Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:41

"Сөз эркиндиги кооптуу абалда". Медиа өкүлдөрүнүн коңгуроосу


Сөз эркиндигин колдоо жүрүшү, Бишкек, 2022-жылдын 14-октябры.
Сөз эркиндигин колдоо жүрүшү, Бишкек, 2022-жылдын 14-октябры.

Бир катар чет элдик журналисттер, эл аралык уюмдар, укук коргоочулар, эксперттер “Кыргызстандагы сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын коргоо! Журналисттерди куугунтуктоону токтотуу!” деген ураан менен кол топтой баштады.

Петицияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Литва, Молдова, Британия, Франциянын, "Журналисттерди коргоо комитетинин", Justice for Journalists Foundation, "Чек арасыз кабарчылар" жана башка уюмдардын, жалпысынан 60тан ашуун адамдын жана мекеме-уюмдун колу коюлду.

Анда Кыргызстанда сөз эркиндигине басым болуп, маалыматтын ачыктыгын жана пикирлердин эркиндигин талап кылгандар саясий куугунтукка кабылып жатканы белгиленди.

Коррупцияны ашкерелеп келген иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылганына, Next TVнын жетекчиси соттолгонуна, “Азаттыктын” сайты бөгөттөлүп, 30дай журналист, блогер жана активист камакта отурганына көңүл бурулду.

Кайрылууга кол койгондор Бириккен Улуттар Уюмунун, Европа Кеңешинин, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун тийиштүү органдарын Кыргызстандагы демократиянын абалына көңүл бурууга чакырган.

Дайнюс Радзявичюс.
Дайнюс Радзявичюс.

“Сөз эркиндиги кооптуу абалда деп айтылган өлкө үчүн эл аралык коомчулуктун кайрылуусу коңгуроо. Саясий лидерлер бул жаатта иш алып барып, журналисттердин коопсуздугуна көңүл бура баштайт. Кыргызстандык медиа кесиптештерибиз түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирип жатканы биз үчүн да коңгуроо. Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тажрыйбасында журналисттерге басым, куугунтук эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Кабарчылар өз ишин аткарганы үчүн актанууга мажбур болгону эркин басылмалар үчүн коркунуч", - деди Литвадагы журналисттер союзунун төрагасы Дайнюс Радзявичюс.

Анын айтымында, алар кыргызстандык кесиптештерине тилектештик билдирип, петицияга кол коюшкан. Эң жакшысы - журналисттердин укугун коргоо үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек экенин белгиледи.

"Биз Литвадагы журналисттер ЖМКлар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп чыгып, ал парламентте эки окууда жактырылды. Адатта журналисттин үстүнөн кылмыш ишин козгоп, сотко берип, аны камоого алгандын артында анын ишмердүүлүгү, коомду ойготкон иликтөөлөр турат. Ошондуктан сотко берген тарап журналисттин иликтөөлөрүнө байланыштуу эмес экенин далилдеп бере албаса, ал иш сотто каралбайт деген толуктоолорду киргизип жатабыз. Бул биздин журналисттерге мыйзам менен өзүн коргоп алууга чоң көмөкчү”.

Буга чейин 9-декабрда да бештен ашык өлкөнүн медиа өкүлдөрү телекөпүрө уюштуруп, кыргызстандык журналисттерге колдоо билдиришкен.

Bulak.kg маалымат сайтынын жетекчиси, журналист Семетей Аманбеков Кыргызстандагы адам укуктарынын бузулушу, эркин медиаларга кысым, камоолор тууралуу чакан анализ жүргүзгөн.

“Үч негизги багытта сөз эркиндигине басмырлоо болуп атат. Журналисттерге мыйзамсыз кылмыш иштери козголуп, камалып, өз мекенинен күчтөп чыгарылууда. Журналисттердин укугун тепселеген жана жалпы сөз эркиндигин жокко чыгарган мыйзамдарды кабыл алуу аракети көрүлүүдө. Мисалы, "Фейктерге каршы" мыйзамына ылайыктап туруп "Республика" жана "Азаттыктын" сайтын мыйзамсыз бөгөттөштү. "Жалпыга маалымдоо каражаттары" тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алуу аракети көрүлүп атат. Ал Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн юристтер айтып, медиа эксперттер бул долбоор эң катаал, Баш мыйзамга, адам укуктарына дал келбеген мыйзам экенин айтышууда. Анан түрдүү акция, митингдерди уюштуруп, кастык тили менен "журналисттерди сабайбыз, кеңсесин өрттөйбүз" деген сыяктуу каралоолорду жасап, интернетте да фейк колдонуучулардын жардамы менен элге журналисттерди терс жагынан көрсөтүшүүдө”.

Соңку айларда Кыргызстанда эркин медиалардын, бейөкмөт уюмдардын жана журналисттердин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жарата турган үч мыйзам долбоору сунушталып, коомдук талкууга да коюлду.

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жана “Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү”, ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” мыйзам долбоорун демилгелеген.

Бул мыйзам долбоорлоруна байланыштуу бир катар жергиликтүү жана чет элдик журналисттер, эл аралык уюмдар, укук коргоочулар, эксперттер тынчсыздануусун билдиришкен.

Президенттик администрация өзү сунуштаган “Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү” жана "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорлорун жарандык коом жана журналисттер менен талкуулап, мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү үчүн жумушчу топ түзүлмөй болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова иштеп чыгып, 22-ноябрда коомдук талкууга чыгарган "Чет элдик тыңчы" мыйзамынын тагдыры азырынча белгисиз. Депутат Исхак Масалиев журналисттер менен бийлик өкүлдөрү жолуккан жыйында бул мыйзамды кароо алты айга жылдырылганын билдирген. Бирок Нарматова бул маалыматты четке кагып, өзү демилгелеген мыйзам долбоорун кароо мөөнөтү өзгөрбөгөнүн айткан.

"Адилет" укук клиникасы Нарматованын мыйзамына анализ жүргүзүп, анын 98 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

"Сөз эркиндигин сактайлы". Курултайчылардын суранычы

22-декабрда Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга байланыштуу президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик жетекчилерине кайрылып, анда сөз эркиндигинин абалына да көңүл бурууну өтүнгөн.

Элдик курултайдын кеңешинин төрага орун басары​ Бейшенбек Абдразаков эркин медиаларга болгон чектөөлөрдү ушул жылдын ичинде алып салууну президенттен өтүнгөнүн “Азаттыкка” ырастады.

“Орто Азия боюнча Кыргызстандын эң чоң эки байлыгы бар – таза демократия жана таза суу. 30 жылдан бери "демократия аралчасы" деп да аталып келебиз, тилекке каршы акыркы учурларда бул аталышка татыктуу болбой жатканыбызды бийлик деле өз моюнуна алса керек. Мурдагы президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаевдин тушунда журналисттер сабалып, камалып, мүлкү конфискация болгон учурлар катталган. Биз кайрылуубузда сөз эркиндиги тууралуу да жаздык, ар бир бийликтин кемчилиги айтылып турушу зарыл нерсе. Өз оюн эркин айтканы үчүн камап койгон болбойт, кайталап кайрылган кайрылууда да ушуларды белгиледик”.


Абдразаковдун пикиринде, коңшу өлкөлөргө караганда Кыргызстанда салыштырмалуу сөз эркиндиги сакталып келет. Ал журналисттер өз ишин аткарууда фактыларга таянып, анык маалымат берүүгө кызыкдар болушу керектигин эске салды. Бирок эркин медиа, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин чектөөнүн арты жакшы жыйынтыкка алып келбей турганын да кошумчалады.

“Диктатура, басым-кысым болуп аткан мамлекеттердин катарына туруп калышыбыз мүмкүн. Себеби эл аралык эксперттер рейтингдерди жүргүзүп, адам укуктарынын сакталышы, сөз эркиндигинин абалы сыяктуу негизги критерийлерге саресеп салууда. Алар жыйынтык чыгарганда Кыргызстан кооптуу өлкө экенин айтып, демократиянын принциптери тебеленип жатканын сөзсүз белгилешет. Мындай көрүнүш Кыргызстандын эл аралык аброюна көлөкө түшүрөт”.

Анткен менен бийлик сөз эркиндигине байланыштуу сындарды четке кагып келет. Буга чейин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бийлик сөз эркиндигин сактай турганын айткан.

"Биз ар дайым талкууга ачыкпыз, сунуштарды угабыз. Сөз эркиндиги - көз карандысыздыгыбыздын жетишкендиги. Ошондуктан, мамлекет өз кезегинде сөз эркиндигин сапаттуу деңгээлде кармап турууга аракет кылат", - деген Султанбаев.

Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, аны сактай турганын президент Садыр Жапаров да дайыма белгилеп келет.

"Азаттыктын" иши

22-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Азаттык Медиа" мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандырган эмес. Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Атайын кызматтын бул кайрылуусу "Азаттык Медианын" банк эсебин бөгөттөөгө себеп болгон.

Соттук процесс маалында ишти караган судья Туратбек Бекенов адвокаттар келтирген бир нече өтүнүчтү четке кагып, жыйынтыгында негизги арызды да канаттандыруусуз калтырган.

Соттун чечимин улай “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай билдирүү таратты.

“Райондук соттун “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун ар бир өтүнүчүн четке каккан бүгүнкү чечими мыйзам үстөмдүгүнө негизделгендей көрүнбөйт, бирок эркин медианы сыйлабагандыкка жатат. “Эркин Европа / Азаттык радиосу өкмөттүн биздин ишмердикке болгон туруктуу чабуулдарына жооп катары мүмкүн болгон бардык мыйзамдык чараларды караштырууну улантат”, - деп айтты Жейми Флай.


31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон.

15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

Финчалгын кызматы “Азаттык Медиа” бул тизмеге “Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында киргизилгенин маалымдаган.

Бирок тиешелүү органдар ал иштин “Азаттык Медиага” кандай байланышы бар экени жөнүндө эч кандай түшүндүрмө бербей келет." Азаттык Медиа" банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жапкан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырышкан.

13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү баштаган 120дан ашуун инсан президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Алар кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөшкөн.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу республикага өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Темиров боюнча чечим мыйзам чегинде чыгарылганын, "Азаттыктын" сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG