Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Мобилизацияга тартылгандардын жакындары бийликке кайрылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусияда мобилизацияга тартылгандардын жакындары балдарын, күйөөлөрүн фронттон кайтарууну бийликтен суранып жатышат.

Карапайым калкты согушка жөнөтүү саясатына нааразылыгын билдирген тургундар Орусиянын түрдүү аймактарынан видеокайрылуу жаздырып, интернетке жарыялоодо. Азырынча бул кайрылууларга расмий жооп болгон жок. “Настоящее время” телеканалынын ушул темадагы баянын сунуштайбыз.

"Бизге ал үчүнчү линияда болот деп убада беришкен. Бошотулган аймактарды тазалоо сыяктуу. Бул мыйзамсыздык. Мен муну мыйзамсыздык деп ойлойм", - дейт Воронежден согуш талаасына кеткен жарандын келинчеги Кристина Беленкая.

“Настоящее Время” телеканалынын кабарчы Тимофей Рожанскийге орусиялыктардан ушундай өңүттөгү ондогон билдирүүлөр келип жатат. Алардын айтымында, начар куралданган тажрыйбасыз “жоокерлер” фронтто украин артиллериясынын аткылоосуна кабылууда. Аман калышса жакындарына телефон чалышат.

"Аларды жөн эле алып келип талаага таштап кетишкенин, ошол жерден окоп каза башташканын айтты. Чабуулга кабылышканда ал жерде эч кандай командир болгон эмес. Мобилизацияга тартылгандар жалгыз, ара жолдо калышкан", - дейт Воронежден мобилизацияланган жигиттин эжеси Алина. Анын бир тууганы Луганск облусундагы Сватовго жакын жерде үч күн бою ок жааган талаада жаткан. Бул салгылашууда орус аскерлери чоң жоготууларга учурап, артка чегинишкен, бирок командачылык кайра фронтко кайтууга буйрук берген. Алардын туугандары минтип бийликке видеокайрылуу жолдоого аргасыз болуп жатышат.

Воронеж, Липецк, Курск жана Владимир облустарынан мобилизация болгондор Валуйки шаарына алып келинип, андан ары Сватовго жакын жерге чогултулган. Туугандарынын ырасташынча, командирлер мобилизациялангандарды согушууга мажбурлап, атүгүл кээде атып салышат.

«Аларды дезертир деп жарыялашты, бирок алар дезертир эмес, аларды өзүбүздүн эле жигиттер жок кылышты, аларды украиндер эмес, биздикилер кордошот. Жөн эле өлтүрүп салышат. Балдарыбызды оюнчуктай көрүшөт. Аларды аман алып чыгууга жардам бергиле, суранабыз”, - деп суранды видеокайрылуу жөнөткөндөрдүн бири.

Бул өңдүү кайрылуулар Орусиянын бардык аймактарынан түшүп жатат. Бирок Сватовдун жанында аткылоого кабылгандардын жакындарынын көрсөтмөлөрү өзгөчө көп. Алардын белгилешинче, согушка катышуудан баш тарткандардын саны өсүп жатат.

"Кыргын болду. Баарын бомбалашты. Чачырап кетишти. Аларга рация берген эмес, командирлери да жок. Аларда курал да болгон эмес”, - деди мобилизацияга тартылган Даниланын атасы Андрей.

Жоокерлер Сватовдун жанындагы салгылашуулардын биринде беш жүз киши өлгөнүн билдиришкен. Бирок окопто жаткан жоокердин набыт кеткендердин ар бирин санап чыгууга мүмкүнчүлүгү жоктугун эсепке алганда, бул сан апыртылган болушу мүмкүн деген пикир бар.

"Кадимки аскердик прагматизм. Тажрыйбалуу жана тажрыйбасыз жоокерлери бар командир албетте тажрыйбалуу аскерлерин баалайт, тажрыйбасыздарын пайдасыз позицияларда калтырат. Дайыма эле ушундай болуп келген, тилекке каршы. Бул аскердик практика", - деди аскердик эксперт Ян Матвеев.

АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси, генерал Милли орус армиясынын жоготууларын жүз миңден ашык деп божомолдойт. Орусиянын Коргоо министрлиги каза тапкан жоокерлери эки миңдин тегерегинде деп билдирген.

"Алар кандай шартта согушуп жатканы эч кимге кызык эмес. Аларды ошол жерде өлтүрүп жатышат. Чынында, биз жеңиш үчүн, алдыга умтулуу үчүн күрөшүп жатабыз, мобилизацияланган жарандарыбызды иттей өлтүрүп салыш үчүн эмес. Эмнеге? Калкты тазалоо үчүнбү, мен түшүнбөй турам?" — дейт Воронежден мобилизацияга тартылган жарандын жубайы Кристина Беленкая.

2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.

Өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу 28-октябрда Путин менен жолуккан учурда, мобилизациялык чаралар аяктаганын айткан. Анын сөзүнө караганда, мунун алкагында 300 миң адам аскерге тартылды.

Мобилизация жарыялангандан кийин Орусияда өтүп жаткан нааразылык акцияларына аялдар жигердүү катышууда. Соңку маалыматтарга караганда, сентябрдын аягында согушка каршы демонстрацияларда 2 миңден ашуун адам кармалган.

"Настоящее время" телеканалынын баянын кыргызчага Санжар Эралиев которду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG