Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

RSF: Пандемияда басма сөзгө кысым күчөдү


Коронавирус пандемиясы басма сөз эркиндигине коркунучту көбөйтүп жатат.

Бул тууралуу «Чек арасыз кабарчылар» (RSF) эл аралык уюмунун 21-апрелде жарык көргөн баяндамасында айтылат. Кыргызстандын позициясы уюмдун рейтингинде быйыл бир орунга көтөрүлдү.

«Азыркы абал буга чейин эле басма сөз эркиндигине көлөкө түшүрүп келген көптөгөн терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып койду. Пандемиядан улам жарандар үйлөрүндө отуруп, мобилизация чабал болгон шартта көптөгөн режимдер кадимки турмушта жол берилбей турган аракеттерге барып жатышат», деп белгилейт Парижде жайгашкан эл аралык уюм.

Уюм түзгөн жылдык рейтингде Түркмөнстан менен Түндүк Корея 180 өлкөнүн тизмесинде эң төмөнкү орундарга жайгаштырылган. Буга чейин уюм түркмөн бийлиги «коронавирус» деген сөзгө тыюу салуу менен өз жарандарын эбегейсиз коркунучка кептеп жатканын сындаган.

Ал эми Норвегия менен Финляндия рейтингде кайрадан сап башында турат.

173-орун ыйгарылган Иранда жана 177-саптагы Кытайда коронавируска байланышкан маалыматтар цензурага кабылганы белгиленет.

«Бээжиндин коммунисттик режими адатынча маалымат агымын катуу көзөмөлдөп турат, мунун залакасы пандемия учурунда бүт дүйнөгө тийди», дешет баяндаманын авторлору. Кытай бийлиги эң башынан эле «эпидемиянын масштабын жаап-жашырган» деген сынга кабылып келатат.

Уюм 149-орундагы Орусия мурдагыдан да татаал ыкмаларды колдонуп Интернетти көзөмөлгө алуу аракетин улантып жатканын билдирген уюм орусиялык Интернеттин автономдуу иштеши тууралуу мыйзам кабыл алынганын белгилейт. Түркмөнстандыктар болсо эбак эле Интернеттен оолак калышкан, анткени чектелүү сандагы жарандар бийликтин элегинен өткөн мазмунду гана көрүп же окуй алышат. Көп учурларда бул үчүн аты-жөнүн жазып катталыш керек.

Баяндама Евробиримдиктин курамындагы Венгриянын абалына өзгөчө көңүл бурат. Оңчул премьер Виктор Орбандын өкмөтү өткөрүп алган «жалган маалымат» тууралуу мыйзам «пропорционалдуу эмес чара» деп бааланат.

Марттын аягында венгер парламенти пандемия шартындагы өзгөчө абал режиминде Орбандын ыйгарым укуктарын кеңейтип, өлкөнү парламенттин макулдугу жок эле чукул декреттер менен башкарууга мүмкүнчүлүк берген.

Европарламент жана Адам укуктары боюнча Хелсинки комитети сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар бул мыйзамды катуу сындашкан

«Демократия эркин жана көз каранды эмес медиасыз иштей албайт. Сөз эркиндигин урматтоо жана укуктук туруктуулугу азыркыдай туруксуз мезгилде абдан маанилүү. Жалган маалыматтардын тарашына каршы күрөшүү, жарандарга өтө зарыл маалыматтарды жеткирип туруу үчүн журналисттердин өз ишин тоскоолдуксуз жана так аткарып турушу мурда болуп көрбөгөндөй мааниге ээ болуп калды», - деп билдирген Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Эрик Мамер 31-мартта Брюсселдеги брифингде.

Кыргызстан быйыл «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун рейтингинде 82-орунду ээлеген. Бул былтыркыга караганда бир сапка жогору.

Өлкөдө басма сөз эркиндиги жаатындагы абал «жакшы, бирок мындан да жакшы болушу мүмкүн эле» деп мүнөздөлөт.

Уюм белгилегендей, «2017-жылкы президенттик шайлоо алдындагы куугунтук өткөн чакта калды. Бирок иликтөөчү журналисттерге маалымат алуу кыйын болуп жатат. Алар коркутууга, зомбулукка, кибер чабуулдарга туш болуп, суракка тартылып келет. Коррупциянын бетин ачкан материалдар өлкөдөгү эркин журналисттер менен маалымат каражаттары үчүн кооптуу бойдон калууда. Бул Райымбек Матраимовго байланышкан иликтөөдө даана билинди. Мындан тышкары улут аралык мамилелер өңдүү маселелерде журналисттер өздөрү өздөрүн цензуралаган учурлар көп жолугат. Жек көрүүнү козгогон чакырыктар жазаланып келет, бирок «экстремизмге каршы күрөш» деп социалдык тармактардын колдонуучуларын кээ бир учурда негизсиз куугунтуктоого да жол берилет», деп белгилейт уюм.

Уюм басма сөз эркиндигинин индексин 2002-жылдан бери жарыялап жүрөт. Анда эксперттерге берилген жоопторго таянып тигил же бул өлкөдөгү медианын өз алдынчалыгы, журналисттердин өздөрүн цензуралоосу, укуктук алкак жана айкындуулук талданат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG