Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Өкмөттү жарга такаган журналисттин өлүмү


Премьер-министрдин отставкасын талап кылган акция. Валетта, 20-ноябрь, 2019-жыл
Премьер-министрдин отставкасын талап кылган акция. Валетта, 20-ноябрь, 2019-жыл

Мальтанын премьер-министри Йозеф Мускат январдын ортосунда кызматынан кетүүнү көздөп жатканын 1-декабрда билдирди.

Премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар 30-ноябрда өкмөттө таасирдүү байланыштары бар белгилүү ишкер Йорген Фенекке айып тагылгандан кийин күчөдү.

Премьер Йозеф Мускат 30-ноябрга караган түнү кабинеттин чукул жыйынын өткөрүп, көп узабай отставкага кетерин жарыялады:

Мальтанын премьер-министри Йозеф Мускат. Валетта, 29-ноябрь 2019-жыл
Мальтанын премьер-министри Йозеф Мускат. Валетта, 29-ноябрь 2019-жыл

- Мен Лейбористтер партиясынын төрагасына арыз жазып, 2020-жылдын 12-январынан тарта жаңы лидерди тандоо процессин башташы керектигин айтам. Ал күнү мен партиянын жетекчилигинен кетем. Ошондон кийин премьер-министрликтен да баш тартам. Лейбористтер партиясы бир айдай убакытта жаңы лидерди жана жаңы премьерди тандайт.

Буга чейин популярдуу өкмөт башчы катары сыпатталып келген Мускат эмки шайлоого катышпай турганын айтты.

Жогоруда сөз болгон бизнесмен Йорген Фенек коррупциянын бетин ачкан иликтөөчү-журналист Дафна Каруана Галицияны өлтүрүүгө ортомчулук кылган деп шектелүүдө. Ишкерди ноябрдын орто ченинде аралдан кетүүгө аракеттенген жеринен кармашкан. Фенек суракта журналисттин көзүн тазалоону өкмөттүн аппарат башчысы Кит Шембри уюштурганын айткан. Ошондон кийин, 26-ноябрда Шембри кызматынан кетип, камакка алынган. Бирок полиция кийин аны коё берген.

Ошол эле күнү туризм министри Конрад Мицци отставкасын жарыялады. Анын артынан экономика министри Кристиан Кардона иликтөө аяктагыча кызматынан чегинип турарын билдирген.

Фенек кармала электе премьер ортомчулук кылган киши буйрутманы ким бергенин айтып берсе, анын айыбын кечирерин айткан. Бирок премьердин отставкасын талап кылган нааразылык акциялары башталганда Мускат эч ким жоопкерчиликтен бошотулбайт деп билдирди.

Журналист Галициянын өлүмүн адилет териштирүүнү талап кылган акция. Валетта, 1-декабрь 2019-жыл
Журналист Галициянын өлүмүн адилет териштирүүнү талап кылган акция. Валетта, 1-декабрь 2019-жыл

Эми парламент алдына чыккан эл премьер кызматта кала берсе, тергөөгө кийлигише алат, таза калуу үчүн эмки жылды күтпөй эле дароо кетүүгө тийиш дешет.

Фенек жетектеген "Electrogas" энергетикалык компаниясы өлкө бийлигинен мамлекет менен өнөктөштүктө газ электростанциясын курууга көп миллиондуу заказ алган. Анын ысымы Дубайдагы “17 Black” компаниясынын ээси катары аталган. Компания болсо 2016-жылы дүйнөдөгү белгилүү адамдардын арам акчаны адалдоого тиешесин ашкерелеген “Панама досьеси” деген архивдик документтерде чыккан.

Антикоррупциялык блогу менен таанылган журналист Галиция ошол “Панама досьеси” менен да алектенген. Анын машинесин 2017-жылдын октябрында башкалаа Валеттада жардырып жиберишкен. Ага чейин такай коркутуп-үркүтүүлөргө туш болуп келген. Журналисттин өлүмү Жер Ортолук деңиздеги аралда гана эмес, бүтүндөй Европада чоң резонанс жаратып, ошондон бери бийликтин дарегине көп сын айтылып келатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG