Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Молдовада бир ай мурда куралган өкмөт кызматтан кетти


Молдованын кызматтан кетип жаткан президенти Игорь Додон жана мурунку өкмөт башчы Ион Кику. 23-декабрь, 2020-жыл.
Молдованын кызматтан кетип жаткан президенти Игорь Додон жана мурунку өкмөт башчы Ион Кику. 23-декабрь, 2020-жыл.

Молдованын премьер-министри Ион Кику өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүш үчүн өзү жетектеген өкмөт бийликтен кеткенин жарыялады.

Ион Кику министрлер менен чогуу кызматтан кетүү чечимин бийлигин тапшырып жаткан президент Игорь Додон жана парламент төрайымы Зинаида Гречаная менен жолуккандан кийин жарыялады.

«Биздин башкы максатыбыз - өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу», - деди ал. Кику башында турган өкмөттүн бийликке келгенине бир ай эле болду. Анын кабинетиндеги министрлердин көбү - москвачыл Игорь Додонду колдогондор.

Ушул айдын башында баш калаа Кишинёвдун көчөлөрүнө жыйырма миңден ашуун киши чыгып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

Чалгын кызматын көзөмөлдөө ыйгарым укугу президенттен парламентке өтүп кетиши нааразылык демонстрациялардын башталышына себеп болду. Бул кадам парламенттин ыйгарым укуктарын жогорулатуу максатында кабыл алынган. Азыркы парламентте көпчүлүк орунду Додонду колдогон орусиячыл социалисттер ээлейт.

24-декабрда Додондун президенттик мөөнөтү аяктайт. Ушул эле күнү ноябрдагы шайлоодо жеңген президент Майя Сандунун инаугурациясы өтөт.

Ноябрдагы президенттик шайлоодо молдовандар орусиячыл Додон менен Батышка ыктаган Сандунун ортосунда өз тандоосун жасашкан.

Молдованын шайланган президенти Майя Санду. Кишинёв шаары. 2020-жылдын 6-декабры.
Молдованын шайланган президенти Майя Санду. Кишинёв шаары. 2020-жылдын 6-декабры.


Мурда Дүйнөлүк банкта экономист болуп иштеген Майя Санду өлкөнүн Евробиримдик менен тыгыз карым-катнашта болуусун көздөйт. Ал Молдовада күч алган жемкорлукка каршы күрөштү чечкиндүү жүргүзүүгө шайлоо өнөктүгү маалындагы үгүт иштеринин алкагында убада кылган.

Шайлоодон кийин Санду Кремлди Москванын колдоосуна ээ болуп келген жикчил Днестр бою аймагынан орусиялык аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырды. Кремль бул кадам аймакта олуттуу туруксуздукка алып келиши мүмкүн экенин андан кийин эскертти.


Өлкө аймагындагы орус тилдүү калк басымдуулук кылган Днестр бою аймагы 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өз эгемендигин бир тараптуу жарыялаган. Анткен менен эл аралык коомчулук жикчил аймакты Молдованын ажырагыс бир бөлүгү катары санайт.
Орусия аталган аймакка экономикалык жана саясий колдоо көрсөтөт, аскерлерин да жайгаштырган. Москва муну «тынчтык жаратуу» аракети катары түшүндүргөн.

Украина менен Румыниянын ортосунда жайгашкан үч жарым миллиондой калкы бар пост-советтик Молдова - жемкорлукка белчесинен баткан өлкө. 2012-2014-жылдары өлкө банктарынан бир миллиард АКШ доллары жоголуп кеткен. Ага олигарх, саясий ишмер Владимир Плахотнюктун (Vladimir Plahotniuc) тиешеси болгону шектелет.

Бул каражат Европадагы эң жакыр мамлекеттин ички дүң өнүмүнүн дээрлик сегизден бир бөлүгүн түзөт.

Бул жаңжалдуу окуя Молдовада «кылымдын тоноосу» деген атка конгон.

XS
SM
MD
LG