Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Мадинанын атасы: Кызымды жоктоп боз үйдө жалгыз отурам...


 Мадина Рахматжанова.
Мадина Рахматжанова.

Баткенде тажик аскерлеринин аткылоосунан каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын атасы Наимжан Абдуллов "Азаттыкка" маек берди.

- Мадина кечээ жерге берилиптир, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Азыр абалыңыз кандай? Жубайыңыз, кичүү кызыңыз жакшыбы?

- Кызымды, Мадинамды кечээ жерге бердим...(ыйлап). Аялым менен кичүү кызым азыр Бишкекте ооруканада жатат. Бул жакта жалгыз боз үйдө куран окутуп отурам.

Каргаша болгон күнү мен ишке кеткем. Аялым эки кызым менен Интернационал айылындагы үйүбүздө болчу. Аялым "эшикке чыксак, үйдүн чатырына бир нерсе катуу атылып, кулагым тунуп калды" деди. Кыйкырып, жардамга чакырса эч ким келбептир. Эки кызын жетелеп, үйдөн чыгып, качып баратканда алдынан миномет атылыптыр. Улуу кызым жолдо ошол жерде жатып калыптыр. Кичүү кызыма, аялыма да тийип, апасы кичүүсүн көтөрүп, улуусун карап нес абалда болгон экен.

Ок тынбай атылгандыктан аялым улуу кызыма көпкө чейин бара албай жатыптыр. Үчөөнү тең Исфанадагы ооруканага алып барышкан экен. Кызым жолдон үзүлүптүр. Аялыма операция жасалып, наркоз тараганда жанына кирсем, кызын сурай баштады. Кантип ага Мадинабызды жоготконумду айтат элем... "Балдар бөлүмүндө жатат" дедим. Суук кабарды бир күндөн кийин угуздук. Экөөнү Бишкекке ооруканага учак менен алып кетишти. Мен кызымдын сөөгүн моргдон чыгарып, айылга жерге бергени алып келдим.

Мадина атасы, апасы жана кичүү сиңдиси менен.
Мадина атасы, апасы жана кичүү сиңдиси менен.

- Азыр жубайыңыз, кызыңыз Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунда дарыланып жатыптыр. Абалдары кандай, сүйлөшүп жатасызбы?

Аялым "жакшы баса албай жатам" дейт. Бутунун эки жеринде жарааты бар экен, рентгенге салып текшерип жатышат. Кичүү кызымдын абалы жакшы эле дешти.

Мадина Рахматжанова.
Мадина Рахматжанова.

- Канча балаңыз бар, Мадина тууралуу айтып бериңизчи?

- Үч балам бар. Улуусу Москвада иштейт. Ал кечээ кечинде Ошко учуп келди. Түнү менен Бишкектеги ооруканага апасына чыгып кеткен. Мадина үйдүн ортончусу эле. Ооруканада жаткан кичүү кызым 10 жашта. Мадина дилгир, акылдуу кыз болчу. 1-класстан 6-класска чейин жалаң "5" деген баага окуду. Ыймандуу кызымдан айрылып калдым. Беш убак намаз окуп, орозо кармачу. Өлгөн күнү оозу бек эле, ошол бойдон кетти. Өзүмдү коёрге жер таппай, туталанып жатам. Башка эч нерсе айтып бере албайм.

"Мадинамдан айрылып калдым"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00
Түз линк

Баткенде тажикстандык аскерлердин аткылоосунан каза болгон окуучу кыз, Лейлектин Интернационал айылынын тургуну Мадина Рахматжанованын апасы менен сиңдисине Бишкекте операция жасалганы белгилүү болду.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, дарыгер Сабырбек Жумабеков "Азаттык" радиосуна экөөнүн тең абалы турукташып калганын билдирди.

"Акыбалдары туруктуу. Эне-кыздын буттарына ок тийген. Булчуң эттерин аралап өтүп кеткен. Майда осколка тийген жерлери да бар. Комада эмес".

Жумабеков жабыркагандарга психологиялык жардам берилип жатканын кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG