Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Имамдар Лениндин эстелигин оңдошту


Оңдолгон эстелик. Тажикстан.
Оңдолгон эстелик. Тажикстан.

Тажикстандын түштүгүндө имамдар Лениндин эстелигин калыбына келтиришти. "Динди зыяндуу" деп апийимге салыштырган коммунисттердин жол башчысынын эстелиги, тажикстандык дин кызматкерлеринин демилгеси менен оңдолуп, борбордук аянтка кайтарылды.

Тажистандын Шахритус райондук администрациясынын башчысы Мехринисо Ражабзода имамдар бул ишти өз ыктыяры менен жасаганын билдирди. Анын айтымында, мечит кызматкерлери эстеликти калыбына келтирүү үчүн каражат топтошкон.

- Демилгени имам-хатибдер өздөрү көтөрүштү. Алар эстеликти тазалап, айланасын жашылдандыруу үчүн бак отургузушту. Эстеликтин жанындагы фонтандар да иштей баштады.

Демилге көтөргөн имамдардын бири, айкел өткөн жумада райондогу мечиттерге элден түшкөн садаканын эсебинен оңдолгонун айтты. Бирок эстеликти калыбына келтирүүгө канча каражат кеткенин тактаган жок. Ошол эле убакта ал ар бир мечитке жума сайын жергиликтүү эл 1000 сомонидей садака берерин кыйытты.

Музейге барган имамдар. Тажикстан.
Музейге барган имамдар. Тажикстан.

Учурунда динди зыяндуу деп тыюу салган советтик көсөмдүн эстелигин дин кызматкерлеринин ондошуна эмне түрткү болгону белгисиз бойдон калды.

Хатлон облусунда эң бийик эстелик катары саналган Лениндин айкели 1980-жылы коюлган. 2016-жылы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен турган ордунан алынган. Анда бийлик эстелик Советтер Союзунан калган тарых катары сакталып келгенин, бирок райондук администрациянын жана Маданият министрлигинин уруксаты менен жакынкы айылга кайра коюларын айткан. Кийинчерээк айкел реставрацияланып, жакынкы Обшорон айылына орнотулары кабарланган.

Советтер Союзу кыйрагандан кийин Тажикстандын аймагындагы Лениндин эстеликтери азайган. Анын ордуна тажик баатырлары менен акындарынын айкелдери коюлган.

Театрга барган имамдар. Тажикстан.
Театрга барган имамдар. Тажикстан.

Тажикстанда бийлик мечиттердин имам-хатибдерин өлкө музейлерине жана театрга барууга милдеттендирген.

- Диний аалымдар өз жеринин тарыхын, байыркы маданиятын билип, салт-санааларыбызды, тилибизди сактоо менен ата-бабаларыбыз көп кыйынчылыктарды жеңип келгенин түшүнүшү керек, - дейт Тажикстандын дин иштерин жана салттарды жөнгө салуу боюнча комитеттин басма сөз катчысы Афшин Муким.

2014-жылдан бери Тажикстанда мечиттердин имамдары мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу эле өкмөттүн бюджетинен айлык алышат. Мисалы, Ислам борборунун аалымдар кеңешинин жетекчиси Саидмукаррам Абдукодирзадонун айлыгы 2 миң сомони (220 доллар). Мечиттердин имамдарына айына 1,5 миң сомони (170 доллар), ал эми жумалык мечиттердин имамдарына 800 сомони (90 доллар) өлчөмүндө айлык бөлүнөт. Башка диний кызматкерлерге маяна каралган эмес.

Ал эми Лениндин эстелигине кайтып келсек, постсоветтик өлкөлөрдө көсөмдүн айкелинен тазалануу иштери 1991-жылы башталган. Коммунисттер болсо муну вандализм деп атап, убагында бир катар нааразылык акцияларын да уюштурган.

Мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен Орусиядан кийинки эле Лениндин эстелиги эң көп сакталган Украина 2016-жылы декоммунизация тууралуу мыйзамдын алкагында 25 район жана 987 аймактагы 50 миңден ашык көчөнүн атын алмаштырып, Лениндин 1320 эстелигин буздурган.

Эски аянттагы Лениндин эстелиги. Курман айт. Бишкек.
Эски аянттагы Лениндин эстелиги. Курман айт. Бишкек.

Коммунисттердин жол башчысы саналган Владимир Лениндин эстелиги Бишкек шаарындагы борбордук аянттан 2003-жылы башка жакка жылдырылып, анын ордуна эркиндик айкели коюлган. Кийинчерээк ал айкел да элдин сынына кабылып, 2010-жылы Манастын эстелигине алмаштырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG