.

«Түрк кеңеши азыркы күндө дүйнө коомчулугу тааныган, түрк интеграциясынын эң башкы, эң кадыр-барктуу платформасына айланды», – деген эле Садыр Жапаров.

Түрк кеңешин кеңейтүү демилгеси

Жапан басылмасы түрк президентинин Түркмөнстанды бул уюмга кирүүгө үндөп, анын курамын кеңейтүү далалатына басым жасады.

Түркмөнстан түрк тилдүү болгону менен бейтараптыкты сактап, уюмга кошулган эмес. Бирок бул жолку жыйынга түркмөн лидери да конок болуп катышты.

Жапан басылмасы Эрдоган былтыр да аны бул уюмга кошулууга чакырып, кайрылуу жасаганын эске салды.

Барган сайын чөлкөмдүк интеграциялык уюмга айланып баратканы белгиленген Түрк кеңешине Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мүчө болсо, Европадагы Мажарстан ага байкоочу.

Орусиянын «кызганычы»

Макалады Түркия чөлкөм лидерлерин өзүнө имерген сайын Орусия мунай менен газга бай өлкөнү колдон чыгарбай, алаканы күчөтүп жатканына көңүл бурулган. Бул өлкөдөгү мунай жана газ кендеринин көбүн орусиялык “Газпром” иштете турганы да айтылган.

Саммиттен көп өтпөй Түркмөнстандын тышкы иштер министри Москвага чакырылып, жолугушуулар жогорку деңгээлде өткөнү жазылды.

Министр Рашид Мередов Орусияга ыраазычылык билдирген:

«Орусия алгачкылардан болуп Түркмөнстанга глобалдык пандемияга каршы күрөштө кол сунду. Бизге оор учурда зарыл 186 миңден ашуун ПЧР-тест жардам иретинде берилди. Анын 120 миңден ашууну акысыз»,- дейт түркмөн министри Мередов.

Андан көп өтпөй эле Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы менен коргоо министринин биринчи орун басары Москвада Түркмөнстандын аскер жетекчилигин кабыл алган. Анда аскердик кызматташтыкты тереңдетүүнүн жаңы баскычы талкууланганы учкай кабарланган.

Жапан басылмасы муну менен Орусия НАТОго мүчө Түркиядан өз таасириндеги түрк тилдүү мамлекеттерди “кызганган” мамилесин белгилейт.

Анда түрк тилдүү өлкөлөрдүн өз ара соода-экономикалык байланышына тымызын тоскоолдуктар бар экени тууралуу сөз болгон.

XS
SM
MD
LG