Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Шинжаң: Кыз-келиндин талкаланган тагдыры


Шиңжаңдагы лагердин күбөлөрү Келбинур Сыдык (солдо), Гүлбахар Гаитиуажи (ортодо) жана Өмүрбек Бегали (оңдо) Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин жыйынында. Прага, 12-ноябрь, 2021-жыл.
Шиңжаңдагы лагердин күбөлөрү Келбинур Сыдык (солдо), Гүлбахар Гаитиуажи (ортодо) жана Өмүрбек Бегали (оңдо) Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин жыйынында. Прага, 12-ноябрь, 2021-жыл.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгресси Прага шаарында Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын көйгөйүн көтөрдү. Анда Бээжиндин соңку мезгилде күчөп жаткан кысымын токтотуу чаралары талкууланды. Уйгурлар конгресси буга эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, Кытайга басым жасоого чакырды.

Үрөй учурган зордук-зомбулук

Шинжаңда жашаган уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктарына Бээжиндин катаал саясатын токтотуу үчүн Кытайга эл аралык басым көрсөтүү чаралары Бүткүл дүйнөлүк уйгурлардын конгрессинин Прагада өткөн жыйынында талкууланды. Бээжиндин репрессиялык саясатын ашкерелеген тирүү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, Кытай түрмөлөрүнөн жана кайра тарбиялоо лагерлеринен чогултулган далилдер талданып, аларга баа берилди.

Кытай тилинен сабак берүүгө мажбурланган Келбинур Сыдык аттуу аял 2017-жылы 9 айдан ашуун лагерде болуп, зордук-зомбулук көрүп, азап тартканын айтты.

"Адам чыдагыс кыйноолорго дуушар болдум. Андагы туткундарды кытай күзөтчүлөрү адам ордуна дагы көрүшпөйт эле. Ар бир камерада 40-50 адам отурдук. Андагылардын 90 пайызы 18 жаштан 40 жашка чейинки аялдар менен кыздар. Жетимиш жашка чейинки аялдар да бар болчу. Жаңыдан камалган кыз-келиндерди камерадан алып чыгып, кытай күзөтчүлөрү байма-бай зордуктап жатышты. Зордогон соң кыз-келиндердин жыныс органдарына электрондук таякты тыгып, кыйнап, азапка салган учурлары дагы болду", - деп Келбинур Сыдык башынан өткөргөнүн баяндап берди.

Бээжин жүз миңдеген адамды "кайра тарбиялоо" лагерлеринде кармап, мажбурлап иштетип, коммунисттик режимдин атрибуттарын жаттатып, кытай тилин мажбурлап окута турганы ачыкка чыккан.

Кытай бийлиги Шинжаңдын тургундары диний, этникалык өзгөчөлүгү же саясий көз карашы үчүн кысымга алынганын четке кагып, алар кармалган жайларды "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп мүнөздөгөн.

Тукумсуздандыруу. Кыз-келиндердин талкаланган тагдыры

Келбинур Сыдык ошондой эле, төрөй турчу курактагы кыз-келиндерге вакцина сайылып, жапырт тукумсуздандыруу жүргөн учурларды белгиледи:

"Лагерде 18-20 жаштардагы бир кызга тукумсуздукка каршы үкөл сайгандан кийин ал камерада эки ай бою кансырап жүрүп, акыры каза болду. Ага жардам бере алган жокпуз. Мен анын сөөгүн сыртка чыгарып, арабага салып алып баратканын көрдүм. Лагерде аялдарга өмүр бою төрөбөй турган кылып, тукумсуздукка каршы дары-дармектерди мажбурлап ичирип турушту. Андагы кыз-келиндердин бири дагы зордук-зомбулуктан, кыйноодон кутула алган жок. Биз дагы андан качып кутула алган жокпуз", - деди Келбинур Сыдык.

Алдап чакырылган амал

Ал эми 2006-жылы үй-бүлөсү менен Францияга көчүп кеткен Гүлбахар Хаитиуажини Кытай бийлиги 2016-жылы алдап чакырып, 2 жылдай түрмөдө отурганын айтып берди. Гүлбахар ага дагы белгисиз вакцина сайылганын, андан соң саламаттыгы начарлап, бир ай бою үй түрмөгө чыкканын эскерди. Аны абактан чыгарууга үй-бүлөсүнүн Бээжиндеги француз элчилигине жазган арызы негиз болгон.

Келбинур Сыдык (солдо) жана Гүлбахар Хаитиуажи (оңдо) Прагадагы жыйында. 12-ноябрь, 2021-жыл.
Келбинур Сыдык (солдо) жана Гүлбахар Хаитиуажи (оңдо) Прагадагы жыйында. 12-ноябрь, 2021-жыл.

"Эмделгенден кийин аялдык касиетиң токтоп калат экен. Мына ошондой абалда мени күзөтчүлөр 2019-жылдын март айында түрмөдөн алып чыгып, шарты кичине жакшыраак башка бир үйгө жайгаштырышты. Анткени менин саламаттыгым аябай начарлап, ага чейин 65 килограмм болсом, ошол кезде салмагым 50 килограммга дагы жетпей калды. 2019-жылдын август айынын аягында кытай күзөтчүлөрү менин паспортумду кайтарып беришти. Паспортумду кайтарып берерден мурун лагерде көргөндөрүмдү эч кимге айтпашымды талап кылышты. Эгерде Францияга чыгып кеткенден кийин айта турган болсом, ал жакта калган жакын туугандарыма күн көргөзүшпөй турганын эскертишти", - деди учурда Францияда жашап жаткан шинжаңдык Гүлбахар Хаитиуажи.

"Адамдын денеси ооруну сезбей калат"

Ал эми кесиби боюнча мугалим, кийин туризм тармагы боюнча иштеген Өмүрбек Бегали абакта кандай кордук көргөнүн минтип баяндады:

"Мени бейкүнөө эле түрмөгө алып кирип, террорист кылып коюшту. Мен Казакстан менен Кытайдын ортосундагы туризмди өнүктүрүү үчүн туристтик компанияда иштеп жүргөндө кармалдым. Мага "террорчу жана диверсант" деген айып тагышты. Жасабаган кылмышты моюнга алып, кол коюуга мажбурлашты. Башыбызга кап кийгизип алып, аба жеткизбей, кыйнашты. Темир отургучка отургузуп, электр токко урунтуп, күндө кечинде алып чыгып, жыгач таяктар менен уруп жатышты. Уруп, кыйнай берсе адамдын денеси акыры ооруну сезбей калат экен. Кыйноого жарым күн чыдасаң, этиң ооруганын сезбей калат экенсиң. Өлтүрсөңөр дагы, моюнума албайм деп, акыры эч нерсесине кол койгон жокмун. Ошондуктан азыр сиздердин алдыңыздарда отурам. Анткени мен эстен танып жыгылсам дагы кыйноолорго чыдадым. Анан калса менин бошотулушума мурда Казакстан жараны экеним себеп болду окшойт".

Шинжаңдагы кайра тарбиялоо лагери. Кытай сакчылары уйгур туткундарына көз салууда, декабрь, 2018-жыл.
Шинжаңдагы кайра тарбиялоо лагери. Кытай сакчылары уйгур туткундарына көз салууда, декабрь, 2018-жыл.

"Адамзатка каршы кылмыш"

Жыйында изилдөөчүлөр Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына карата Кытайдын катаал саясатын талдап, терроризмди шылтоолоп этностук жана диний тазалоо жүргүзүү катары бааланды. Кытай өкмөтү уйгурлар жашаган Шинжаңга этникалык кытайларды көчүрүп келип, муну менен алардын санын азайтуу саясатын жүргүзүп жатканы айтылды. Чыгыш Түркстан бирлигинин президенти Хидаят Огужан бул саясат Кытайдын ички иши эмес экенин билдирди:

Хидаят Огузан. Чыгыш Түркстан бирликтеринин эл аралык союзунун президенти . Бүткүл дүйнөлүк уйгурлар конгрессинин Прагадагы жыйыны. 12-ноябрь, 2021-жыл.
Хидаят Огузан. Чыгыш Түркстан бирликтеринин эл аралык союзунун президенти . Бүткүл дүйнөлүк уйгурлар конгрессинин Прагадагы жыйыны. 12-ноябрь, 2021-жыл.

"Шинжаңдагы кысым БУУнун геноцид жөнүндөгү сыпаттамасына туура келет. Бирок Кытай режиминин Шинжаңдагы уйгурларга карата эмне кылып жатканын так аныктоо үчүн бир эле геноцид деген сөз жетишсиз. Кытай мындан ары адамзатка каршы жасаган азаптуу кылмыштарын жашыра албайт. Аны азыр эл аралык коомчулук, эл аралык маалымат каражаттары жана бардык изилдөөчүлөр билишет. Шинжаңдагы уйгурлар баш болгон мусулман азчылыктарына карата этникалык жана диний белгилери боюнча кысымга алган кырдаал Кытайдын ички иши эмес, бул адамзатка каршы кылмыш", - деп билдирди Чыгыш Түркстан бирлигинин президенти Хидаят Огужан.

Дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген 200 чамалуу уйгур делегаты Бүткүл дүйнөлүк уйгурлар конгрессинин жаңы жетекчилигин үч жылга шайлоо маселесин карады. Бул жолу уюмдун башкы ассамблеясына башка этностук топтордун, жарандык коомдун өкүлдөрү, улуттук өкмөттөр менен парламенттердин мүчөлөрү да киргизилди.

Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган уйгурлардын ичинен бери дегенде бир миллиондой киши, алардан башка казак, кыргыз сыяктуу этностук азчылыктар кайра тарбиялоо лагерлеринде азап тартып жатканын буга чейин укук коргоочулар да айтып келишкен.

Кытай бийлиги болсо Шинжаңды өнүктүрүүгө оңой эмес каражат жумшап жатканын жана мында эч кандай репрессия же геноцид жоктугун айтып, "кайра тарбиялоо" лагерлерин түзүү анын ички иши экенин, ага кийлигишүүгө болбой турганын жарыялаган.

АКШ, Канада баштаган бир нече өлкө буга чейин Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын геноцидге салыштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG