Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:07

Манас Казакбаевдин “Түшүнүгүндөгү” жасалма кишилер


Манас Казакбаев. Осмон Уламсадыровдун архивинен алынган фотосүрөт.
Манас Казакбаев. Осмон Уламсадыровдун архивинен алынган фотосүрөт.

Дүйнөдөн эрте кеткен Манас Казакбаев капыс ажалга кабылбаса мыкты чыгармаларды жаратары бышык эле. Антип айтышка анын кылдат көркөм жөндөм-шыгы, сергек туюму, кыска өмүрдө жараткан чыгармалары мисал болуп бере алат. Бүгүн биз калемгердин "Түшүнүк" аңгемеси тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз.

"Баарынан мурда..."

Кеп башында мындан беш жыл илгери жарыя кылган макаламдан эмнеликтен жарым кулач үзүндү келтирип жатканымын себеп-жөнүн айта кетсемби деп турам. Ыраматылык Алым Токтомушев адабиятка чогуу кирген курбусу Манас Казакбаевдин “Класском” деген аңгемесин “Жаңы Ала-Тоо” адабий журналына кайталап жарыялап жатып, Орто-Сайдагы кыргыз жаштарынын “айылын” эскере минтип жазганы бар:

“Ошол “мен”, “мендердин “ ичинде Манас бар эле. Эсимен өчпөсө, ал жерге Манас биринчи конгон. Анан калган филфакты ээрчитип келген. Ошондой жан эле: отунду да, катынды да баарынан мурда алды. Баарынан мурда балалуу-чакалуу болду. Баарынан мурда 25 жашында өлдү. Негедир табышмактуу өлүм тапты. “Мен”, “мендердин” бир даарын артынан ээрчите кетти: досторубуз – Беганас Сартовду 33 жашында, Табылды Муканов менен Тургунбай Эргешовду 35 жашында, Камбаралы Ботояровду 45, Аман Токтогуловду 48 жашында. О, айраңдар, кайрандар! Эмдигиче болсоңор эмнени айтмак элеңер?!”.

Манас Казакбаевдин жаштайында жайрап калганын айылдаштарым ушу азыр да өкүнүч менен эскеришет. Аман болгондо эчен мыкты чыгармаларды жаратат эле деп муңайып калышат. Эрте кеткен курбуларын эстегенде күйүп жүрүп Алым Токтомушев да бул дүйнөнү таштап кете берди. Ал киши көркөм чыгарманын наркын, асылдык кунун мыкты билчү, пыр-сырдын арасынан адабияттын “кызыл данын” таап алуунун ыкмасын андан жакшы туйган киши жок эле.

Адабий журналда иштеп жүргөн маалында унутулуп бараткан мыкты чыгармалардын кыйласын кайрадан басып, Манас Казакбаевдин социализм заманында “Кыргызстан пионери” гезитинде жарыяланган “Класском” аңгемесин окурмандарга сунуш кылган. Бул ирет Манас Казакбаевдин "Түшүнүк" кыска баянына кайрылуунун оролу келип турат.

Мотоцикл

Чыгармада кадимки эле айыл турмушу сүрөттөлгөн. Башында чакан колхоздор 60-жылдары ирилешип, чачкын айылдар дүпүйгөн кыштакка айланып, колхоз-совхоздордун кыйла иши техникага жүктөлүп, жашоо-турмуш биртоп өзгөрүп калган кез эле. Бир жарым тонналык жүк машина, кыргыз айылдарында деле “полуторка” деп аталган куш тумшук унаанын заманы жүрүшүп, аны айдагандардын аты элге эртелеп таанылып, айылдан шаарга катташ, колхоздун иштери ансыз бүтпөй калган. Жеңил машина жеке менчикке өтө элек, бирок айрым эптүүлөр мотоцикл минип калган учур болчу.

Азыркыларга айтсаң жомок, ал заманда накаан-накаанда айылдын ортосундагы чаң жолду буркуратып “полуторканын” өйдө-ылдый өтүшү балдарга майрам болчу. Анын түтүнүн жытташ үчүн артынан чуркап, чаң менен терге кайыл, күйүгүп чуркап чарчаганда артка кайтышчу. Ал эми мотоцикл машинадан да кызык эле. Айылдын балдарына Сабит акенин тар жолдун чаңын уюлгутуп айдап өткөнү жыргал эле, көңүлү жайында болсо ал киши балдардын бирөөсүн артына учкаштырып алчу. Султанды да учкаштырып, “чоңойгондо жакшы магазинчи болосуң” деген сөзүнө эле семирип, балдардын арасында мадырайып жүрдү.

Айыл турмушу да аз-аздан өзгөрүп, колунда барлары жаңы үйлөрдү сала баштаган. Мурдагы үстү жалпак же чатыры камыш менен жабылган үйдүн ордун төрт-беш бөлмөлүү тамдар ээлеп, мотоциклчи Сабиттин жаңы үйүнүн дубалы тикеленип, бирок үстү жабыла элек болчу.

“Бир күнү классташ балдар биригип китеп окуп олтурсак, жогору тараптан мотоциклдин үнү чыгып калды. Жолду көздөй чуркадык. Сабит аке келатыптыр. Коңшубуздун тушуна токтоду. Үйгө кирер алдында минтип эскертти:
– Эй, "командир"– деди ал үй ээсинин уулуна,– эч кимге кол тийгиздирбе, мына бул жардангандарды алыс тургула де!

"Командир" жакшы бала эле, тигил кирип кеткенден кийин:
– Келгиле, көрөбүз. Кармай бергиле, куубайм! – деди.
Колубуздун кычуусу, көзүбүздүн моокуму канганча мотоциклдин жанында болдук. Бала бир аздан кийин себепсиз эле кароолчулугун аткарбай үйүнө кирип кетти да, муну айтып чыкты:
– Сабит аке атамдан тунуке сурап атат. Атам макул деди. Анын акчасына арзаныраак шифер алабыз деп жүргөн. Бир топтон кийин үйдөгүлөр көрүндү.
– Мотоциклге мине аласыңарбы?
– Жок!
– Ээ, жаман десе, сага үйрөтүш керек экен да! Кел, учкаш. Төлкө, бекем карма.
Сабит акенин "баласаактыгынын" аркасында "командир" мотоциклге учкашып бирде айылдын этегине, бирде башына ойт берип ойноп жүрдү. Биз алардын чаңына аралашып, артынан чуркап жыргап жүрдүк. Ошондо дикилдеп чуркап жүргөн балдар менен катар мен да муну самаган элем: "Сабит акем биздикине да кирсе го".

Тунукени Султандардын кошунасы сатмакчы болгон. Анын баласын Сабит акеси мотоциклине учкаштырып ойнотуп, кошунасынын көңүлүн аларын мадырабаштар кайдан билсин! Куулук-шумдугу жок балага мотоциклге учкашып айылдын аяк-башына шамал менен жарышып, ылдамдыктын ырахатына баткандан өткөн жыргал жок го. Андайдан куржалак калган балдардын көзү күйүп, мени да ошентип ойнотсо деп жүрүштү. Султан мотоциклге учкашуу бактысы мага келет деп ойлогон эмес. Сабит акенин тунукени сатып алууга акчасы жетпей, пул издеп жүргөнүн уккан, акча тапкыча тунуке сатчунун баласын ойнотот деп ойлогон.

“Мотоцикл токтоду. Чуркап бардык.
– А, салам кайда? - Тартына түштүк. Чоң адам бизге кичи пейилдик менен кол сунуп жаткан. Капыстан ал: – Атаңа барасыңбы?–деди.
– Барам, аке,– дедим мотоциклден көзүм өтүп.
– Учкаш,– деди эркелете. – Төлкө, бекем карма! Ии, ошондой. Аз-за-маат!
Ичимден сүйүнүп: "Минтип бизди ойноткон кандай жакшы киши Сабит акем!"– деп ойлойм…
Ийри-буйру колот арасындагы чоң жол менен зымырап баратканымда биздин артыбыздагы чаңыган топурак сур туманга окшоп жатты. Көңүлүмдө тумандуу суроо бар эле: "Неге бизди минтип ойнотот?.."
Дүкөндүн тушуна келип токтодук. Түштүм. Сабит акем андан ары жүрүп кетти. Аябай сүйүнгөн мен жылмайып, атама кирдим. Соода жүргүзүп атыптыр. Мени байкаган жок. Бет маңдайына барып, келгенимди билгиздим.
– А сенсиңби, Султан! Кайдан учуп келдиң мында?
– Сабит акем мотоцикли менен алып келди, билдиңизби?
– Киреби мында?
– Кетти.
– Кетти… Кириңиз дебейсиңби?!
Андан кийин үч-төрт жолу дагы келдим. Адатындагыдай ал атамын үстүнө кирген жок.
– Кетти, – дейм атамын суроосуна.
– Кеттиби? Кириңиз дебейсиңби? А балам-аа!
Бир жолу ал кирип келди эле, агамдай жабыштым.
– Сабит аке!
– Кел, Сабит кел! – анан жабышкан мага карап: – Жаман үйрөнүпсүң, ээ… – Жетине албай айткан сөзү эле атамын.
Бала да көңүлү өссүн, тим коюңуз… Көпкө эркелетишти мени”.

Сабит акесинин мотоциклине учкашуунун кубанычын Султан гана билчү. Башка балдар андай бакыттан куру калганын ойлогондо капыс келген жыргалына ишенип-ишенбей кетчү.

Кыйды

Ошол үчүн ал чын дилден чоңойсом Сабит акеме конфет алып берем деп ойлочу. Таттуу момпосуй дегениң ал кезде аз, балдардын баарына эле жете бербеген таңсык тамак эле. Султанга Сабит акесинин мотоциклине учкашып, шамал менен жарышып зуулдатып атасы иштеген жерге, коңшу айылдын ортосундагы магазинге айтпай-дебей кирип баруу жакчу. Андайда атасынын кубанганын айтпа! Негедир ушул уулунун көнүлү оорубаса, капаланбаса деп өзгөчө мамиле кылчу. Атасы Султанын эркелеткен Сабит акесин сыйлап магазинде тизилген арактын бирөөн ачып, “иниңдин чоңоюп, кезеги келгенде сени да мотоциклге учкаштырышы үчүн” деп тост айтты, бул анын урмат көрсөткөнү эле. Мындай сыйды ал киши магазинге баш баккандын баарына эле жасап жатыппы?!

Мотоциклге учкашкан жыргал ошону менен эле бүтпөдү. Арадан көп өтпөй Сабит акеси Султандын дүкөнчү атасын үйүнө конокко чакырды. Колунан келишинче сый көрсөтүп, чоң табак палоону жеп бүтүшкөн соң ал ичтеги сырын ачыкка чыгарды.

"– Үйүңдү качан жабасың, Сабит?– деди атам.
– Билбейм, колдо азырынча болбой жатат. Силерге коңшу жашаган кишинин тунукеси бар экен, макулдашып койдум эле. Ээ, эмнесин айтасың! – Үшкүрүп койду. – "Жөлөк болор адамыңды кулап кетерде көр" деген эмеспи. Досторум да, кастарым да бар эле. Туугандарым, тааныштарым да бар эле, бири да ал-жайымды сурап коюуга жарабайт. Ар ким өз арабасы менен алек.

Тамак желгенден кийин муну кошту:

– Таянарым өзүңүз… Дүкөнүңүздөн беш жүз сом карыз берип турбасаңыз болбойт. Зарыктырбайм, бат эле кайтарып берем, аке?
Атам жерден башын албай:
– Ушул акча өзүмдүкү болсо… Өкмөттүн, элдин мүлкү экен, – деди.

Кечинде атка учкаштык да, үйдү көздөй жол тарттык. Атам ойлуу келатты. Кез-кез карт-карт күлүп, бир нерсеге таң калгандай башын чайкап, кызык түрдө эле. А менин көңүлүмдө Сабит акенин акча сураганы гана кайталанып турду”.

О, баёо балалык! Кыйды Сабит акеси Султанды мотоциклине учкаштырып эки айыл ортосунда шамал менен жарышуунун сыры акчага байланган тура. Аны менен балдардын иши эмне! Султан кошунасы экөө эмнеге Сабит акеси айыл аралабай калганын санап, өтүп калса экөө кезектешип мотоциклине учкашарын, бир жыргап аларын айтып түгөтө албай жүрүштү. Ушунча балдардын ичинен экөөнү гана тандап учкаштырганын айтпайсыңбы!

Негедир кийинки кездери Сабит акеси мотоциклин бул айылдан айдап өтпөй калды. Колу тийбей, жумушу кычап бул жакка каттай албай жүрөт окшойт. Болбосо экөөнү кезектештирип учкаштырып ойнотуп келмек. Колу бошобой жаткан окшойт. Сабит акеси келбеген соң атасынын дүкөнүнө экөө бармай болушса тигинин атасы уруксат бербей, жалгыз өзү жолго чыкты.

“Айылдан узап, колоттун ичиндеги жолдо баратам. Капыстан артымдан мотоциклдин үнү угулду. Карасам, Сабит аке! Мотоциклдин үнү эле угулса сүйкүмдүү Сабит акемин элесин эстеген жаным, кандай бактылуу болгонумду айта аламбы? Заматта ал жанымдан өтө берди. Мына азыр токтотот, анан экөөбүз учкашып жөнөйбүз деген ой оюмду көңүлүмдү гүлдөтүп жиберди.
– Сабит аке! – дедим ички жакшы көрүүмдү арнап. Бирок ал мага бөтөнчө мамиле жасады:
– Жолобо! –деп чаңырды. – Энеңдин мотоцикли жок бул жерде! Жогол!
Заматта узап кетти. Менин көңүлдүү оюнум үчүн кам көргөн, стакан кагыштырар алдында атамдай узун өмүр тилеген бул адамдын алиги сөзүнө ишенбедим. Сүйкүмдүү мамилеси көңүлүмө уялап калган эле. Тигине, ал менден алыстап баратат. Жолдун уюлгуган чаңы, кичинекей сур туманга окшоду. Менин да оюм туман: эмне үчүн токтотпойт! Эмне үчүн? Жок, ал менин үнүмдү укпады же мени көрбөдү. Жок, жанагы кыйкырык аныкы эмес, тырылдаган мотоциклдин үнү!
Бардык күч-дарманымды жумшап, буттарым көзгө илешпей дикилдеп, артынан кыйкырып жөнөдүм:
– Са-би-ит а-ке! Са-би-ит а-ке-ее!..”

Кытмырлыкты билбеген кирсиз таза балалык ошол күнү кыйдылыктын дал өзүнө туш келди, анын заардуу жүзүн көрдү. Көргөнүнө ишенгиси келбеди, тарылдап узап бараткан мотоциклдин артында калган чаңды жутуп, эмне үчүн боорукер деген Сабит акесинин жинденгенине түшүнө албай турду.

Убакыт өтөт, бул жол менен Султан көп каттайт, жөө жүрөт, атчан өтөт, машина, велосипед, мотоцикл менен жол улайт, ортодо билинбей өмүр өтө берет.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG