Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Вайнштейн зордуктоо үчүн күнөөлүү деп табылды


Вайнштенди сотко алып келип жатышкан учур. Нью-Йорк, 24-февраль, 2020-жыл.
Вайнштенди сотко алып келип жатышкан учур. Нью-Йорк, 24-февраль, 2020-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон, бир катар белгилүү актерлор экс-кинопродюсер Харви Вайнштейндин айыпталышын кубатташты.

24-февралда бир кезде Голливуддагы кудуреттүү адамдардан болгон Вайнштейнди сот арачылар жыныстык ыдык көргөзүү, зордуктоо фактысы боюнча айыптуу деп тапкан. Өкүм таасирдүү эркектердин ыдык көрсөтүшүнө каршы чыккан аялдардын #MeToo кыймылы үчүн өтө маанилүү учур болуп калды.

Индияда мамлекеттик сапар менен жүргөн президент Трамп шейшембиде мурдагы продюсердин күнөөлөнүшүн «олуттуу ишарат кылган жеңиш» деп атады.

Кошмо Штаттардын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Берлиндеги Эл аралык фильм фестивалындагы басма сөз жыйынында сүйлөп жатып, өкүмдү кубаттады:

Хиллари Клинтон.
Хиллари Клинтон.

«Менимче, сот арачылардын өкүмү бардык суроолорго жооп берет. Албетте, адамдар муну күткөн, жакындан көз салышкан, себеби анын мыйзам алдында жооп бере турган учуру келген».

Сот өкүмүнө бир катар белгилүү адамдар, арасында америкалык актрисалар, кино жылдыздар «Твиттер» аркылуу реакциясын билдиришти.

Актриса жана продюсер Эллен Баркин: «Харви Вайнштейн зордуктоо үчүн айыпталды. Адвокаттары кандай чара көрбөсүн, ал өмүрүнүн аягына чейин кылмышкер бойдон калмакчы», - деп жазды.

Америкалык журналист Ронан Фэрроу: «Көптөгөн аялдар башын тобокелге салып журналисттер менен прокурорлорго барып болгон окуяларды айтып берүүнү чечишпесе, бүгүнкү сот ушундай аяктабайт эле. Ошол аялдарды эстен чыгарбагыла», - деди.

Лос-Анжелес. 12-ноябрь, 2017-жыл.
Лос-Анжелес. 12-ноябрь, 2017-жыл.

24-февралда Нью-Йорктун арачылар соту бир кездери Голливуддагы эң кубаттуу продюсер болуп саналган Вайнштейнди 2006-жылы жардамчысы Мими Хэйлиге жыныстык ыдык көргөзгөндүгү жана 2013-жылы актриса болом деп жүргөн Жессика Маннды зордуктаганы үчүн күнөөлүү деп тапкан.

Эми экс-продюсер 25 жылга чейин түрмөгө кесилиши ыктымал. Соттун өкүмү 11-мартта чыкмакчы. Бирок бир катар оор айыптоолор боюнча ал акталды.

Процессте Вайнштейн күнөөсүн моюнга албай, бардык айыптарды четке кагып келди. Өкүм чыккандан кийин судья аны дароо абакка жөнөтүүгө буйрук берди. Сот залынан Вайнштейнди колуна кишен салып алып чыгышты. Бирок кийин анын ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Кино индустриядагы белгилүү магнат 80ден ашуун аялга каршы жыныстык кылмыш кылган деп айыпталууда. Арасында Голливуддагы белгилүү актрисалар бар. Алардын айтымында, продюсер аларга көп жылдар бою асылып, жыныстык зомбулук көргөзүп келген. Аннабелла Шиора деген актриса Вайнштейн аны 1993-1994-жылдары зордуктаганын ырастаганы менен, көп убакыт өтүп кеткендиктен айыптоочулар анын көрсөтмөлөрүн колдоно алышкан жок. Бирок прокурорлор бул мисал аны такымын жеген кылмышкер катары көргөзөрүн айтышат.

Вайнштейн Каннда. Франция, 23-май, 2017-жыл.
Вайнштейн Каннда. Франция, 23-май, 2017-жыл.

Вайнштейнге каршы биринчи дооматтар 2017-жылдын октябрында «New York Times» гезитинде макала жарык көргөндөн кийин айтыла баштаган. Бир нече аял продюсерди айыптаганда компаниясы аны ишинен алган.

Вайнштейн «аялдарды жыныстык катнашка күч менен көндүрчү» деген дооматтарды четке кагып келди. Ага каршы бир нече кылмыш иши козголгону менен расмий айып 2018-жылдын май айында гана коюлган.

Анын иши #MeToo кыймылынын жаралышына түрткү берген. Дүйнөнүн ар тарабындагы аялдар таасирдүү эркектердин асылуусуна туш болушканын айтып бере башташкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG