Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:42

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Дастан


Дастан Лепшаков.
Дастан Лепшаков.
Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

Аскер Сакыбаева - журналист. Бир катар басылмаларда эмгектенген. Соңку кезде эркин медиалар менен кызматташып келет.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Акыркы кезде күрөш спорту боюнча кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк мелдештерде чоң ийгилик жаратканына күбө болуп жатабыз. Өзгөчө дүйнөлүк спорт жылдызына айланган кыздарыбыз үчүн баарыбыз сыймыктанып келебиз.

Мен спорттун башка түрү - бильярд боюнча айтып берсемби деп турам. Себеби спорттун бул түрүндө да Кыргызстандан чыккан кий чеберлери дүйнөлүк спорт жылдызына айланууда. Анан калса, жакында эле мыкты уулубуз Дастан Лепшаков экинчи ирет дүйнө чемпиону болду.

Жогорудагы эки спорттун түрүн карап көрсөк, ар биринин жеңишке чыйыр салган баштоочулары бар экен. Күрөштө ыраматылык Раатбек Санатбаев, Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов жана Руслан Түмөнбаев жана башкалар жол ачып беришсе, андан кийин азыркы азаматтар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев жана башкалар алардын жолун ийгиликтүү улантып жатышат. Аялдар күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова кыздар үчүн күрөшкө чыйыр салып бергени, дүйнөлүк спорттогу даңазалуу жеңиштери менен тарыхта калды.

Бильярд спортунда дүйнөлүк аренага жол ачкан спортчу Каныбек Сагынбаев экендигин окурмандар билсе керек. Каныбек учурда дүйнөнүн үч жолку чемпиону ( 2007, 2014-ж. динамикалык пирамида, 2010-ж. эркин пирамида), көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болуп эсептелет. Бирок дагы бир кызыктуу фактыны белгилей кетейин деп турам.

Дагы бир Каныбек Сагындыков аттуу мекендешибиз Казакстандын атынан бильярд спортуна катышып келет. Ал дагы орус бильярдынан дүйнөнүн үч жолку чемпиону (Европалык пирамида, 2001-ж. Вильнюс. Пирамида, 2004-ж. Москва. Эркин пирамида, 2007-ж. Киев), ондогон беделдүү турнирлердин жеңүүчүсү.

Ал Нарында туулуп өскөндүгүн, бильярд ойноону Бишкектен үйрөнгөнүн өзү айтып келгенине карабастан, казактар негедир аны Алматыда туулган деп жазышат. Убагында аны бул спортто тиешелүү деңгээлде колдоо болбогон соң, Казакстанга кетсе керек.

Бильярддын динамикалык пирамида түрү боюнча Санкт-Петербург шаарынын ачык кубогу. Финалда казакстандык Каныбек Сагындыков менен украиналык Александр Паламарь ойногон. 2005-жыл.

Мына ушул Каныбек Сагындыков Казакстан үчүн дүйнө чемпиондугун биринчи жолу 2001-жылы утуп алса, Каныбек Сагынбаев алгачкы жолу 2007-жылы дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстандын намысын коргогон. Азыр экөө тең дүйнөдөгү эң күчтүү бильярдчылардын үчилтигине кирет.

Каныбек Сагынбаев дүйнө чемпиону болгон соң, Кыргызстанда да бул спортко олуттуу көңүл бурула баштады. Мамлекет кандай көңүл буруп жаткандыгын бир беткей айтуу кыйын, бирок Бишкекте, дегеле Кыргызстандын бардык шаарларында, айылдарында жүздөгөн бильярд залдары иштеп жатканы анык. Демек, бул спорттун эл арасында дагы абдан популярдуу экендигин көрсөтүп турат.

Мен бүгүн бир аз убакыт мурда эле бильярд боюнча дүйнөнүн экинчи жолу чемпиону болгон Дастан Лепшаков тууралуу кенен айтууну туура көрүп турам. Себеби 5-8-октябрда Орусиянын Ханты-Мансийск округундагы Югорск шаарында бильярддын уланган эркин пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Бул чемпионатка кыргызстандык бир топ бильярдчылар: Дастан Лепшаков, Азиз Мадаминов, Каримберди уулу Мухамед, Калыбек уулу Арсен, Ызатбек Ратбеков катышкан. Булардын ичинен Азиз Мадаминов үчүнчү орунга татыктуу болсо, Дастан Лепшаков экинчи жолу дүйнө чемпиону титулуна ээ болду. Бул чынында зор сыймык! Кыргыз бильярдчыларынын ондогон жылдар бою түптөлүп келе жаткан мектебинин сапатын даңазалаган иш.

Дастан биринчи жолу дүйнө чемпиону наамына 2015-жылы 18 жашында бильярддын динамикалык пирамида түрүнөн ээ болгон.

Ушу тапта бильярд боюнча Дастан Лепшаков дүйнөдөгү абдан кадыр-барктуу спортчулардын катарында турат. Ал бильярддын ойнолуп жүргөн түрлөрү: эркин пирамида, динамикалуу пирамида, москва пирамидасы, комбинациялуу пирамида боюнча кий чебери. Бир кезде снукер да ойногон. Дастандын быйылкы жетишкендиктери абдан жакшы: кээ бир турнирлерде үчүнчү орунду ээлеп, айрым турнирлерде финалда ойносо, “Астана кубогу 2022” эл аралык турниринин баш байгесинин жеңүүчүсү болуп, жакында эле экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.

Дастан Лепшаков Таластын Бакай-Ата районунда туулуп өскөн, алты бир туугандын кичүүсү. 12 жашынан тарта бильярд ойной баштаган. Анын шыгын байкаган соң атайын спорт мектебине которушуп, бильярд боюнча машыктыруучу Каныбек Дүйшөбаев машыктыра баштаган. Жыйынтыгында Дастан жаштар арасында дүйнө чемпиону, кийин чоңдор арасында биринчи жолу дүйнө чемпиону болгон.

2017-жылы бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн дүйнө чемпионатынын күмүш байгесине да ээ болду. Белгилей кете турган нерсе, Орусияда ишкер Иван Саввиди негиздеген кадыр-барктуу турнир бар. Ошол турнирдин баш байгесин Дастан Лепшаков үч жолу жеңип алган. Ошентип Дастан Лепшаков бир кезде Каныбек салган чыйырды даңктуу улантып келе жатат. Дастан азыр 25 гана жашта, алдыда дагы далай жеңиштердин ээси, үчүнчү, төртүнчү жолу дүйнө чемпиону болуу мүмкүнчүлүгү да бар.

Дастан спортчу катары абдан токтоо, ар бир шарды атаардын алдында столду айланып келген ага гана тиешелүү адаты бар. Оюндун эрежесин катуу сактайт, күнүгө алты сааттан кем эмес машыгат экен. Башка оюнчулардан артыкчылыгы, аткыч шарды абдан жакшы башкара билет, бирок көрүүчүлөрдүн көңүлү үчүн кызыктуу шарларды атуу боюнча эң мыкты чебер. Ошон үчүн азыр анын күйөрмандары дүйнө боюнча көп.

Бильярд спорту сыртынан кооз көрүнгөнү менен, анда ойноо үчүн бийик интеллектуалдык деңгээл, эсепсиз сааттык машыгуулар, мээнин сергектиги, таамай аткан кол, курч көз, тобокелден баш тартпаган жүрөк, бай тажрыйба, бир нече саат бою акылдын, нервдин жана физикалык күчтүн концентрациясын кармай алган жөндөм керек. Дастанда булардын бардыгы бар.

Дегеле кыргызстандык спортчулар жамааттык эмес, күрөш, бильярд сыяктуу жана башка жекече спорттун түрлөрүнө басым жасаса, натыйжа жакшы болот деп ойлойм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG