Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

АКШ 1,5 миллиард долларга вакцина алат


Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы 150дөн ашык вакцинаны даярдоо боюнча иш жүрүп жатат.
Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы 150дөн ашык вакцинаны даярдоо боюнча иш жүрүп жатат.

АКШ коронавируска каршы вакцина даярдап жаткан "Moderna" компаниясы менен келишим түздү.

Ага ылайык, бул биотехнологиялык компания препарат даяр болгондо америкалыктарды баасы 1,5 миллиард долларлык 100 миллион доза вакцина менен камсыздайт.

Кошмо Штаттар COVID-19га каршы вакцинасын сынап жаткан мындан башка да бир катар компаниялар менен ушундай келишимдерге кол койгон.

Апта башында Орусия коронавирустун вакцинасын ийгиликтүү сыноодон өткөрүп, каттоого алынганын билдирген. Бирок бул окумуштуу-илимпоздор чөйрөсүндө бир топ түкшүмөл суроолорду жараткан.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы ушул жылдын аягына чейин коронавируска каршы вакцинаны колдоно баштаганга аракет кылып жатат. Буга байланыштуу "Operation Warp Speed" деп аталган атайын программа да даярдалган.

«Moderna» АКШдагы Аллергия жана инфекциялык оорулар институту менен бирге буга чейин колдонулбаган ыкма менен даярдалган, РНК же рибонуклеин кычкылына негизделген вакцинасын март айынын тарта сынап жатат. Анда коронавирустун жыл башында чечмеленген генетикалык коду аркылуу адамда илдетке каршы иммунитетти пайда кылууну көздөшөрү айтылган.

Жакында алар вакцинаны сыноонун баштапкы баскычы ийгиликтүү өткөнүн жарыялап, эксперименттин соңку баскычына өтүшкөн.

11-августта орус президенти Владимир Путин Орусияда «коронавируска каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина» каттоодон өткөнүн жарыялаган. Бирок Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар окумуштуулар Орусиядагы вакцина эки баскычтуу гана сыноодон өткөнүн, натыйжалуу жана коопсуз экенин текшерүү үчүн сыноонун үчүнчү этабы маанилүү экенин айтып келет.

Ал арада Латын Америкасында оору очогуна айланган Бразилия, Аргентина жана Мексика коронавируска каршы вакцина даярдап жаткан компаниялар менен бир катар келишимдерге кол койду.

Бразилиянын Парана штаты 12-августта Орусия даярдап жаткан вакцинаны тесттен өткөрүү, өндүрүү боюнча макулдашканын билдирди.

Штаттагы Технологиялык институттун башчысы Хорхе Каллада эгер препараттын коопсуз жана натыйжалуу экени ырасталса, 2021-жылдын экинчи жарымынан тарта чыгарыла баштарын билдирди.

"Бул технологиялар жаатында тажрыйба алмашуу боюнча өтө объективдүү меморандум. Бул кандайдыр бир милдеттенме алууну шарттабайт. Болгону бизге чогуу иштөөгө жол ачат. Орусиядан келген топ менен алдыдагы сүйлөшүүлөрдө биз вакцинаны сыноонун биринчи жана экинчи баскычтарынын жыйынтыктарын карайбыз. Орусияда балким үчүнчү этап дале уланып жаткан болушу жана ал октябрь айына карата даярдалышы мүмкүн. Биз сыноолордун, иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу документтер менен иштейбиз. "

Бразилия ушул тушта мындан башка дагы бир топ вакцинаны сыноодон өткөрүп жатат. Алардын арасында экөө, бири Оксфорд университетинин "AstraZeneca" фармацевтикалык компаниясы менн чогуу даярдаган препараты жана Кытайдын "Sinovac Biotech" лабораториясында даярдалып жаткан вакцинаны сыноонун соңку баскычына жеткен.

Бразилия оору жуккандардын саны боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки эле экинчи орунда турат. Бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен вируска кабылгандар 3,1 миллион адамдан ашты. Оорудан 104 миңден көп бейтап көз жумду.

Аргентина менен Мексика Латын Американын көпчүлүк аймактары үчүн "AstraZeneca" фармацевтикалык компаниясынын вакцинасын чыгарып беришерин билдиришти.

Аргентинанын президенти Альберто Фернандес британиялык фармацевтикалык компания менен "mAbxience" биотехнологиляк компаниясы даярдап жаткан вакцинаны Латын Америкасы үчүн 250 миллион дозага чейин даярдоо боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.

"Келишимге ылайык, Бразилиядан башка Латын Америкасындагы өлкөлөргө 150 миллион дозадан 250 миллион дозага чейин вакцина даярдалат. Препарат 2021-жылдын биринчи жарымында даяр болот жана өлкөлөр арасында тең, калыс бөлүштүрүлөт. Бул келишим Аргентинанын да жанын жай алдырат, анткени ал өлкөбүздү вакцина менен өз убагында жана арзан баада камсыздоого мүмкүнчүлүк берет".


Мексика болсо "Johnson & Johnson" америкалык медициналык компаниясы жана кытайлык эки лаборатория менен вакцинанын сыноонун соңку баскычын өткөрүү боюнча макулдашты жана мындай иштер эмки айдан тарта башталмакчы.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Марсело Эбрард мунун башкы максаты Мексиканы вакцина менен камсыздоо экенин билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жалпысынан дүйнөдө 150дөн ашык вакцинаны даярдоо боюнча иш жүрүп жатат жана алардын 25 чактысы гана адамдын организминде сыналууда.

Пандемия башталгандан бери дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандар 20,5 миллион адамдан ашып, 750 миңдей бейтап көз жумду. Латын Америкасына ооругандар менен көз жумгандардын төрттөн бир бөлүгүнө жакыны туура келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG